Ден соолук менен сулуулукту өз колубуз менен жасайлы
Бөйрөктөрдү тазалоо менен сулуулугуңузду, ден соолугуңузду узакка сактаган болосуз.
Бөйрөк оорусу кимдерди көп тооруйт?
Бөйрөк оорусу өтө эле арык, узун бойлуу адамдарга көп жармашат. Мындай адамдарда бөйрөктү калыптагыдай абалда кармап турууга жардам берүүчү май капсуласы жакшы өөрчүгөн эмес. Демек, бөйрөктүн ылдый түшүп калуу коркунучу бар.
Бөйрөк оорусунун ар кандай түрлөрү менен эркектерге караганда аялдар көбүрөөк оорушат. Бул аялдын организминин физикалык жана анатомиялык өзгөчөлүгү менен түшүндүрүлөт. Көпчүлүк учурда бөйрөктүн ишинин бузулушу аял кош бойлуу кезинде башталат.
Орто жаштагы жана андан өткөн эркектер да бөйрөк оорулары менен көп жабыркашат.
Эгерде кимде-ким тиш жана тамак ооруларын өз маалында дарылатпаса, бул адамдарда бөйрөк ооруларына чалдыгуу коркунучу жогору болот. Анткени, кариес, тамактын сезгенүүсү бөйрөк ооруларын чакырат. Бул инфекциялардын козгоочулары кан аркылуу бүт организмди айланып жүрө беришет да, анан дал ушул бөйрөктөргө барып "отурукташып" калышат. Өзгөчө ангина коркунучтуу - ал өтүшүп кеткенде бөйрөк катуу жабыркашы мүмкүн.
Эмгекчилдерге караганда жалкоолор бөйрөк ооруларына көп чалдыгышат. Анткени, көп кыймылдоо зат алмашууну, бөйрөктөрдүн жашоосун жакшыртат. Канчалык көп кыймылдасаңыз бөйрөктөр кан менен ошончолук жакшы камсыз болуп, заара көп бөлүнүп чыгат. Андыктан, жалкоолорго караганда эмгекчилдердин бөйрөгүндө таштын пайда болушу аз болот, болсо да жаш курагы жогорулап калганда пайда боло баштайт.Бөйрөктүн абалын зааранын түсү аркылуу аныктоо
Эгерде заараңыз кызыл, кызгылтым түстө болуп, тунук болбой киргилтим тартып турса, анда заараңызда кан болушу ыктымал. Бул инфекциядан же заара бөлүп чыгаруучу системадагы шишиктен кабар берет. Тезинен дарыгерге жөнөңүз!
Эгерде заара ток сары түстө болсо, анда тынчсыздануунун кажети жок. Эгер суюктукту аз ичсеңиз заара түсүн ушинтип өзгөртөт.
Кочкул-күрөң түстөгү заара гепатиттин белгиси.
Кээде заара жашыл же көгүш түскө ээ болуп калышы мүмкүн. Мындан чочулоонун кажети жок. Болгону ошол учурда сиз курамына боёктор кошулган жасалма азыктар менен тамактангансыз.
Ал эми калыптагыдай зааранын түсү ачык сары болууга тийиш. Бирок ичкен суюктугуңуздун өлчөмүнө жараша өзгөрүлүп тура берет. Тактап айтканда, суюктукту канчалык көп ичсеңиз заараңыздын түсү ошончолук ачык болот да, аз ичкен сайын кочкул тартып кете берет.
Эгерде бөйрөктөрүңүз ооруса...
эки көзүңүздүн астында "мүшөкчө" пайда болуп калат;
бир суткадагы заараңыздын өлчөмү азаят;
дааратканага тез-тез барасыз, бирок, аз-аздан гана заара бөлүнүп чыгат;
заара ушатуу ачышуу менен коштолот;
заара тунук болбой, киргилт болуп чыгат;
көздүн көрүүсү начарлай баштайт.
Мындай учурда тезинен алдын албасаныздар, аягы коркунуч менен аяктайт. Бугунку кундо Алоэ Веранын продукциялары жогорку денгээлде жардам берет. Мисалы, Ягодный нектар, алоэ гулунон чай, поля зелени , абсорбент С бойрокту тазалайт . Сурап билуу учун томонку телефон номерге кайрылсаныздар болот: ватсап0556560126
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1