Предыдущая публикация
Сезимим муздап барат күндөн-күнгө
Из суутуп, колго түшпөс кылмышкердей
Ишенбейм куру-бекер күлгөнүңө!
Жалганга ачсаң дагы жолду кенен,
Жатсам да кулак угуп - болдум керең.
Сук артпай, сулуу көздүн баардыгына,
Суранам, жүрсөң боло ордуң менен!
Ак сүйүүң арнай берип ар-кылына,
Айланып жиксиз күндөр тагдырыңа.
Кечигип, чын бактыңды таппай жүрүп,
Керексиз болуп калба баардыгына!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев