Жумушума байланыштуу үйгө дайым кеч келчүмүн. Келинчегим да кеч кайтат. Үйгө келгенде эле тынч отуруп калмай жок. Балдарды карамай,тамак жасамай,кир жуумай,үй жыйнамай..кыскасы үйдүн түйшүгү…
Бир күнү адаттагыдай эле убакта үйгө келсем келинчегим менден 15 мүнөттөй эрте келип кир жууп атыптыр. Кирпигинен тартса жыгылчудай. Байкушум…
Жүзүнө үңүлө карадым да:
— качанга чейин ушинтип кыйналасың? Ишиңди жыйыштыр же болбосо токол алам -дедим.
Мен таң кала карап:
— ал каякта жашайт алсаңыз? Үйүбүз тар эмеспи?-дейт.
-батышабыз…
Эртеси чалдым да :
— бүгүн үйгө эртереек бар,сага күндөш алпарам үйгө барып даярданып тур-деп үндөшмөмдү өчүрүп койдум.
Кайра кайра чалып атат. Трубканы көтөрбөйм. 33 кабыл алынбаган чалуу болду окшойт. Кыскасы күн өттү. Күндүз токолду бүгүн кечинде үйгө барабыз,күндөшүңдүн айтканынан чыкпайсың,кызматын кыласың деп сүйлөшүп койгон элем. Атасына 22 000 сом калыңын да төлөдүм. Кечинде таксиге отургузуп үйгө алпардым. Басалбайм,кантип киребиз үйүңүзгө дегенинен таксист экөөбүз ынабаганына карабай төртүнчү кабатка көтөрүп чыктык тердеп-тепчип. Эшикти такылдатсам ача койбоду. Көпкө такылдаттым. Ачпайт. Тепкиледим..акыры ачты. Келинчегимдин көздөрү шишиген,ыйлаган окшойт го чамамда. Күндөшүң келди тосуп ал десем дулдуңдап аркы бөлмөгө кирип кетти.. Таксист экөөбүз токолду эптеп алып кирдик да жуунуучу бөлмөгө жайгаштырдык. Жибинен кармап токко сайып,куйругун канализацияга улап таксистти жөнөтүп ийдим да:
— Кемпии-ир,кел эми,күндөшүң кызматыңа даяр-деп келинчегимди жетелеп келип автомат кир жуучу машинаны көрсөттүм.
— Жинди,жиндии,жиндиии-деп бир күлүп,бир ыйлап кучактап калды…))
Ошондон бери үйдө токол кызмат кылат
🖊 Ибрагим Балтабаев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2