Ден соолук менен сулуулукту өз колубуз менен жасайлы.
Бөйрөктөрдү тазалоо менен сулуулугуңузду, ден соолугуңузду узакка сактаган болосуз.
Бөйрөк оорусу кимдерде көп ооруйт?
Бөйрөк оорусу өтө эле арык, узун бойлуу адамдарга көп жармашат. Мындай адамдарда бөйрөктү калыптагыдай абалда кармап турууга жардам берүүчү май капсуласы жакшы өөрчүгөн эмес. Демек, бөйрөктүн ылдый түшүп калуу коркунучу бар.
Бөйрөк оорусунун ар кандай түрлөрү менен эркектерге караганда аялдар көбүрөөк оорушат. Бул аялдын организминин физикалык жана анатомиялык өзгөчөлүгү менен түшүндүрүлөт. Көпчүлүк учурда бөйрөктүн ишинин бузулушу аял кош бойлуу кезинде башталат.
Орто жаштагы жана андан өткөн эркектер да бөйрөк оорулары менен көп жабыркашат.
Эгерде кимде-ким тиш жана тамак ооруларын өз маалында дарылатпаса, бул адамдарда бөйрөк ооруларына чалдыгуу коркунучу жогору болот. Анткени, кариес, тамактын сезгенүүсү бөйрөк ооруларын чакырат. Бул инфекциялардын козгоочулары кан аркылуу бүт организмди айланып жүрө беришет да, анан дал ушул бөйрөктөргө барып "отурукташып" калышат. Өзгөчө ангина коркунучтуу - ал өтүшүп кеткенде бөйрөк катуу жабыркашы мүмкүн.
Эмгекчилдерге караганда жалкоолор бөйрөк ооруларына көп чалдыгышат. Анткени, көп кыймылдоо зат алмашууну, бөйрөктөрдүн жашоосун жакшыртат. Канчалык көп кыймылдасаңыз бөйрөктөр кан менен ошончолук жакшы камсыз болуп, заара көп бөлүнүп чыгып турат.
Алое вера форовер компаниясы озунун натуральный продукциялары менен коптогон ооруларды айыктырып жатат. Бойрок боор аш казан от журок ж.б коптогон ооруларды даарылап калыбына келтирсениз болот. Сурап билуу жана заказ беруу учун тел ном. +7926 4807354
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев