Сүйсөм эмне болор эле? кызыктым,
Сүйүү оту жанбай дайым үшүпмүн.
Окуучулук кездеги бир сезимди,
Эстеп алып жүрөктөрдү кызыттым.
Анда деле ушундай эле таң атчу,
Оюн, күлкү өзүнө арбап, саматчу.
Кезигишсек капысынан бир жерден,
Күчтүү сезим каректерди каратчу.
Бала кезим, чалпоо кыял бар эле,
Кээде аны эстеп күлөм дагы эле.
Мен тарапка келчү болсо капыстан,
Тез бурулуп качып жөнөйм, шар эле.
Алма, өрүк гүлдөп ачкан кезинде,
Ак көйнөгүн кийип келген эсимде.
Жигиттердин арасында жаркырап,
Жашоомдогу бүлүк салган сезимге.
Ал тарапка баргым келип ансайын,
Көңүл бурбай басып кетти анчейин.
Катты жазып койдум бүктөп үч бурчтуу,
Жаздым анда сезимдердин бар жайын.
Аны берүү турду мага кыйынга,
Кыз намысы тоскоол болду чынында.
Айтылбаган аруу таза сезимим,
Жашап калды менин төрт сап ырымда.
Ав:Мейманова. Э.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 5
махабаттын тозогунда күйүүгө.
тагдыр экен табыштырып кошпогон,
таарынбагын сен эле эмес канча жандар ушул сага окшогон.