Карегим жашка толуп тегеренет
Кечикпей, Бакыт кушу келеби деп
Көөдөнүм толуп турат арман күнгө
Көкүрөк зарым, кудай береби деп
Катылып ичте сырым толуп турат
Кан жуткан жүрөгүмдү сезеби деп
Илебим, тийип -тийбей дирилденет
Ичтеги муңум ар күн ,биринделет
Ишенчээк жаралганмын, эмнегедир
Ич дүйнөм , кээ күндөрү тирүүлөнөт
Иргелип, жакын жүргөн жакындарың
Ийнесиз кудук казып, тирүү көмөт...
Менсинип, кээ бирөөлөр теңине албайт
Мээримсиз, адамдар бар, кечире албайт
Мерездик каптаса да жан дүйнөсүн....
Мен сүйгөн киши, мени өчүрө албайт...
Миң бир түн, кыялымда жашаса да
Миң тообо, жүрөгүмдү көчүрө албайт....
Шаку, Москва
https://www.youtube.com/add_contact?c=2hMquXzUjxSfih3lH2YZKhXNTJtGsQ .
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4