18-уландысы.
Адыл асман тиктеп ойлонуп турган жеринен Динара аны ойлорунан бузуп сурап калды:
-Адыл,кир жатпайсынбы? Эмнени ойлонуп турасын?
-Келечекти,эртенки кунубуз эмне болот деп ойлоп турам,анан дагы бир маселе мени тынч койбой жатат.
-Кандай маселе? -деп Нуркыз жанына келди.
-Окул атага калпычы болдум,баласына же жолугуп айтып койбопмун,биз бул жакка кеттик деп. Эртен балдардан телефон сурап кором го,Эсенбек достон болсо да айттырып жиберейин. Алардын тынчын албай,сар-санаа санаттырбай,мен да тынч иштешим керек.
-Аны эртен кылабыз Адыл,азыр укташ керек.
-Женем туура айтат,жургуло-деп Нуркыз жол баштады.
Уйдун ичине кирсе Нуркыз бир адамдык жана эки адамдык кылып тошок салып койуптур. Аны коргон Адыл кыздардын алдында уялды,бирок унчукпады. Жарыкты очуруп Адыл тошоктун ичине кирип чечинип жатты. Жанына Динара жатты. Анын жатышы менен Адылдын журоктору ордунан козголуп,тез-тез сого баштады. Эмне кылышын билбей Динаранын жузун тик карай албай жатты. Бул абал Динарада бар болчу,ал да тик карай албай,биринчи жолу эркек адам менен бир тошокто жатышы болчу. Бири-бирлерине бейпил тун каалап уктаганга аракет жасашты. Кээнири жатып жургон Адыл бугун кысылып чыкты. Канча убакыт отту ким билет:
-Динара.-деди акырын.
-Эмне?
-Уктай элексинби?
-Жок,уктай албай жатам. Озун эмнеге уктабай жатасын?
-Динара,бир нерсе айтайын созумду болбой угуп тур,жаным сени суйгонум суттой ак,суйгонум учун сени уйундон алып чыгып уйлонсом деген ойлорум бар эле,мындай талаа шартында эмес,айтаарым нике окулмайынча сага кол тийгизе албайм,периштем мени туура тушун. Шайтан ойлорума мени азгырбасан деп тошокту болсок дейин деген элем,айткандай кореа сериалдарынан Ва_банк деген кино бар,озбектер аны тагдыр оюну деп которуп коюшуптур. Коргон белен ошол кинону?
-Жан коргом ал кинону,мен да сени суйом,анда ойлорунду тушундум,мен да соз берем, Мин Су Ёндой мен да сени канча болсо ошончо кутом,Ким Инададай кандай гана кырдаал болбосун,мага кайтам десен.
-Мен да ошону айтып жатам,мен сени таштабайм,сенсиз жашоо учу-кыйыры жок койуу тумандай корунот,мен сени мени таштабасан экен деп айтып жатам.
-Жок,мен да сенсиз жашоону элестете албайм. Анда келиштик,суйуубузду коздун карегиндей сактайбыз,бирок тошокту болбойбуз.
-Макул,анда кел кучагыма,мындан нары ашыкча ишке жол жок-деп Динаранын илебинен сооруп:
-Тунун бейпил болсун-деп кучактап жаткан боюнча башын баштыкка койду.
-Сенин да тунун бейпил болсун-деп Динара да уйкуга кетти.
Тан атканда Нуркыз ордунан турду. Айланага качан эле жарык тушуп, кундун нуру терезеден уйдун ичине жарык чачып турду. Уктап калган окшойбуз деп телефонундагы саатты караса саат бештен он сегиз минут отуптур. Артта калган окшойт деп Динаранын телефонун карады. Анын да сааты ошол убакытты корсотуп турду. Телефонду ордуна койуп жатып Адылдын ордунда жок экенин байкады. Уландысы бар.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 9