Ар бирибиз эле чачыбыз үчүн колдонгон шампундардын сапаты жакшы болушун жана жагымдуу сергектикти сезүүнү каалайт эмеспизби. Албетте, сизге ылайыктуу шампунь табуу жөн эле ойлонбой туруп ширеңке сатып алгандай оңой эмес. Сиз ала турган шампунь сиздин көптөгөн талаптарыңызга жооп бериши керек. Жөнөкөй эле мисал, шампундун таза өзү жакшыбы же ага бальзам, кондиционер кошулганы пайдалуубу, буга жооп издеп көп баш катырабыз. Ал эми бул макаладан сиз өзүңүзгө пайдалуу кеңештерди ала алат деген ишеничтебиз.
1- Шампунду эң биринчи чачыңыздын курамына жараша ылайыктуусун алыңыз. Кургак, майлуу, какач же нормалдуу болсо ошого гана арналганын алган маанилүү. Эгер шампунду кандайдыр бир өзгөчөлүгү менен алам десеңиз, анда, абдан абайлашаңыз керек. Анткени, чачтын формасын барпайта турган шампундарды ичке чачтуулар гана колдонот, ал эми коюу чачтарга сыйдамдай турган шампундар ылайыктуу.
2- Чачыңызда пайда болгон көйгөйдөн улам ага арналган шампунь алып, ал 2-3 колдонуудан кийин көйгөйдөн арылтпаса, анда дароо колдонууну токтотуп, башкасына өтүңүз.
3- Химиялык тармалдатылган жана сарыга боелгон чачтар үчүн шампундун курамы жазылган этикеткасында Clarifying shampoo деген жазуусу барын алыңыз. Мында, токсиндик заттардан коргой турган касиети бар.
4- Үнөмдүүлүк жакшы деңизчи, бирок капчыкты аяп арзандатылган шапмундарды албай элек коюңуз. Адатта алар шампундун колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен же аз калган учурда ушундай ыкманы колдонушат. Ал эми мөөнөтү өткөн шампундун курамындагы чачыңызга пайдалуу заттардын бардыгы жоголот. Ошондой эле, кымбат шампунь сөзсүз жакшы деген ойдон алыс болуу керек. Эң негизгиси курамы сапаттуу жана сиздин чачыңыздын абалына туура келүүсү маанилүү.
5- Чачыңызды жууп жатканда алгач абдан жакшы суулап алуу зарыл. Адан кийин шапмунь сүрткөн соң сөзсүз башыңызга өзүңүз шампунду көбүктүрткөнчө массаж жасаңыз.
Форевер Алоэ вера шампуньдарын колдонунуз. Бир жылга кенен жетет. Чачынызды жылтыратып кулпуртуп коет. Чачтын тогулгонун токтотот. Чачыныз тогулгон жерден, жаныдан чачтарыныз осуп чыгат. Пайдалуу витаминдерге бай, эч кандай химикат боектор кошулбаган, табигый алоэден жасалган шампуньдар!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев