Күн менен түндү кошо бир өткөргөн,
Көбүрөөк сүйгөн сени бөлөктөрдөн.
Таң атса, кеч кирсе да дайым бирге,
Жактырбай кагып, силкпейт жөлөктөсөң
Тамакты жакшы, жаман дебей жеген,
Тапканын үйгө алып келем деген.
Талашпай көп учурда макул болуп,
"Сен айткан ойду туура көрөм" - деген.
Атасы кыздарымдын жакшы адам,
Ал менин ооруларга тапчу дабам.
Дос болгон түбөлүккө мени менен,
Жүрөктө сырларын да жашырбаган.
Чарчаңкы келсе дагы жумушунан,
Сыр бербей кыздарына оюн курган.
Ат болуп, анан кайра учкуч болуп,
Алардын ою менен болуп турган.
Жылмаят көздөрүнөн жылуу сезим,
Акырын мен тарапка салып көзүн.
Ансайын кылыктарым ашып- ташып,
Өпкөндөй түр көрсөтүп "сүйөм" деймин.
Баягы бойдок кездей уялыңкы,
Жүзүнөн орун алып турат күлкү.
Болсо деп мага болгон сезимдери,
Турса дейм азыркыдай дайым күчтүү.
Кагышса кээде бизде казан-аяк,
Кадимки болуп жүргөн жаман адат.
Кайчынын миздериндей каршы өтүп,
Көздөрүм көрүүдөн да тажап калат.
Ансайын өзүн айтып күнөөлүү деп,
Ашыгым, жалгыз силер түнөгүм деп.
Арылтат кайра эле таарынычтан,
Өзүңдү ойлоп жүрөк жүдөдү деп.
Коркомун, ойлоп жалгыз калганымды,
Өзүңсүз, кыздарымсыз жалган баары.
Кечиргин бардык күнөө жалгыз менде,
Деп айтат, сүйүп туруп маңдайымды.
Ачууга алдырбоого тырышабыз,
Аздектеп көңүлдөрдү бурушабыз.
Болсо да буга чейин таарынычтар,
Азыр биз такыр эле урушпайбыз...
Кемпир" деп эркелетпе кейип кетем,
Өзүмдү карыгандай сезип десем.
Ал деле менден калбай туталанат,
Акырын "жаным" дебей "чалым" десем
Каректей сактап калчу бул " үй- бүлөө",
Ар түркүн табышмактуу, чиркин дүйнө.
Аңдабай аттап жүрүп кадамыңды,
Акыры өкүнүчтө калып жүрбө.
Көздөрүн акырындап кырын салып,
Көз кысып коёт мага кылыктанып.
Уялып кыздарынан ачык айтпай,
"Сүйөм" деп айтып турат дудуктанып.
Сөздөрдүн ачыгына жетип- жетпей,
Күүгүмдөп же караңгы кирип кетпей.
Кыздарды уктатам деп жомок айтып
Калыпмын мен да уктап сени өппөй.
Кайра эле таң атканда түйшүгүбүз,
Башталат күндөгүдөй үзгүлтүксүз.
Чоңойсо балдарыбыз тоскоол болуп,
Ойлосом сагынышып жүрүптүрбүз.
Автор: Эльвира Мейманова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4