Асма бинт Харижи кызын турмушка узатып жатканда ага мындай деп осуят кылган:
– Кызым, сен туулуп өскөн уяңды таштап, сен билбеген үйгө, сен көнбөгөн бейтааныш адамга өмүрлүк жар болуп баратасың. Ушул нерселер дайым эсиңде болсун!
▷ Сен ага жер болсоң, ал сага асман болот.
▷ Сен ага үй болсоң, ал сага түркүк болот.
▷ Сен ага күң болсоң, ал сенин туткунуң болот.
▷ Аны жадатсаң, ал сени жаман көрүп калат.
▷ Андан алыстасаң, ал сени унутуп калат.
▷ Эгерде ал сага жакындаса, сен да ага жакындагын.
▷ Эгерде ал жалгыз болууну каалап турса, анда аны тынч койгун.
▷ Анын сезимдерине көңүл бур! Ал сенден дайым жыпар жытыңды сезип, жакшы сөздөрүңдү угуп жана сулуулугуңду гана көрүп турсун.
📖 "Табаиъ ан-Ниса", 45
ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2