Эх мырзалар, жашообуздун бүтөгү,
Канча болсо кыйындыкка түтөлү.
Жооп кылып ширин кептен айткыла,
Жакшы сөздөн жарым кашык ичели.
Силер менен таптык үйдөн түнөктү,
Очор- бачар болуп анда гүл өстү,
Олтурасың, бекерчисиң үйдө деп,
Ооруттуңар айтып кээде жүрөктү.
Үйлөр тыкан, баардыгы анда жайында,
Мээрим кошуп сунуп турчу чайыңа.
Жубайыңа жылуу сөздөр айтсаңар,
Гүл эле эмес, дарак өсөт багыңа.
Майрам болсо алдына ала кудуңдай,
Белек күтүп чыдам кетет тызылдай.
Билмексенге салып коюп жүрсөңөр,
Өзүбүзчө боло түштүк кызыктай.
Аял заттын жетсе экен деп баркына,
Айтмакчымын жигиттерге, жалпыга.
Эч болбосо бардык күчтү бир топтоп,
Жок дегенде " сулуусуң"- деп айткыла..
Мактап койсоң мадыраңдап кетели,
Жумушуңдан кеч келсең да күтөлү.
Кана? Канча? Кайда жүрдүң? дебейбиз.
Унуттук да калтырабыз неченди.
Эх мырзалар, жакшы өмүр кечели,
Адашуудан айкайлашат нечени.
Көңүлдөрдү кант сөз менен алгыла,
" Жакшы кептен жарым кашык ичели".
Ав; Эльвира.Мейманова😊😊😊
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2