Бирөө менин сыздатты кан-жанымды,
Бирөө өкүнтүп, тиштетти бармагымды...
Бирөөлөргө кучагым жайып жүрсөм,
Билгизбестен далыма канжар урду...
Бирөөлөргө тээ кечээ сылыктанган,
Бир кейисе жан ачып, күйүп жангам...
Тайыганда күтүүсүз кокус өзүм,
Таштай качып жөнөштү бийик жардан...
Турган кезде ал жардын кырында миң,
Туюп бүттүм өзгөрмө сырын баарын...
Калдалактап бир далай турдум, бирок,
Көз алдында алардын жыгылбадым...
Өзүмдү-өзүм акырын таяп мыкты,
Өзөгүмдөн айыкты жараат түпкү...
Кадамдарым жер чапчыр туяк болуп,
Канжар тийген далыма канат бүттү...
Максат Жангазиев
КЫРГЫЗ ЖАТАТ
Бат чыйрыгып, аз үшүккө тоңгонго,
Бара жатсак унаа менен борборго.
Кыш ызгаары омурткасын сыздатып,
Кыргыз жатат… кыргыз өткөн чоң жолдо…
Өз башына келбечүдөй ушактап,
Өтөт аны жектеп, далай бут аттап.
Кыңк эткенге алы келбей кыймылсыз,
Кыргыз жатат… бөтөлкөнү кучактап…
Көз алдымдан кетпейт анын элеси…
Балким эчак муздагандыр денеси…
Балким ал да атакеси бөбөктүн,
Балким үйдө күтүп жатат энеси…
Мейли ким бол… бөтөн болсун улутуң,
Мерезденип, болбос карап турушуң.
Абал билбей, тебелесең адамды,
Адам болуп жашаганың курусун…
Кайгың мейли кайсы күнгө жеткирсин,
Кадырыңды сен деп соккон «эт» билсин.
Төөдөй алтын тапканың да бир тыйын,
Төмөн пейил жаман тура эх чиркин…
Максат Жангазиев 2014
Максат Жангазиев 1992 -жылы Жалал -Абад облусунун Токтогул районунда туулган. "Жүрөк үнү " аттуу поэтикалык китептин автору.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев