10 -болук.
Жашоо кимге керек эмес,ооба баарына керек. Керим бир куну жанын коерго жер таппай жашоого ушунча таарынып,баардык жактан кысымга алынып бушайман болуп,кандай жол табарын билбей калды. Башы жарылып кетчуудой чыналып ооруп чыкты аргам барбы,же тунгуюкка камалдымбы,эгер ушундай болсо анда ичеер суум бутуп калгандыр деп ойлоп даарат алып келме келтирип жатты. Уйкусу качып билип билбей кетирген куноолорум болсо кечире кор,оо жараткан Аллахым деп жатып жашоосунан кетирген кемчилик куноолорум коппу же сооп иштеримби аны бир озун таразалап,мени тозоко же бейишке алып барчу да сенсин деп ийманын келтирип жатып уктап кетти.
Козун ачып терезени караса кун эбак которулуп турбайсынбы дегенсип бетине нурун чачып жаткансыйт. Аллахым жашай турган кунум бар экенго сага мин мертебе шугур келтирем деп ордунан турду. Коптон бери тынч уктабагандыкыбы же санаасы тынч албагандыкыбы,тундо озун кудайга табыштап ой санаадан арылып жаткангабы башы сергип озун женил сезип калыптыр. Туруп жуунуп чай ичип отуруп жалгыздык деген жаман экен оо кудайым меникиндей кунду башка пендене бере корбо деп бата кылып,эми жумуш издейин деп кийинип алып жоноду.
Керим жолдо келе жатып кундун чайыттай ачык болуп тийип турганын элдер женил кийим кийинип жургонун коруп бугун кайсы кун болуп калды экен деп телефонун алып карады. Апамдын туулган куну тура деп суйунуп белеке бирдик салып берейин да куттуктап ал ахывалын сурайын,конулу жайдары экенин телефондон унунон байкап жайдарылана тушту.
Керим апасын коп ойлойт бизди багам,ар бирибиздин ар башка кылык жоругубузга апам байкуш гана чыдайт,дени сак оорубай журсо экен. Апасына каалоо тилек айтып туулган куну менен куттуктап конулу жайдарылана тушуп,телефонун очуруп кайра эле ойлонуп кетти.Эх менин тагдырым ушундай тайкы болуп калабы,мен учун канча жашын агызды экен ошол ар бир тамчы коз жашын,эне сутун кантип актаар экенмин. Ушунтип жолу жок,тапкан акчасы да берекесиз же уй булоодон да жок сел саяктан айырмасы жок болуп каламбы деп кайра конулу тушуп келе жатты.
Керимдин аялына деген сезими барбы же такыр очуп калганбы айтоор аялына телефон чалып балдарынын ал ахывалын билейин десем эле,унун укканда эле кыжыры келе берерин озу да байкаган.
Мейли аман болчу кантседа балдарымдын апасысында деп кээде боору да ооруп кетет.
Негизи экоонун урушуна Керим кайненесин туура эмес эле кылды,кызын башынан эле ичке баткан балам сыртка батат деп эркелетип бас кеттик деп алып кетип калган учурларын эстеп жаман коруп кетчуу. Тагдырыма наалат ушинтип жашаганча олгонум артык деп намыстанып олгусу келчуу. Бирок жан деген таттуу да озуно озу эчен эчен кол салып оло албайт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев