Бирок ошону менен эле бүгүнкү күндүн артында эртеңки келечек бар.
Анда неге адамдар өзгөрмө мүнөздөргө ээ?
Эмне үчүн кечээ күлүп жүрүп, бүгүн жүз үйүрүп калабыз???
Санаалаш болуп, тамаша куруп жүргөн адамга, бир эле минус жагын айтып коюу неужели сен менен болгон алакага чекит койсо...??
Акылдуумун, даже аттуу - баштуумун анан да керек болсо ар намыстуу жигитмин деген инсандарга айрыкча ушундай мүнөз жарашабы?? .....
Жашоо - айлампа ал албетте күн бүтүп, ырыскы түгөнгүчө өз өкүмүн сүрө берээри анык. Эски тааныш, ....жаралып жаңы тааныш айтор жалгыз калуу мүмкүн эмес, ошентсе да эзелки санаалаш бойдон калуу күчтүүлөрдүн гана колунан келчүү иш деп билдим.
Адамдар эң негизгиси СҮЙӨ билүүгө тийиш экенбиз....
Ал кандай сүйүү? Ал элге, жерге, жандууга, жансызга дегеле айланага сүйүү менен кароо гана адамды жумшак жана кечиримдүү кыла алаары чындык!
Күндө жок дегенде төрт адамга жылуу сүйлөп, комплимент айтып коюууга эмнеге болбосун.
Анткени жагымдуу маанай тартуулап, көңүл алуу кандай бакыт!
Деги эле көңүл калтыруулардан жараткан сактаса экен!
Асманга учсак да адам бойдон калалычы!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев