Бирин-серин ойготуп сезимдерди,
Билсең мурда жүрөгүм кейип келди.
Маңызы жок өткөргөн күндөр ошол,
Маңдайыма жазылып, келип берди.
Сен тараптан жылуулук чачып улам,
Себелеген жамгырдан, катып уяң.
Кубанычтан жая алган кучагымды,
Кубат алып, өзүңө ачып турам.
Ыйман менен жылмайып, ууртуңдан,
Ыйбаа кылам көзүмдү жумуп улам.
Баскан изди артыңа, бир саам карай,
Балким мени эстээрсиң улутунган.
Жакын кылып алыскы аралыкты,
Жашоо деген кемеде бир баралыкпы?
Барак издеп бир учун мен, бир учун сен,
Башка коноор бакытты жазалыкпы?
Казылбаган ыр түбүн казалыкпы?
Кайрып бүтпөс махабат, тазалыкты.
Баштан өтөөр миңдеген кемчиликтер,
Бакыт үчүн кечирип каталыкты!!!
Сени көрөм күнүмдөн көз уялткан,
Сени көрөм ай тийип тээ узактан.
Кээде гана өңүмдөн өзгөртүлгөн,
Сени көрөм түшүмдөн "ак нур" баккан!!!
Сени көрөм түбөлүк көз уялткан.
Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев