Анткени кээ бир учурда дары- дармек кабыл алууда же кычкыл тамак- аш ичүүнүн натыйжасында деле даамданышы мүмкүн. Мындан сырткары, туура эмес тамактануудан дагы оозго кычкыл даам келет.
Ооздогу кычкыл даам- бул эмнеден кабар берет?!...
Кычкыл даам ооруга байланыштуу болгон учурда ашказандан бөлүнүп чыккан шире тамак- аш сиңирүү кычыкылынын деңгээлинин жогорулашынан жана аны организм тең салмактуу кармай албаган учурда пайда болот. Жыйынтыгында ашказандын чел кабыгында химиялык каражаттын таасири тийет да гастрит же ашказан жарасынын пайда болушуна алып келет. Андыктан, эгерде оозуңуздан кычкыл даам келсе, дароо эле гастроэнтеролог адисине кайрылуу туура болот. ошол эле учурда дарыгерге организминдеги өзгөрүүлөрдү да так айтып берсе, дарт тапкы туура коюлат. Маселен, сизде төмөндөгү белгилер байкалышы ыктымал:
• Тамак- аш кабыл алуудан кийин кусуп салуу же ар дайым кускусу келип жүрүү
• Ичтин сол тарабынын катуу оорушу
• Кислоттук жыттын келиши
• Ич катуу же ич өтүү
Эгерде бейтаптын оозунан ар дайым кычкыл даам келип турса, анда гастритке кабылгандыгынан кабар берет. Бул оору айрыкча жаз жана күз мезгилдеринде күч алат. Гастрит болгон бейтаптын эртең менен ойгоноор замат кускусу келет же тамак ичкен соң кусуп салат. Бирок, кээде буга карабай айрым бейтаптардын табити абдан жакшы болот.
Кычкыл даамдын келишинин дагы эки себеби бар.
1. Халазия кардия. Ашказанга тамак бара турган жолдун аймагы кардия деп аныкталган. Ал ашказандагы тамак- ашты бөлүп чыгарууга жол бербей, түтүкчөнү жаап салат. Мындан улам сиңирилбеген тамак- аш оозго кычкыл даам берет.
2. Диафрагмалдык грыжа ашказандан активдүү бөлүнүп чыккан кычкыланан улам өнүгөт. Мындай шартта бейтаптын ичи жана көкүрөк тарабы катуу ооруйт. Түн ичинде дем жетпей кыйналат. Анткени ашыкча тамактар сиңирилбей дем алуу органынын түтүкчөлөрүн жаап салат. Ооздон кычкыл даам жана зарына болот.
Ооздогу кычкыл даамдын келишине дагы башка белгилер себеп болот:
Таттуу жеген соң оозго кычкыл даам келген болсо, анда, зат алмашуу органынын жабыркаганынан кабар берет.
Кант диабети менен жабыркагандардын оозу да кычкыл даамданат.
Таза суусундукту аз ичкен адамдын дагы оозунан кычкыл даам келиши ыктымал. Анткени организмдеги кычкылданган бактериялык заттарды "айдап" чыгууга аз өлчөмдөгү суунун күчү жетпейт.
Ооздон кычкыл даам келип жана сол кол уюп ооруса анда жүрөк оорусунан кабар берет. Демек, кардиолог адисине кайрылуу туура болот.
Оор тамактарды ашказаны көтөрө албагандар куурулган, туздуу, ышталган тамак- аштарды кабыл алууда дагы ооздо кычкыл даам пайда болот.
Талапкы ылайык тишти таза кармап, ар дайым жууп жүрүү дагы маанилүү. Айрыкча, кечинде уктаар алдында сөзсүз түрдө тишиңизди жууп жатыңыз.
Форевер Ливинг Продактс сиздерге озунун нукура таза продукциясын тартулайт
тел 8926 565-01-66
Ватсап
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев