Спорттук мелдешти «Тогуз-Торо жаштар биримдиги» коомдук уюм уюштурду.
«Спорт — тынчтыктын жарчысы» урааны менен өткөн бул иш-чарага райондогу орто мектептерден кыздардын 8, балдардын 12 командасы катышты. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө уюштуруучулардын кубоктору менен ээлеген орундарына жараша ар бир командага 3000-2000-1000 сомдон сыйлык ыйгарылды.
1-орун №1 «Макмал» орто мектебинин балдар жана №11 «Саймалуу-Таш» орто мектебинин кыздар командаларына тийди. 2-орунду Э.Касымалиев атындагы орто мектептин балдар, №6 «Бирдик» орто мектебинин кыздар командалары ээледи. Үчүнчү орунга М.Абдыжапаров атындагы №8 орто мектептин балдар жана №1 «Макмал» орто мектебинин кыздар командалары ээ болду», - деди акимдин орун басары.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев