Целлюлиттен арылгысы келген айымдар үчүн атайын эң мыкты делген ыкмаларды сунуш кылабыз. Бул ыкмалар жеңил жана жыйынтыгы кубантаарлык. Бир нече ыкманы колдонуп көрүп өзүңүзгө ылайыктуусун тандап алыңыз.
Целлюлит – бул тери алдындагы май клеткаларынын катмарланып кетиши. Муну менен арык айымдар деле жабыркашат. Целлюлиттин пайда болушуна бир нече факторлордун таасири тиет:
1- Тукум куучулук
2.-Гормондордун бузулушу
3.-Туура эмес тамактануу
4- Стресс
5- Аз кыймылдуулук
Целлюлитти апельсиндин кабыгына окшоштурушат. Ал көбүнчө жамбашты, жоон санды, курсакты, ийиндерде пайда болот. Целлюлиттен арылууга кадам таштаган күндөн баштап диетанын мааниси өтө чоң.
Целлюлиттен үй шартында арылса болот
Андыктан туура жана натыйжалуулугуна караш керек. Күнүмдүк кабыл алган тамак- аш азыктары 1200 килокалориядан ашпашы маанилүү. Андыктан, бадам, ананас, сууга бышырылган жумуртка, сабиз, петрушка, майсыз сүт азыктары, балык, болгар калемпири, капуста жеп, күнүнө 2литрге чейин суу ичип туруу сунушталат. Ал эми бул азыктарга "Жок"- деген сөздү көбүрөөк колдонуңуз:
1- Спирт ичимдиктер
2- Колбаса
3- Газдалган суусундуктар
4- Майлуу, куурулган эт
5- Ышталган жана туздалган азыктар
6- Кофе
7- Туз
8- Кумшекер
9- Фастфуд
10- Шоколад
11- Майонез
12- Сыра
13- Таттуулар
Үй шартында целлюлиттен арылуу ыкмалары:
Бул үчүн эң негизги 8 эрежени сактоо сунушталат:
1- Организмди тазалоо
Целюллиттен арылууну баштасаңыз, анда организмди тазалап, шлак жана токсиндерди айдап чыгуу керек. Ал үчүн чөптөрдөн чай демдеп 10 күн боюу ичиңиз. Ач карын жана тамактын алдында ошондой эле суусаган учурда иче берсеңиз болот. Солодка, кайың жалбырагы, бузина жана фенхелдин уругунан бирдей өлчөмдө алып, мисалы ар биринен 1 аш кашыктан чайнекке салып кадимкидей эле чай демдеп ичүү зарыл. Бирок, өтө ысык ичкенге болбойт. Мындан сырткары, ваннага түшүп токсин- шлактардан арылсаңыз болот. Ваннаны жылуу сууга толтуруп ага бир стакан деңиз тузун жана бир стакан аш содасын салып 15 мүнөткө жатуу керек.
Целлюлиттен үй шартында арылса болот
2- Сууну көп ичиңиз
Күнүнө таза, газдалбаган, кошулмасы жок 2 литрге чейин суу ичиңиз. Табигый жасалган ширелер да жарай берет. Маселен, сабиз, ананас, алманын жаңы сыгылып алынган ширелери. Бул ширелердин бир стаканына бир- эки тамчы лимон ширесин кошкп койсоңуз да болот.
3- Целлюлитке каршы диета
Күнүмдүк тамак- ашыңызга куурулган ,майлуу, какталган эт азыктарын колдонууну токтотуңуз. Этти сууга бышырыңыз. Тамактарды жеңил жасаңыз. Бардыгы сууга же бууланып бышырылсын. Туздалган, маринаддалган жана консерва азыктарын жана курчутмалар кошулган тамактарды жегенге болбойт. Ошондой эле ашыкча тамактанып албаңыз.
4- Сергек жашоо образын алып жүрүңүз
Жигердүү физикалык күч кан айлануунун жакшыртат, денедеги торчолорго аба жеткирет. Ал үчүн эртең менен кечинде убактыңызга карап чуркаңыз. Сууда сүзүңүз. Ар кандай көнүгүүлөрдү жасаңыз.
5- Үч нерседен биротоло баш тартыңыз
Целлюлиттен арылууга көмөк көрсөткөн ыкмалардын бири бул никотин, спирт ичимдиктеринен жана кофеинден биротоло баш тартуу болуп эсептелет.
Бул үч нерсе сиздин организмди "таштандыга" толтуруп, жыйынтыгында целлюлит пайда кылат.
Целлюлиттен үй шартында арылса болот
6- Массаж
Массаж – бул целлюлит менен коштоштурууга себеп болгон болгон эң сонун ыкма. Атайын массаж жасоочу адиске баруунун кажети жок. Болгону массажга ылайыктуу майлардын бирин тандап алып, күн сайын кечинде целлюлит пайда болгон жерге сүйкөп жеңил жана көпкө чейин укалап массаж жасаңыз. Мында целлюлит эле жоголбостон булчундар чыңалып, арыктоого да шарт түзүлөт.
Целлюлиттен үй шартында арылса болот
7- Көп кыймылдаңыз
Таза абада сейилдеңиз. Жумушка жөө барып- келгенди адатка айлантыңыз. Эгер иштеген жериңиз алыс болсо анда 2-3 аялдама эртерээк түшүп калыңыз. Ал эми эс алуу күндөрү велосипед тепкенди үйрөнүп алыңыз.
Целлюлиттен үй шартында арылса болот
8- Витаминдер
Дарыгериңиз менен кеңешип тери такандарынын бириккен жерлерин бекемдөөгө көмөк орсөткөн витаминдерди кабыл алыңыз. Анткени витаминдер целлюлит кеткенден кийин, кайра пайда болуучуна тоскоолдук жаратат.
Форевер Ливинг продакт компаниясында целлюлит программасы бар.100 % Результат. Натуралдуу өсүмдүктөргдон жазалган витаминдер жана кремдер сунушталат.!!!Сүроолор ватсапка 8926-565-01-66 Ватсап
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев