(1 .)
Күн чайыттай ачык, жазгы шамалдын жагымдуу жыты бетти аймалайт... Шаар көркүнө көрк кошулуп, башын көтөрүп баш баккан чөптөр, айланага жашыл килем салгандай... Ак Буура баягысындай, канча адамдын тагдырына ортоктош болуп, күркүрөп агып жатат. Университеттин алдында студенттер, бири кирип, бири өз иши менен кээ бирлери топтолуп, жаштыктын демине батпай каткырыктары алыстан угулуп турат. Ошолордун арасында Мамасадык да төртүнчү курстун студенти өзүн алып жүрүшү, тыкан кийими, ар дайым таза, кара костюму, галстук тагып, сылык-сыпаа маданияттуулугу, кара кашы, коюу кирпигинин алдындагы кайнолудай кара көзү, кыздардын жүрөгүнө чок салып тиктеши, мындай жигитти кантип кыздар тиктебесин, окуу жайдын менмин деген кыздары да, тартынбагандары өздөрү келип сүйлөшүп, көз кырып салышып, кылыктанышат. Жигитке Жараткандын ушунчалык аябастан берилген эркектик жигиттик өң, чыныгы жүзүнө , келбетине ишенип, кыялданып, ого бетер кыздардын алдында көрүнгүсү келип, каадаланып калат.Көпчүлүк арасында дайыма, көзгө көрүнүп, өзгөчө бир мырза,Мамасадык гүлдөн гүл тандагандай, кыздан кыз тандап сүйлөшүп, өзүнөн бир курс жогору, жашы да, бир жаш улуу, декан агайдын кызы Айсулууга суктанып, сүйүп кыз жигит болуп сүйлөшүп калышты. Жашы эмне, сүйүү жашка карайбы, мага жагат, мен Айсулууга жагам деген бекем ойдо, айылда чоңойгон, ата-энеси карапайым адамдар, кичине мал жан менен дыйканчылык кылып тиричилик кылышат. Бир жагы өзүнүн карапайым үй бүлөдөн экендигине тартынса, бир жагынан университеттин деканынын күйөө баласы болсо, оюнда келечекте, окуу жайга мугалим болуп ишке орношуп калуусу жөн эле мындай турган кеп эмеспи...
Айсулуу окуу жайда, эң жакшы окуган, алдыңкы студентка,менменсинген кыздардын бири, коомдук иш чараларга, ар түрдүү сынактарга катышып, университетте көзгө көрүнүп калган. Кыйын кызды, кыйын жигит гана багындырып, Мамасадык менен Айсулуунун сүйүү мамилеси жаштар арасында кеп болуп келет. Жашы чоң болсо, эмне? Экөөнү, эки адамдын башы бириксе эле, ушул сөздөр, көрө жатарбыз, балким, жөн эле сүйлөшүп жатышкандыр, олуттуу деле эместир, жашчылыкта кимдер гана сүйлөшпөгөн,ар түрдүү божомолдоо кептер...
Мамасадык сабакты да жакшы окуйт, мугалимдер менен, тентуштары, тааныштары баарына жакшы мамиле кылгандыктан, өзүнчө эле бир, авторитет... Жолуккан адамга, бир эле учурашуусунда, жакшы таасирин калтыра турган, сапаты бар. Сабактан чыгып, Айсулуу менен жолукпаса, көз көрүп, көңүл тоюп, каалашынча карек кадап, моокумун кандырып, тиктеп албаса, ошол күнү, күнгө окшобойт эле.
Экөө дайыма, паркка барып жолугушат. Айсулуу да, Мамасадыкты бир көрбөсө тура албай, дегдеп калат. Жигиттин куюнган атыры, келишкен кийими, кен далысы, узун боюн элестетип, сагынып кетет.
Күндө келчү орундукка отуруп, аркы теркини сүйлөшүп отуруп, Мамасадык :
---Айсулуу, билесиңби... Мен сенсиз, жашоону элестете албайм, азыр бирге болуп, кайра коштошуп, жөнөөрүмдө эле, сагынып кетем, кел кыйналбай баш кошолу... Минтип жүрүшүбүз, экөөбүзгө тең кыйын. Же сен мени, сагынбайсыңбы, ээ?
—Мени сагынбайт, сүйө албайт дейсиңби? Сага турмушка чыгышыма, үйдөгүлөр эмне дейт экен, аларга айтып көрөйүн....
–––Биз бактылуу болобуз! Айсулуу, сен менин гана бактымсың!
-----Бир нерсе, айтып коёюн, айылына барып, жашабайм, мен шаарда чоңойгонмун, айылдын турмушуна көнө албаймын.
—Айсулуу, мен үйдө калчуу кичине баламын, мейли, азыр болбосо да, кийинираак айылда жашайбыз... Айылдын жашоосуна көнөсүң акыры, мени чын сүйсөң, азырынча шаарда жашайбыз, мейли..
- - - Болду эми, мен кеттим, көп отурдук. Бүгүнкүгө жетээр, жакшы жүр, көрүшкөнчө.
Айсулуу ордунан турду, Мамасадык карегин албай кыздан кадалып тиктеп, жал- жалын кетиргиси жок, кыйылып турду. Качан өзүмдүк болоор экенсиң, дайыма жанымда, турмуштун туткасын бир кармап, бир жашоону өткөрөөр күн тезирээк келсе экен. Жан дүйнөсүндө ушуларды ойлоду.
Жолугушуусу Ак Бууранын боюндагы сейил багы, сабактан кийин, кээ күнү Айсулуу келбей калат,кээде күтүп - күтүп жол карап кетет. Ошентсе да, кыз үчүн баарына даяр.
Колдорунда кол телефон жок мезгил, кээ бир адамдардын үйүндө гана болбосо, көпчүлүк үйлөрдө жок, мамлекеттик мекеме - ишкана- ларда гана бар.
Айсулуу үйгө келип, апасына :
------Апа, мен турмушка чыгайын деп жатам. Апасы токто, Анар эже кызын бир тиктеп алып, башындагы жоолугун оңдоп салынып, абдан тигилип, мээрим менен карап, кызынын олуттуу маселе айтып жатканына, таң калып:
–––Иии, жакшы, ал ким экен? Сенин колуңду сураган? Ата-теги, кайсы жерден, кандай тарбия да, чөйрөдө чоңойгон?
–––Аты, Мамасадык, менден бир жаш кичүү, университетте окуйт, азырынча студент. Ошо...
---Дагы,ал жөнүндө, эмнени билесиң?Ата-теги, кандай адамдар, жашоосу ал-абалы?
-----Апа, билгеним, ал мени жакшы көрөт, мен аны жакшы көрөм.
-----Турмуш, сен ойлогондой оңой эмес, турмуш татаал, толук ал жөнүндө билбей туруп, кантип турмушка чыгасың? Эртеге көз жашыңды көл кылып, келбегин, дагы өзүңдөн кичине, андан башка адам жок бекен? Анар эже, Айсулуунун айтканына энелик жүрөгү макул болбой, негедир жан дүйнөсү кабыл албай турду. Ойлон, шашылба, атаң келсин айтайын акырын, эгерде атаң каршы болсо, эч кандай кепти экинчи козгобогун!
----Апа, ал айылда чоңойгон, ата-энеси айылда турат, мен айттым айылга мен көнө албаймын, шаарда жашайбыз деп, ал мен үчүн баарына даяр.
———Сен али, эч нерсени билбейсиң, жашоонун өйдө - ылдыйын түшүнбөйсүң!
---Билем, апа, калганын турмуш өзү үйрөтүп, бышырат. Сиздин алдыңызга, көз жашымды төгүп келбесем, болдубу?
___Бактыңды тилейм, бактылуу бол, эки дүйнө!
Эшик ачылып, атасы Латип кирип келди. Аялы Анар эже, ордунан туруп колундагы, дипломат сумкасын алып, чечкен плащын илгичке илип, конок күткөндөй күтүп алды. Күндө ушинтип, тосуп алат.
___Келдинизби, чарчабай, ата? Айсулуу атасына бир карап, жылмайып алды.
----Келдим, кызым, өзүң кандай баары ойдогудайбы?
---Ооба, жакшы. Мен сабак карайын. Айсулуу өз бөлмөсүнө кирип кетти.
Чай үстүндө, Анар эже сөз баштады:
—Жаңылык, бар.
—Коош, кандай жаңылык. Жакшы болсо айт, угайын.
-—–Айсулуу да, чоңоюп калды, акыркы курс, быйыл бүтөт. Сүйлөшүп жүргөн жигити бар экен, бирок, өзүнөн бир жаш кичүү, Мамасадык дейт, экөөнүн мамилеси олуттуу окшойт . Айылдык жигит, айылда чоңойгон бала болсо, кантип турмушка чыгасың деп айтсам, көнбөдү...
----Жакшы кабар, кыз сактаганча, туз сакта деген, кеп бар. Айылдык болсо, эмне экен? Мен да айылда чоңойгонмун, айылда өскөнмүн. Эмнеси жаман, негизгиси, кызым бактылуу болсо болду, кеп ушунда... Тарбиясы, ыйманы болсо, турмушу жакшы , эгер өзү ушул жолду, тандаса мейли, мен ал студент болсо, оңой эле маалымат алам, өзүн чакырып, сүйлөшүп да көрөм.
Кечки чай үстүндө ушу сөздөр айтылып, көпкө отурушту.
Автор :ТЕМИРОВА. Н. К.
Уландысы бар.
Урматтуу, окурмандарым, Аллахым ар бириңиздерге узун өмүр, ден соолук, ооруу-сыркоодон сактасын! Баарыныздарга, жакшылык каалайм, сиздерге жаңы чыгарма
тартуулайм.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1