Булардын жарымынан көбү аялдар. Оору күчөп кетсе, адамды узакка эмгек жөндөмдүүлүгүнөн айрыйт.
Оору эмнеден келип чыгат?
Төмөндөн жогоруну көздөй жүрөккө кан ташуучу венадагы клапандар кулпунун ролун аткарат. Кан клапандар аркылуу өткөн соң клапандар кулпу сымал жабылып, канды чыгарбай алып калат. Качан бул система бузулганда кан ылдыйга эркин агып, дененин кайсы бир бөлүгүндө, көбүнчө бутта көпкө туруп калат. Ушундан улам вена серпилгичтигин жоготуп, чоюлуп, кеңейип кетет. Кеңейген жерлерде түйүндөр пайда болуп, ал жер териден бадырайып көрүнүп калат.
Дененин кайсы жеринде учурайт?
Вена дене бөлүктөрүнүн бардыгында кездешкендиктен, варикоз оорусу да дененин ар жерлеринде кездешет. Мисалы, бетте, кызыл өңгөчтө, жамбашта, түз ичегинин оозунда (геморрой), бутта, ички органдарда, ал тургай жыныстык органдарда да кездешет. Жыныстык органда кездешкен түрүнө эркектердин варикоцеле оорусун (жумуртка баштыкчасындагы вена тамырынын кеңейиши) мисал кылсак болот. Антсе да буттун варикозу менен көпчүлүк адамдар оорурун айта кетели. Эмесе, сөз буттун варикоз оорусу тууралуу болмокчу.
Бут варикозунун белгилери
Бут талып, салмактанат, карышат.
Жумуш кылган соң бут сөзсүз ооруп чыгат.
Кечкисин тизенин жана кызыл ашыктын тегереги шишийт.
Буттун сезимталдыгы төмөндөп, сайгылашат жана ачышат.
Бутта, көбүнчө тизеде узакка айыкпоочу жаралар пайда болот.
Буттун терисинин өңү өзгөрөт.
Буттун кан тамырлары лукулдатып оорутуп, түнкүсүн тарамыштар тартышып, карышат.
Кан тамырларда торду элестеткен түйүндөр пайда болот.
Оорунун себептери
Дамамат туруп же отуруп иштөө.
Аз кыймылдуулук же физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү.
Семирүү, оор жумуштарда иштөө.
Тукум куучулук.
Тубаса варикоз оорусу менен төрөлүү.
Аллергиялык оорулар.
Жыныстык гормондордогу өзгөрүүлөр. Буга көбүнчө аялдар кез келишет. Мисалы, этек кирлери келерде көпчүлүгү буттарынын оорутканын сезишет. Мындан тышкары, аял кош бойлуу кезинде салмак кошулат да, вена кан тамырларына күч келет. Адатта төрөттөн соң калыбына келет. Бирок кайсы бир себептерден улам кээ бир аялдарда калыбына келбей, биротоло калып калышы күтүлөт. Варикоздо гормондордун өзгөрүшүнүн айынан аялдар төрөттөн эрте калып да калышат.
Алдын алуу
Алоэ гулунон жасалган уникалдуу продукцияларды сунуштайм ! Сурап билуу учун томонку номерге кайрылсаныздар болот +7985 937 83 32 ватсап
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев