Витилиго – бул теринин кээ бир бөлүктөрүндө териге өң берип туруучу меланин пигментинин жоголушу. Пигменттер жоголгон жерде ак тактар пайда болгондуктан элибизде “ала” оорусу деп аталып калган. Тактар көбүнчө жаракатка көп кабылып, сүрүлүп-жышылчу жерлерде, мисалы, бет, кол, бут, чыканак, тизе, таман, жука чурайда жаралат. Айыктыруу кыйын. Түрдүү куракта пайда боло берет, көбүнчө 10-30 жаштагыларда кездешет. Оорутпаганы менен косметикалык дефект катары эсептелет. Убакыттын өтүшү менен тактардын өлчөмү чоңоюп, бири-бирине кошул
уп, чоң жерди ээлей баштайт.
Дарттын алдын алуу
Организмди чыңдоо
Витаминдүү тамак-аштарды пайдалануу
Күнгө чыгар алдында күндөн коргоочу кремди колдонуу
Ооруганда дароо текшерилип, дарылануу
ВИТИЛИГО МЕНЕН ООРУГАН АТАКТУУЛАР
Ак таңдай акын Жеңижок
Поп музыканын падышасы Майкл Жексон Шантель Винни деген ат менен белгилүү болгон канадалык модель Винни Харлоу
КОШУМЧА ТҮШҮНДҮРМӨ
Диагноз үчүн денени текшерүү жана жалпы анализден тышкары мите курттарга анализ алынып, боор, өт баштыкчасы УЗИден өткөрүлөт. Комплекстүү дарылоодо 95 пайыз натыйжа берет.
Дарылоо оорунун жеңил же оор экенине карап 2 айдан 1,5 жылга дейре созулат.
Андыктан убакыт жана чыдамкайлык керек.
Дарылар жардам берген учурда 1-2 ай ичинде ак тактардын ичинде майда чекиттер (сепкил сымал) пайда болот жана алар көбөйүп, бири-бирине кошулуп, ала жерлер жабыла баштайт. Же ак тактардын өңү күрөң тарта баштап, көлөмү кичирейе берет. Дарылай баштагандан 2 ай ичинде натыйжа чыкпаса, анда врач дарылоо ыкмасын өзгөртүп, башка дары-дармек жазып берет.
Кээ бирлер чет элге, мисалы, Израилге, Германияга барып дарыланууну көксөйт. Бирок дарылоо ыкмалары бирдей эле. Болгону Израилдин деңиз климаты жана курамында микроэлементтер көп туздуу суусу батыраак айыгууга жардамчы болот.
Күн ысыкта жүргөндө ала болгон жерлер күн нуруна бат күйүп, ичине суу толгон ыйлаакчалар жаралат. Андыктан күн нурунда ашыкча жүрүүдөн качуу керек. Тукумунда ала оорусу барлар балдарын кичинесинен стресске көп чалдыктырбай, ооруса дароо дарылатып жүрүшсө, балада витилигонун жаралбашына мүмкүнчүлүк болот.Ала оорусун айыктырганга болот. Американская компания ФОРЕВЕР ЛИВИНГ ПРОДАКТС сиздерге таза продукция тартулайт. Сурап билуу тел. жана вотсап номерим 0556560126
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев