Тойкана, элге толо күтүлбөгөн,
Томсоруп бирөө жоктур сүйүнбөгөн.
Куттуктап эки жашты тууган-достор,
Кучакта гүлдөр жоктур үзүлбөгөн.
Жүгүрүп эне байкуш бүлбүлдөгөн,
Жүрөгү болк-болк согуп күлмүңдөгөн.
Кудагый-куда менен тойду тейлеп,
Кубаныч жан-дүйнөсүн бүчүрлөгөн.
Бактысы кучак толо ченеми жок,
Башка сөз айтып деле кереги жок.
Баласын үйлөп мында кубанычтан,
Бапырап андан өткөн бедели жок.
Анткени жалгыз уулу кубандырып,
Келинди алып келди жубан кылып.
Атасыз өскөн уулу эр жетилип,
Апанын каректерин сууландырып.
Энени кезек менен куттукташып,
Эрезе ушул тура бүт жүк ташып.
Саамайын бирин-серин ак аралаш,
Салаалап тентек жаштар жуб-жубташып.
Бирок да жалгыз бирөө жактырган жок,
Бир орун жүрөгүнөн таптырган жок.
Ал адам келин болчу бул бүлөөгө,
Апага "эне" атын тапшырган жок.
Мостойуп эл менен да каткырган жок,
"Мобулбу" дегенсинип жактырган жок.
Күйөөнүн кулагына күбүрөнүп,
Күбүлүп "жаным" деди жашырган жок.
-Апакең, экөөбүздү уят кылып,
Бир жерге олтурбайбы жаны тынып.
Курбулар, туугандарым эмне дешти,
Жиберип койолубу аары кылып.
Жал ооруп сөзүн бүтүп тик карады,
Жароокер сезимдери бүт тарады.
Жылмайып күйөө жигит олтургучтан,
Оордунан туруп өйдө түз баратты.
Бүт элдер карап турду сезимталдай,
Эне да бийлеп жаткан жетине албай.
Жанынан шыр өттү да артын сала,
Жарылып кетүүчүдөй бекине албай.
Ырчынын үн таягын жулуп алып,
Ызаадан ызырынып буулуп алып.
Жаңырып жаткан анда музыканы,
Бир замат токтоттурду туруп алып.
Апакем, кимге керек? деп кыйкырды,
Ачуу үн кулактарын жеп тындырды.
Бирөө да унчукпады жымжырт болуп,
Бир гана чолок жаштар тып-тыптырды.
Ыйлаган балдар дагы тыңшагандай,
Ызы-чуу мастар дагы тыңдагандай.
Ичинен каргоо сөзүн аянышпай,
Эл аны каргап жатып тынбагандай.
Үйлөнө албай гана жаткан го деп,
Үзүлгүр тукумдарын саткан го деп.
Улгайып калган кары бүт адамдар,
Уядан бир душманды баккан го деп.
Келинчек тек сүйүнүп ичи жылып,
Айтканын аткарткан бир киши кылып.
Эмитен апасына каршы чыгып,
Экөөнү башкарам дейт иши кылып.
Апанын заманасы кууруп алды,
Ал сөзү камырдан кыл сууруп алды.
"Апалап" этегинен эч чыкпаган,
Ал уулу каршы чыгып туруп алды.
Апакем, мага керек! кеп улады,
Аттиң ай бузулбаган чеп курады.
Астына сызып барып апасынын,
Чөгөлөп буттарына бек кулады.
Жаңы эле тагылган ал кол шакеги,
Келинди көздөй тапты өз дарегин.
"Мен сага, талак бердим" деп үн салып,
Жетелеп баса берди апакесин.
Жулкунуп эшик жакка бет алышты,
Жулмалап жакалашып кол салышты.
Күүлөнүп алган күйөө жигит жанды,
Токтото алышпастан жол жабышты.
Атасы кыздын дагы жолун тосуп,
"Айтып бер, түшүндүр?"деп колун созуп.
Абалкы болуп өткөн окуяны,
Алдырбай айтып жатты ойун толук.
Түшүнүп туугандардын жаагын басты,
Тун кыздын кылыгына башын басты.
Тууралык кылып актан бата берип,
Түндүктү бек карма деп жашы акты.
Сендейди тарбиялап, бакты тилем,
Апаңа таазим кылам башты ийем.
Ак жолуң ачылсынчы эми уулум,
Бул мезгил, өтөт кетет калды бир кем.
Күйөө уул сендей болсо арман болбос,
Күн өтөт, бирок көңүл шатман болбос.
Чын дүйнө бар болбосо анда бекер,
Чындыгы бул дүйнө да жалган болбос.
Апакем кимге керек? мага керек,
Акылсыз, алжыса да сага керек.
Алдыңдан айланса да тек жалбарып,
Аттиң ай заар тилинен кага берет.
Апакем кимге керек, мага керек,
Ажары бүт дартыма дабаа берет.
Ырыскың түгөнсө да эне байкуш,
Ыркыйып күндүк нанды таба берет.
Апалар, сага керек, мага керек!!!
Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев