28-уландысы.
Тан атпай Адыл ойгонду. Вованын тартибине конуп калгангабы саат торт болуп калыптыр. Кайра уктаганга козу эч эле илешпеди. Канат менен кечинде суйлошуп олтуруп качан Канат эртен жумушка барам жаталы,калганын эртен деле суйлошобуз деп жатып алды. Анара менен тортоо Тун бир ооп калганда гана создорун токтотушуп жатышты. Ошондо дагы уктап калсам Вова урушат деген сезим менен тан атпай ойгонсуду. Ушунчалык зарканып калганбы ким билет бирок ошондо дагы коркунуч сезим бар эле. Эми мындан кийинки короор кунубуз эмне болот экен деп катуу ойлонуп кайра уктап кетти. Нуркыз менен Динара дагы элден алдын турушту. Экоо бири бирин карап эмне кылыштарын билишпеди. Суйлошуп олтуралы дейт,элдин уйкусун бузбайлы дешип карангы потолокту карап жата беришти. Ойлору келечегибиз кандай болот экен,э кудай жолубузду шыдыр,жолдошубузду кызыр кыл. Озун колдоп,оз канатындын астында асыра дешип жатышты. Арадан убакыт отуп болмо ичине тиргилик журо баштады. Бир болмолуу уйдун ичинде Канат аялы баласы менен, Чынара менен Нурбек, Ырыс менен Аваз, Батма менен Талас деген жаш жубайлар чогу жашашат экен. Алардын устуно эми учоо келип кошулду. Ар бири жумуштарына жоноп кетишти. Анара, Нуркыз, Динара учоо ашканага чыгышып алып кээнири суйлошуп олтурушту. Адылды чарчады, ал аябай кооп мээнеттенди дешип аны аяп тим койушту. Качан кун аркан бою которулуп калганда гана ойгонду Адыл. Курсагын тойгозуп,танкы уйку кандай ширин болорун эми билгендей мындай уйкуну качан уктаганын озу билбейт. Бермет огой энесинин кордугу башталган кундон бери уйкуга тоюп уктай элек эле. Анара женесинен Кыргыз Республикасынын посольствасы кайсы жерде жайгашканын сурап,Нуркыз менен Динаранын уйдон эч жакка чыкпашын айтып озу чыгып кетти. Жолго чыгаардан алдын Вованын акчасын Динарага берип катып тур келгиче деп,озу беш мин рубльду алып кетти.
Уйдон чыгып метро кайсы жерде экенин сурап Менделеевская метрополитенин табып Серпуховская метросуна жоноду. Бешинчи метро станциядан тушот экенсин. Ал жерден чыгып Большая Ордынка 64ст1 деген даректи издеп зорго тапты. Посольствага барып арыз менен кайрылды эле эч бир жардам бере алышпасын айтып,кайра куноону Адылга коюп,ордунан туруунун козун коздобогонун коруп,ичинен кайгырып чыгып кетти. Бизди издебей деле калат эле эгер акчаны ала качпаганымда деп аттин кылды. Акчага азгырылдымбы же учообуздун мээнетибиз деп алдымбы неге алдым экен а деп озун жемелей баштады.
Вова дагы алардын акча менен качканын билгенден кийин столдун сурмасынан паспорттордун кочурмосун издеп табып,Бектурга чалды. Кайсы жерден тапканын,даректерин тап деп тилдеди. Москванын четине келип,паспорттордун кочурмосун бир адамга берип издеп табышын сунуштады. Алар ошол эле куну аэропорт, автовокзалдарды келип кузотко алышты. Учоонон дайын болбоду биринчи куну. Кузотту кезеги менен карап олтурушту. Кыргызстанга ошол куну учак учабы жокпу ага карабай кузотуп олтурушту. Ал куну учоо Андрей чалдын уйундо кечке олтурушуп кеч киргенде гана Москвага келишкен болчу. Адыл билет алсак кетебиз деп жаткан оюн Канат бузду телефондон чалып:
- Адыл билет алба,кетип бара жатканынарда депортация кылып жиберет. Андан корок Украинага границага чыгып келгиле да кичине иштеп кайткыла. Мумкун анын милицияда тааныштары да бардыр.
-Анын таанышы болсо биз Москвада кээнири журо да албайбыз. Депортация кылса кылсын Россияны эми желкемдин чункуру корсун келбейм эми экинчи. Кайран омурум талаада калды,токойдун ичинде,кетпесек болбойт,анын устунон консул дагы жардам бербей турган болуп жатат,олсом дагы оз мекенимде олсом жакшы-деди.
- Макул кеч уйго барганымда суйлошолу,кенешип кескен бармак оорубайт дейт,билетти албай туруп тур. Бир чечимге келели,кийин оз эркин-деп коштошту. Кайра уйго кайтаарда Адыл адашып кетти.
Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 25