Омуртканын сөөгү менен кемирчегинин ортосунда жүргөн патологиялык процессти биз остеохондроз деп айтып коёбуз. Омуртка сөөгү менен кемирчегинин ортосундагы пайда болгон патологиялык процесстин өзү грыжа деп аталат.
Грыжа эмнеден пайда болорун жөнөкөй тил менен түшүндүрө турган болсок, ар бир омуртканын ортосунда диск болот.
Ал диск 3 функцияны аткарат.
1. Амортизация, анын жардамы менен адамдар чуркап, секире жана олтура алса,
2. Функция адамды эңкейтип, чалкалатып жана капталдатып кыймылдатат.
3. Функция омуртканы бири-биринен ажыратпай же жармаштырбай бир калыпта кармап туруучу кызматты аткарат.
Мына ошол дисктердин ичинде ар биринин өзүнчө басымы бар. Эки омуртканын ортосундагы дисктеги басым омуртканын кыры менен бирдей болуш керек. Ошондо гана ал нормалдуу болот. Эгер омуртканын кыры менен бирдей болбой бир тарапка чыгып кетсе, анда анын эки себеби бар.
1. Биздин вертикалдуу басканыбыз,
2. Зат алмашуунун бузулушу.
Негизи, эки омуртканын ортосундагы диск 80 пайыз суу жана 10 пайыз белоктон турат. Мына ушул дисктин химиялык зат алмашуусу бузулганда суу азая баштайт. Суу азая баштаганда диск жарылып, ал жарылганда жүлүндү тебет. Натыйжада, диск менен жүлүндүн ортосунда келишпестиктер күч алат.
Келишпестик ортосунан, оң жана сол тарабынан башталат. Эгер ортосунан тепсе, анда борбордук грыжа деп коёт. Бул учурда эки буту тең алмак-салмак, же бир эле учурда эки буту тең оорушу мүмкүн. Ал эми оң жагынан жүлүндү кысса, анда таасирин оң бутка берет да, оң буту жана бели ооруйт. Ушул эле көрүнүш сол жагынан болсо, анда оорунун таасири сол бутуна жана белине берет.
Грыжа оорусунун белгилери
Грыжа моюн омурткадан кармаган учурда адамдын колдору чымырап, талып уюп, көтөрүлбөй, баш оорусу күчөйт. Эгер грыжа көкүрөк омурткадан кармаган болсо, анда адамдын жүрөгү кысылат. Ал эми грыжа бел омурткасынан кармаган учурда кысылган нервден улам бутка кан аз кетип, натыйжада бут арыктап, сөөктөр кичирейип, буттун баш бармагы жансыз боло баштайт. Бул учурда бел, жамбаш жана бут сөөктөр ооруйт.
Заказ на ватсап +7985 937 83 32
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев