Эки дос көл жээгинде баратып, тартыша кетип бири экинчисинин жаагына бир муштады. Ыза болгон досу жээктеги кумга: "Мен бүгүн эң жакын досуман муш жедим", деп жазды. Бир канча убакыт өтүп экөө кайра көлгө келишти. Көлдө сүзүп баратып муш жеген жигит кырсыктап чөгүп кетишине аз калды. Досу аны сактап калды. Бул жолу ал ташка: "Бүгүн эң жакын досум менин өмүрүмү сактап калды", деп жазды. Анда досу сурады:
- Менден муш жегенде кумга жаздың эле, эми өмүрүмү сактап калды деп ташка жаздың. Эмнеге?
- Эгерде кимдир бизди капа кылса, көңүлүбүздү оорутса, аны кумга жазышыбыз керек. Себеби ошол капачылыкты кум менен кошуп шамал же толкун жууп кетсин. Ал эми, кандайдыр жакшылык көрсөтсө, аны ташка жазып калтырсак, эч кандай толкун да, шамал да учуруп, өчүрө албайт!- деп жооп берди.
Жамандыкты шамал учургандай унутуп, жакшылыкты ташка тамга баскандай унутпаганга үйрөнөлү.
#жакшылыккылалы #жакшыадамдаркөбөйсүн
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев