Милициядан кабарлангандай, 19-ноябрда Сары-Булуң айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылынын 1985-жылы туулган тургуну О.Э. (аял киши) кайнежесинин үйүнө кеткен учурда белгисиз адам үйүнүн эшигин бузуп кирип, сактап жүргөн 244 миң сом акчасын уурдап кеткен. Жабырлануучу милицияга кайрылып, окуя болгон жерге Тогуз-Торо РИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган.
«Окуя боюнча кылмыштын белгилери байкалгандыктан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышкерди аныктоо боюнча оперативдүү иш-чаралар жүргүзүлө баштаган. Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматкерлери менен Тогуз-Торо РИИБдин ыкчам кызматкерлери биргеликте кылмышка шектүүнү 9-декабрда Бишкек шаарында жүргөн жеринен кармашкан. Ал КРнын ЖПКнын 94-беренесинин негизинде Тогуз-Торо РИИБдин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Учурда бул атуулдун ушул сыяктуу окшош кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо жана жабырлануучуга келтирилген материалдык зыяндын ордун толтууру боюнча тергөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев