Жаздын акыркы күндөрү кеч кирейин деп калган убакыт,Нуртилек жумуш издеп пансионаттарды кыдырып жүрүп эси ооп, чарчап айылына жол тосуп турган. Демейде жөн эле жолдо бирөөнү тосуп же күтүп турсан унаалар өзү токтоп кетесинби деп калат,эми карасан бирөө да токтобой өтүп жатканын,ачка болуп үйго эрте жетиш керек болуп турганда.
Күн батып күүгүм тарта баштаган ары жактан бир кыз ары бери басып ар ким менен сүйлошүп жардам сурагансып жүргөнүн байкаган,көп деле маани берген эмес. Бир маалда жанына байке деп келип калганын байкабай,өзүнүн санаасы менен турган Нуртилек салам дегенге аран жарады.
Байке сиз кайсы жерге барасыз,мага жардам керек болуп жатат деп ыйламсырады.Жакшы назар салып караса бейтааныш кыз чырайлуу, сүйлөгөн сөздөрү орунду экен.
Менден эмне жардам керек,айтыныз деди Нуртилек. Мен бул жакка курбу кыздарым менен келгем,алардан адашып калып сумкамды да уурдатып жибердим, эми эмне кылышты билбей турам деп коркуп жатканын билгизди. Бүгүн келип аларда жумушка орношкону келишкендерин айтып турду.
Нуртилектин боору ооруп кетти да,эмне кылсам,кандай жардам берем дегиче бир машина келип токтоп сигнал берип калды. Нуртилек барып караса досу, эй сени коруп таанып токтодум кеттик деди. Кое тур азыр деп Нуртилек бейтааныш кызга келип карындаш эгер жаман көрбөсөңүз меникине барасызбы бул жерде калсаныз билбейм эмне болорунузду, эртен ойлонуштурарбыз деген сунушуна кыз кыйылып жатып макул болду.
Жолдо кележатышып Нуртилектин досу Канат үйгө түз эле сигнал берип барып аяш атамдарга келин келди деп барайынбы деп тамашалады.
Нуртилек койчу тамашанды коркуп унаадан секирип кетпесин деди эле,бейтааныш кыз кыйноо жарашса калып деле калам деп тамашалап күлүп койду.
Үчөө тамаша күлкү менен кележатышып,ии баса карындаш таанышпай калыптырбыз атым Нуртилек, досум Канат а сиздики деп сылык сурап калды.Айназик деп уялынкы жооп берди кыз.
Нуртилек чарчаганын,курсагынын ачканын да унутуп, Айназиктин жүзүнө суктанып арбалып кележатты.Айылга кантип жеткенин да билбей ойдун күлүгүнө берилип калган эле, досу үйүнүн дарбазасына токтогондо ойдон бөлүнүп, силер отуруп тургула мен апамдарга түшүндүрүп айтып чыгайын деп Нуртилек түшүп үйүн көздөй басты.
Үйүндө атасы, апасы иниси менен карындашы болуп тамака даярданып калышкан экен, апа деди Нуртилек. Апасы атасы экөө жалдырап эмне болду тынчылыкпы деп Нуртилектин оозун тиктеп туруп калышты.
Нуртилек баарын орду -орду менен тушундуруп бүтөөр замат апасы, айланайын балам жолоочунун жолдогусу алып кир кудай конок болсун деп шаштысы кете жооп берди.
Нуртилек ата энесинин ушундай түшүнүктүү мамилелеринен улам аларды абдан сыйлап жакшы көрөр эле.
Сыртка чуркап чыгып Айназикти машинадан өзү колун сунуп тушуруп, жүрү үйгө досум деп Канатты кошо киргизди. Үйго киришкенде апасы келегой каралдым төргө өтө кой деп сыпайы сүйлөп жакшы тосуп алды. Дасторкон үстүндө отуруп таанышып Айназиктин Нарындан келгенин,шаарда окууганын, каникулда курбу кыздары менен эс алып келип ушундай абалда калганын угушуп, Нуртилектин ата энеси кейип калышты.
Сөздү Нуртилектин атасы мындай деп баштады, кызым сумкаң, документин табылганча биздикинде бол, балам көлгө алып барып эс алдырып турат. Ата энеңе кабар берип алардын тынчын албайлык бир эки күндө буюрса курбуларынды да документеринди да таап бергенге аракет кылалы деди.
Нуртилектин атасы Чолпон Атада кызматкер болуп иштечү, апасы бир пансионатта бухгалтер эле.
Айназике төркү конок үйгө төшөк салып берип, Нуртилектин апасы ушул бөлмө кеткиче сеники деп жылмайып Айназиктин жүзүнөн сүйүп жатып эс алагой деп чыгып кетти.
Кухняга келип атасы деди, жаркылдаган жакшы кыз экен келин кылып алып калсакбы, ай балам сен эмне дейсин деп Нуртилеке карап калышты.
Нуртилек ушуну күтүп турган эле,бирок уялгансып Айназиктен бир сурап көрөйүн,анын макулдугу жок болбойт ко деп ойлонуп ,байкаштыралы деген жооп айтты. Ата энеси баласынын көнүлү бар экенин билип өздөрүнчө даярданууну чечишти.
Нуртилек тентуштарынын арасында токтоо, бир мүнөз, салмактуу сүйлөп көп маанилүү иштерди бүтүрүп коер эле. Кээде уюштургуч да болуп кетчүү, кызматкердин баласымын деп боюнда көтөрчүү да эмес.
Бир жолу бир классташ баласы жалгыз чөп чаап жетишпей жатканын көрүп, бат эле балдарды чогултуп барып эки кун жардам беришкен. Ошондо ал классташ баласы ата энеси менен кошо абдан ыраазы болушуп козу союп коноктоп тентуштук компанияга кошушкан.
Нуртилек ата энесине өзүм таанышы жок жумуш карайын деп чыккан күнү, көлдүн ак куусундай Айназикке кезигип калганына кара. Төшөктө жатып ары бери түйшөлүп жумуш таппай эле сүйүү таптымбы деген ойго чөмүлүп махабаттын деңизинде сүзүп бараткансып кыялданып жатып уктап кетти.
Эртен менен туруп уй саайын деп баратып, Айназиктин уй саап чыгып кележатканын көрүп жүрөгү башкача боло түштү. Анткени Айназик, Нуртилектин апасынын халатын кийип,жоолук салынып алганын көрүп суктанып карап алып. Ай чоң кыз жоолук укмуш жарашат экен деп тийишип күлүп койду. Айназик күлүп унчукпай уялынкы карап өтүп кетти.
Нуртилек малдарын тейлеп короо жайын ирээттеп жүргөн Айназик чайга чакырганда жуунуп үйгө кирди. Атасы,апасы жумушка кетишкен иниси уктап жаткан,карындашы Айназике кол кабыш кылып жардам берип жүргөн экен, чогу отуруп тамактанып калышты.
Бир маалда карындашы эже менин сиздей жеңем болсо жанынан чыкпайт элем, сырдашып, чогу тамак жасап жардам бермекмин деген сөзүнө Нуртилек эжен калбайтко жеңе болуп, биз жакпайбыз го карындашым деди.
Коюнуз антип айтпаныз кантип жактырбайын силерди деп алды шашып Айназик.
Нуртилек тамактанып бүтүп мен жумуштарымды бүтүрө коеюн анан көлгө барып келелиби деп Айназикти карады. Макул дегенсип Айназик Нуртилекти уялынкы карап койду.
Көлгө тушуп эс алып кумга отурушуп Нуртилек Айназикке карап жактыбы бул жак деп суроо узатты.
Айназик ушул жакта жашасам кандай бактылуу болоор элем деп тамаша чынга аралаштырып кулуп койду.
Нуртилек Айназик бир келген бактысы ошону кармап калбаса өкүнөөрүн билип кандай амал кылаарын ойлонуп калды.
Кечинде атамдарга ачык айтсамбы же эмне кылсам деп ойлонуп келе жатышканда алдыларынан тентуштары тосуп калышты.
Баарын тааныштырып аркы беркини сүйлөшүп турушуп, Нуртилек Канатка көз ымдап четке чыгып сүйлөшмөк болду.
Досум балдарга аяштарга айт Айназикти алып калганга даярдана бергиле, атамдарга деп токтоп калган да,Канат коркпо кечинде барып өзүбүз айтабыз деп далыга чаап күлүп досум биз эмнеге доспуз жакшы жаманды тен бөлүшүүчүбүз го.
Тентуштар бака шака түшүп каткырып үйгө келишкенин байкап Нуртилек тосуп чыгып калды, ай сыртка турбай ичкери киргиле деп апасы аркасынан баарын үйгө киргизди.
Канат аяшата аяшапа деп сөз баштады, колго түшкөн коенду кое бериш онойбу, досубузду үйлөндүрсөк кантет, ай оюбуз, тилегибиз бир болду деп Нуртилектин ата энеси шыпшынып берерге аш таппай күйпөлөктөп калышты.
Ал убакта Айназик өзүнө берилген бөлмөдө Нуртилектин карындашынын чачын өрүп экөо сырдашып отурушкан.
Нуртилек ата энеси тентуштары болуп баарын бүгүн башташмак болушту, Нуртилек ордунан туруп мен өзүм бир сүйлөшүп анан көрөлүк дегиче.
Канат досум тур өзүн бир сүйлөшүп көр болбосо жоолук салып эле отургузганга аракет кылалы деп тентуштарынан экөөнү эшик кайтартмак болду.
Нуртилек уруксатпы деп эшик кагып кирип сөздү эмнеден баштаарын билбей туруп калды.
Ортодогу жымжырттыкты карындашы мен лак алып келейин колдорубузду боеп алалык ээ эже деп сыртка чыгып кетти.
Нуртилек Айназике жакын келип тамагын улам улам жасап
Айназик мен сени суйуп калдым мага турмушка чыкканга макулсунбу.
Айназик эмне деп айтарын билбей,кулуп жибереалбай же ыйлап жибералбай ден дароо болуп барып
Нуртилек - ооба менда сени жактырып калдым дегенде Нуртилек кубанып кучактап көтөрүп тегеретип, колдорунан өөп биз бактылуу болобуз сөзсүз, бактылуу болгонго акыбыз бар деп Айназиктин сөзүн бөлүп кетти.
Сырткы бөлмөдө тентуштары, аяштары билгизбей турушкан эле баары кирип келип аяш апа жоолук салыңыз деп кыйкырып калышты. Көшөгө тартылып бака шака түшүшүп тойдун башы башталды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2