Предыдущая публикация
Жалгыз Алла жараткан чын биздейди,
Сажда кылып алтын баштар тийбейби?
Оо дүйнөнүн ааламдан кең бейишин,
Орозонун он күнүндө издейли.
Уктабастан, көз ирмебей атыр түн,
Он түнүнүн бир түнүндө кадыр түн.
Нур чачырап, периштелер кыдырып,
Жер жүзүнө түшкөн ушул баатыр түн.
Миллион түндөн, он түнүбүз жакшыраак,
Бул себептен ниет кылгын жакшылап.
Ата-энени унутпайлы тилекте,
Аллах аны белек кылган тартуулап.
Сексен төрт жыл намаз окуп олтурсак,
Он түнүндө болбогонду болтурсак.
Бейиш анда кенен жаят кучагын,
Бөксөө жерин зикир менен толтурсак.
Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев