ФОРЕВЕР ЛИВИНГ ПРОДАКТС!!!
Адистердин айтымында, ашказан оорулары өтө кеңири таралган дарттардын бири. Анын негизги түрүнө өнөкөт гастрит, ашказан жана он эки эли ичегинин жарасы, рак оорусу кирет. Бул ооруларды чогуу жалпылап кароо талапка ылайык. Анткени анын бардыгы өнөкөт гастриттен келип чыгат. Эл арасында муну көп этибар алышпай, «Элдин баары эле гастрит менен ооруйт, анын эмнеси бар, дарыланып деле кереги жок» деген пикирлер айтылат. Адистин көз карашында бул, албетте, туура эмес. Себеби өнөкөт гастрит убагында аныкталып, дарыланбаса, жарага, андан ары ракка айланат.
ГАСТРИТ ӨБҮШҮҮДӨН ДА ЖУГАТ
Адамдын организми үчүн ашказан өтө маанилүү. Ашказандын ичиндеги ыйлаакча чел кабыктары 1-2 литрге чейин шире бөлүп чыгарып, анын жардамы менен жеген тамагыбызды аш кылабыз. Эгерде адам ашказан оорусу менен жабыркаса, шире азайып отуруп тамакты иштете албай калат. Аны өз убагында дарылабаса, оору өтүшүп кетет. Негизинен, ашказан ооруларынын пайда болушунун 20 пайызы нерв системине байланыштуу.
Стресстик абалга көп кабылганда, туура эмес тамактанып, тамакты өтө ысык же муздак ичкенден, режимди бузуп убагында тамактанбай бирде ачка, бирде ашыкча жегенден, алкоголдук күчтүү ичимдиктерди ичип, тамекини көп тарткандан улам пайда болот. Муну менен катар дарыдан, ички органдардын начар иштешинен пайда болгондору да бар.
Мисалы, муун оорулары менен жабыркаган адамдар дары ичип турбаса, муундары шишип баса албай калышат. Аларга дарыны өмүр бою ичкенге туура келет. Мына ошонун кесепетинен дары гастрити менен жабыркашат. Кээде химиялык заттарды байкабастан ичип алгандан химиялык гастрит келип чыгат. Өтү начар иштеген адамдар болсо рефлюкс-гастрит менен жабыркашат. Ал эми аутоиммундук гастрит боор оорусунан улам пайда болот.
Жакында австралиялык окумуштуулар Робин Уоррен менен Барри Маршалл ашказан ооруларынын дагы бир себебин, тагыраак айтканда, аларды козгой турган геликобактер бактериясын табышкан. Ал тургай алар бул эмгеги үчүн «Нобель» сыйлыгына татышкан. Геликобактер бактериясы ашказандын ичиндеги былжырлуу челде жашап заң, шилекей аркылуу сыртка чыгып, колдонгон идиштер, өбүшүү аркылуу адамдан адамга жугат. Тагыраак айтканда, дени соо адамдын ашказанына түшүп аны сезгентет да, гастрит оорусун пайда кылат. Гастриттин 70-80 пайызы дал ушул геликобактер микробун жуктуруп алгандан келип чыгат.
ГАСТРИТТИН АЛГАЧКЫ БЕЛГИЛЕРИ
Тамак ичкенден кийин ашказан дүмпүйүп, тамак көпкө сиңбей калат;
Зарна болуп, кусуп, жүрөгү айланат;
Тамак ичкенден кийин сиңире албай сасык кекирет, ичи өтөт, арыктайт;
Табит начарлайт;
Адам бат чарчап, жумушка болгон аракети азаят.
ЗАТ АЛМАШУУНУ БУЗАТ
Гастрит пайда болгондон кийин ашказандын функциялары бузулуп, башка ич органдарына таасирин тийгизет. Мисалы, боорго, өткө, ичегилерге, ошондой эле зат алмашуу процессинин бузулушуна алып келет. Андыктан анын алдын алып, туура тамактануу, витаминдүү тамактар менен азыктануу, алкоголдук ичимдиктерди чектөө, ооз көңдөйүн дайыма таза алып жүрүү зарыл.
ТУУРА ТАМАКТАНУУ ЗАРЫЛ
Күчтүү, майлуу, ачуу, маринаддалган, куурулган, ышталган азыктардан алыс болуу керек.
Гамбургер, шаурма, чипсы жана башка көчөдө тез даярдалуучу тамак-аштардан, газдалган суусундуктардан, кофеден, коюу демделген чайдан баш тартуу керек.
Кайнатма шорпо, буламык, кычкыл эмес сүт азыктары, бууга, сууга бышкан эт, балык, жашылчалар гана сунушталат.
Бат-баттан, күнүнө 6-8 жолу, аз-аздан тамактануу зарыл.
Тамакты майда чайнап жутуу керек. Мындай учурда ашказан кыйналбайт жана тамак бат сиңет.
Форевер ливинг продактс компания, Алоэ вера согун чыгарат.Ал алоэнин согу Ашказан ичээгилерге ото Чон пайдалуу, язва,гастритти жок кылат.Алоэ веранын составында 200дон ашык полезный компонент,витаминдер жана минералдар бар.Организмге керекту заттарды камсыздандырат.
Сурап билуу учун ватсап +7985 937 83 32 номерине жазсаныздар болот
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев