Боз үйүбүзчү кышта жылуу, жайында салкын,көчүп конгонго ылайыктуу. Чынында кыргыз элибиз акылман келген эл деп өз ара сүйлөшүп бараткан эки карылыка жетип калган карыяларды карап алып,чын эле булардын айткан кептеринде жөнү бар. Аманат да алардын сөзүн тыңшап машинасын зуулдатып айдап шаарды көздөй келе берди.
Аманат айылдан шаарга,шаардан айылга каттаган таксист эле. Күнүгө ар түркүн адамдар менен жол жүрүп, аларга кандай мамиле кылышты да билет. Жашын жаштай,карысын карыдай урматтап,кээ бир кезде батаңызды эле бериңиз ошол керек дээр эле. Анткен менен жүрөгү таза дилинде эч бир жанга жамандык каалагысы келбейт эле.
Ата энесинен жетим калып иниси менен карындашын багуу бул турмуштун чоң сыноосундан сезчү. Аларды окутуп турмуш жолуна узатып,өз орундарын таап берүү менин милдетим деп ойлочу.
Ошондой күндөрдүн биринде Аманат өзү шаарга жол тосуп аттанып калды. Себеби унаасы бузулуп ага тетиктерин шаардан сатып алмак. Арткы орундуктан орун алып жолго аттанып келе жаткан эсине атасы менен ээрчип жүргөн күндөрү эсине түшүп ойлоно кетти. Мына атанын кадыры,аны сагынуу,ата эненин баркы адам жокто билинет тура. Апасынын ысык наны,даамдуу тамагы алардын эркелетип токкон мээримдери деги койчу чексиз сүйүүсү.
Аманат кантип көзүнө жаш айланып келгенин сезбей калып,чочуп кетип эки жагын каранып көзүн сүртүп алды. Жанында олтурган эже баласын кучактап уктатып бара жатканын эми сезди.
Наристе да эч капарсыз таттуу уйкуга көөшулуп уктап баратат.
Шаарга кандай жеткенин сезбей калды көрүнөт,жолдон түшүп калып шаардагы автобустардын бирине түшүп унаатетиктерин саткан базарга жөнөп калды.
Багына жараша тетиктерин оңой таап алып кайра айылга жөнөмөк болду.
Айылга кете турган унаа карап таап,иниси менен карындашына бир аз белек да сатып алды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев