Ич катуу - узакка заңдабай калуу, өз убагы менен ичеги арылбай, кыйналып заңдоодон, ич катуу көптөгөн оорулардан, айлана-чөйрөнүн зыяндуу таасиринен, начар тамактануудан келип чыгат. Дени соо адамдардын заңдоосу алардын тамактанышына, жашоо шартына жана көнүмүш адатына жараша ар кыл болот. Көпчүлүк адамдар суткасына бир жолу заңдашат. Ич катуу көбүнчө аялдарда, улгайган адамдарда кездешет.
Ал ичегинин ишин нервдик жөнгө салуу начарлоодон, туура эмес тамактануудан, борбордук нерв системасынын кээ бир ооруларында, кыймылсыздыктан, ичегинин сезгенишинен, жоон ичегинин тубаса начар өөрчүшүнөн (аномалиясынан), механикалык, эндокриндик (калкан сымал, бөйрөк үстүндөгү, жыныс бездеринин) жана психикалык, ошондой эле денедеги туз жана суу алмашуунун бузулушунан жана башка болот. Ич катуунун пайда болушуна шарттуу жана шартсыз рефлекстердин, ички бездердин начарлашынын жана башка факторлордун да мааниси чоң. Ал өз алдынча оору же башка оорунун белгиси болушу мүмкүн. Анын катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Тамактануунун бузулушунан ич катуу көп кезигет.
Алоэ вера гель
Актив пробиотик сурап билуу учун томонку номерге кайрылыныздар ватсап жана тел +7905 766 35 25
# алоэ вера форевер # Чынара# варикоз #Чынара #
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев