"Ымыркайдын майып болуп төрөлүүсүнүн себептери"
"Наристени жарык дүйнөгө алып келүү жөнөкөй маселе эмес".
Ымыркайдын майып болуп төрөлүүсүнүн себептери
Наристени жарык дүйнөгө алып келүү жөнөкөй маселе эмес. Албетте бардык нерсе Жараткандын буйругу менен деңизчи, бирок, бул- адамзатка бир адамдын тагдырын чечүүчү өтө оор милдеттердин бири болуп эсептелет. Алгач, жубайлардын үй-бүлө очогун куруу пландарына ден-соолугу чың төрөлгөн наристелерге, адептүү, билимдүү болуп өскөн балдарга жана улуттун келечегине, урпактардын учукту улантуусуна негизделиши маанилүү маселе. Ошондо гана наристелердин дени сак төрөлүүсүнө алгачкы кадам жасалган болот. Ал эми, башка максаттардын, каалоолордун негизинде үй-бүлө курууга умтулуу келечектеги бактысыз наристелердин тагдырына жасала турган кайдыгер мамиленин алгачкы белгисин көрсөтөт. Ошондуктан, жубайлар кандай максатта турмуш кура тургандыгына терең маани бериши керек.
Жаңы баш кошо турган түгөйлөр турмуш кураардан мурун медициналык толук текшерүүдөн өткөнү оң. Анткени, алардын бирөөсүндөгү кандайдыр бир илдет, аз кандуулук, витаминдердин жетишсиздиги ж. б. у. с. жагдайлардын алдын алуу за¬рыл маселе.
Муну менен катар эле ак нике менен баш кошкон өмүрлүк жарлар руханий жана физиологиялык тазалыкка абдан көңүл бурушу керек. Ыплас жүрүм турумдар, таза эмес ар кандай тамак-аштарга кол салуу, спирт ичимдиктерин ичүү өз наристеңизди өзүңүз ден- соолугунан ажыратканга барабар.
Кош бойлуулуктун алгачкы белгилери байкала баштагандан тартып, жакынкы аймактык бейтапканада каттоодон өтүп, дарыгер-гинекологдун көзөмөлүндө болуу зарыл. Айрым жагдайларда божомолго, тобокелге салуу наристенин тагдырына кайдыгерликти билдирет. Эч бир тобокелге салбай, дарыгер-гинекологдун так көрсөтмөсү менен жашоо - келечектеги балдардын ден- соолугун кепилдикке алганга барабар. Ант¬кени, эне кош бойлуу мезгилинде ар кандай тамактарды иргебей жей бербеши керек. Ага кандай витаминдүү тамак-аш керектигин аныктап, өз убагында, белгиленген өлчөмдө тамактануу керек.
Ал эми спирт ичимдиктерин колдонгон, чылым тарткан энелердин наристелери көбүнчө салмагы 15-20 па¬йызга жеңил болуп төрөлөт. Никотин баланын кан тамырларына да киргендиктен, бала энеси менен чогуу чылым чеккендей эле болот. Чылым тарткан аталардын балдарынын организминде рактын алдын алуучу ген өтө алсыз абалда болот. Мындан сырткары, тукумсуздук, бойдон түшүү, майып болуп төрөлүү, мөөнөтүнөн мурда төрөп коюу фактылары катталган. Кош бойлуу аял алгачкы үч айда аспирин, тетра¬циклин, өзүн-өзү тынчтандыруучу дарыларды жана Д, К, В витаминдерин кабыл алса, булар да жаңыдан жетилип келе жаткан түйүлдүккө терс таасирин тийгизет. Өздүк гигиеналык тазалыкты сактабаса, вирустар эненин денеси аркылуу түйүлдүккө өтүп, же болбосо сарык оорусун пайда кылып, натыйжада түйүлдүк майып болуп калган учурлар кездешет. Боюнда бар кезде ашыкча толкунданбоо жана өтө кайгырбоо керектигин аялдар ар дайым эсине сала жүргөнү оң. Анткени, боюнда бар кездеги ашыкча толкундануу жана кайгырып, стерсс алуу организмдин ички бузулуусун пайда кылып, бөйрөктүн, түйүлдүктүн борбордук нерв системасынын үзгүлтүксүз иштөөсүнө зыян келтирген учурлар кездешет. Бул жагдайда эне (өзгөчө жаш эне) кош бойлуу кезинде күйөөсүнүн өзгөчө жылуу мамилесине муктаж экенин боорукер ата эстен чыгарбаганы дурус. Кош бойлуу энелер курамында белогу көп азыктарды, башкача айтканда, жашылча, коон, дарбыз ж. б. жер-жемиштерди көбүрөөк жеши керек. Анткени, булар түйүлдүктүн баш мээсиндеги клеткалардын жакшы жетилишин камсыз кылат. Ошондой эле медицинада кош бойлуу кезде оор жумуштарды жасабоо сунуш кылынат. Бул учурда кир жууп, үй жумуштарын жасоодо этият болуу зарыл. Бирок, белге күч келтире турган оор жумуштарды жасабай эле койгон оң. Эгер кош бойлуу аял ысык сууга жуунса же бууга отурса, денедеги ысыктын өлчөмү көбөйүп, температурасы жогорулап, курсактагы баланын туура өсүп бара жаткан борбордук нерв системасы жабыркашы мүмкүн. Мына ушул убакта тубаса майыптардын төрөлүп калуу кокунучу келип чыгат.
Мындан сырткары, жакын туугандардын никелешүүсү да тубаса майып наристелердин төрөлүүсүнө түрткү берет.
Жетилип келе жаткан түйүлдүктүн организминде йоддун өлчөмү аз болсо, баланын боюнун өсүүсү, көзүнүн көрүүсү, салмак кошуусу начарлайт. Мындай балдардын тили да кеч чыгат, кеч басат. Бала алсыз, эч нерсеге, атүгүл, оюнга да көңүлү чаппай, чыргоо, ыйлаак бо¬лот. Мындай балдар сасык тумоо өңдүү жугуштуу ооруларга бат-бат чалдыгат.
Кош бойлуу аял кандай факторлордон сактанышы керек?
1. Инфекциялардын таасири:
A) Ситомегало-вирустук инфекция;
Б) Герпес (учук);
Кызамык;
Г) Сифилис;
Д) Инсефалит.
2. Иондук нурлардын таасири:
A) Радиоктивдүү нурлардын таасири;
Б) Радиоактивдүү йод менен дарылоо;
Нурлантуу терапиясы.
3. Метабалиттик бузулуу жана кош бойлуу аялдын зыяндуу адаттары:
A) Алкогол;
Б) Наркомания;
Токсикомания;
Г) Чылым чегүү;
Д) Эндемиялык зоб;
Е) Фолекислотанын жетишпестиги;
Ж) Кант диабети;
Форевер Алоэ вера компаниясы озунун натуральный продукциясын тартуулайт.
Коптогон оорулардын алдын алуу учун, иммунитетти гемоглобинди которот. Канды тазалайт. Сурап билуу тел; +7(926)565-01-66 Ватсап
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев