КОП МУУНДУН СЕЗГЕНИШИ-ПОЛИАРТРИТ.
Жазында козголуучу оорулардын бири – артрит. Андыктан бул убакта «колу-бутум түнү менен какшап чыкты», «буттарым бүгүлбөй калыптыр» дегендер көп болот.
МУУН КАНДАЙ УЧУРДА СЕЗГЕНЕТ?
Адамда бир канча муун болот. Мисалы, тизе, чыканак, ийин, жамбаш, кол-буттун манжа муундары. Муундардын ичинде чел кабык жайгашкан. Ал суюктук бөлүп чыгарып, аны менен муундарды, кемирчектерди нымдап турат. Ошол чел кабыктар сууктан, инфекциядан жана башкадан улам сезгенет да, суюктукту мурункудан көп бөлүп чыгара баштайт. Муундардын шишиши, оорушу, кыймылын жогото башташы ошондон.АРТРИТ МОНОАРТРИТ ЖАНА ПОЛИАРТРИТ БОЛУП ЭКИГЕ БӨЛҮНӨТ
Моноартрит – бул бир муундун сезгениши. Полиартрит – көп муундун сезгениши. Эки түрүндө тең оорунун жаралуу себептери окшошуп кетет:
Инфекциялык
Вирустук, бактериялык инфекциялык оорулардан кийин жаралат. Мисалы, кургак учук, жыныстык жактан жугуучу оорулар, бруцеллёз жана башка. Жыныстык жактан жугуучу ооруларга токтолсок, уреаплазмоз, микоплазмоз, хламидиоз, гарднереллёз деген ооруларды убагында дарылабаса, анда аталган оорулардын оору козгогучтары канга өтөт. Анан кол манжалардын муундарындагы кемирчектерди жабыркатат. Акырындап кол манжалары кыйшая баштайт.
Мындан тышкары көздүн көрүүсү начарлап, бөйрөк оорулары жаралат. Аялдарда бойдон түшүп калуу, баланын өлүк төрөлүшү, ара төрөө, ал эми эркектерде жыныстык жактан алсыздык, тукумсуздук, заара чыгуучу каналдын ичкериши күтүлөт. Андыктан жогоруда аталган ооруларды тоготпой жүрө бербөө керек. Жубайлардын экөө тең текшерилип, бир убакта дарылануулары зарыл. Болбосо дарыланбаганынан улам оору кайра жуга берет.
Ревматоиддүү
Кызыл жүгүрүк (ревматизм) көбүнчө тукум куучулуктан, ангинадан жана стрептококк бактериясы козгоочу оорулардан (мисалы, тонзиллит) жана сепсистенжаралат. Оору козгогучтар адам дарыланбаса организмге тарап, жүрөк-кан тамырларды жабыркатат.
Кристаллдашкан
Организмде зат алмашуунун бузулушунан, туура эмес тамактануудан улам муундарга туздун топтолуп калышынан жаралат.
Рейтер синдрому
Вирустук жана бактериялык инфекциядан бир эле мезгилде табарсык, тизе мууну, көз (коньюктивит) ооруйт.
Аталгандардан тышкары псориаз менен коштолгон түрү, жаракаттан кийин пайда болгон түрү, остеоартриттүү деген түрлөрү да бар.
Сурап билуу учун телефон жана вотсап номерим :0556560126
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев