Тумчулайт күндө ошол кейиш кечи,
Туңгуюк жан-дүйнөмдүн шериктеши.
Кайчылаш кош өмүрлөр өткөн чакта,
Кайдасың, жүрөгүмдүн периштеси?
Энсейм миң көңүл куунак тегиз кезин,
Эскертем сезимиме келишпесин.
Элестеп көз алдымда жүзүң турат,
Эч кимге ак сүйүүмдү беришпесим.
Балким сен жей албаган жемиштесиң,
Бир ачуу, же тап-таттуу мейиздесиң.
Жалганда тилек кылган миң ааламдан,
Жашоодон алысыраак бейиштесиң.
Күүгүмдөп, кызыл тартып күн алыстайт,
Күлүшүп бүт адамдар жүрө алышпайт.
Көрбөсөм сендей жанды тирүүлүктөн,
Көргөндү ал түндөсү түш айыптайт.
Күттүрүп кайдан таптың кечиккенди?
Түш болуп же койбодуң кезиккенди.
"Кай күнү жоолуктурам өзүңдү"-деп,
Карегим бүт дүйнөнү кезип келди.
Узатам жаз мезгилдин жебелерин,
Угузган ар бир учур теребелин.
Убайың тартып гана сезбейт белем,
Ушунча бул дүйнөнүн кереметин.
Сагыныч кайдан билсин санааларын,
Сай сөөгүм сыздаса да табалаарым.
Капилет бир учкундан тамчы көз жаш,
Каректен сыгып-сыгып салаладым.
Арбытат жаракатты жүрөктөшү,
Же түшкөн элеси жок сүрөттөгү.
Андагы кайкып учкан зымырыктай,
Ал үчүн сезсе гана күн өтпөсү.
Кантейин сүйүү арман кезиксечи,
Кадырым билбей анан эшитсечи.
Кападар күнгө мени таштабасаң,
Кайдасың, жүрөгүмдүн периштеси?
Келечек заманасын бирге курсак,
Келсеңчи, жүрөгүмдүн периштеси!
Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев