13-уландысы.
Борбор шаарыбызга да танга маал кирип келишти. Туз эле таксини темир жол бекетине айдатып келишти. Кечикпей келгенине баары шугур кылышты. Опко-журокторун калыбына келтире башташты,кечигип калабызбы дешип энтигип да калышкан болчу. Ошентип поездге да олтурушту. Он беш минут турбай эле поезд жонодум деген унун созуп,ордунан жыла баштады. Жолдорубуз байсалдуу болсун деп ичинде олтурган жургунчулор тегиз бата кылышты. Учоо тен плацкарттын терезесинен сыртка коз чаптырышып,омурлорундо биринчи жолу чет мамлекетке чыгып жатканына кубанышса,артынан эле келечегибиз,ал жакта коро турган кунубуз эмне болот экен, Арстан окул атамдын баласы биз барганда уйундо болсо экен,жумуштамын деп келбей койбосо экен деп Адыл кооп нерселерди жараткандан насиб кылышын сурап бара жатты. Станциядан станцияга журуп олтуруп,казак туугандар менен чектешкен чек арага келишти. Кайынды станциясынан чек араачылардын текшеруусунон кийин жоношту. Андан отуп казак туугандардын станциясында да текшерилип жатышты.
Казак аскери Адылдын паспортун карап,алынганына бир жыл болуптур,жолго жаны чыгышы,орусча айтмакчы "новичок" экени билинип турат. Адылды чекеге чакырып,акча сурады,бербесен ушул жерде каласын деп коркутту. Адылдын бир гана корккону камап койсо издеп анын артынан эч ким келбейт. Нуркыздын колунан эч нерсе келбейт. Кандайдыр бир убакыт кутот да,казактарга кулдукка сатып жиберерин билип турат. Ошондон коркту. Казак аскери сураган беш мин сомду берем деп чонтогунон акчаны суруп чыкканда,козу ойногон аскер баарын алып туруп,Адылга беш минди санап берип калганын чонтогуно салып койду. Ошончо чон суммадагы акчасынан айрылган Адыл аскер жигит менен алышып да кетууго даяр эле,экинчи аскер жигит:
-Э дозум,держи себя в руки,мне камалып кетижинди каалап турасынбы? -деди.
- Жок,эркекпи айтканына жооп берсин-деди Адыл.
-Оо,эр журек жигит окшейсин,жур бияк басалы-деп Адылды бир-эки муштап жиберди:
-Паспортунду проводниктен аласын бара бер-деп Адылды жонотуп жиберишти.
Адыл ордуна келгенде кыздар сурап калышты эмне болгонун. Адыл баары жайында деп ачыгын айтпады. Поезд ордунан жоногондо Адыл ордунан туруп,проводникке жоноду. Паспортун андан алып,ордуна отурду да эс алайын деп жатып алды. Кечки саат алтыларга жакын Чу станциясына келишти. Ошондо Адылды кыздар ойготту:
-Тамактанасынбы? Тур.-деп. Уйдон даярдап алышкан жолго деген тамактарынан жеп журушту. Ар бир станциянын ортолорундо майда соодагерлер коп экен. Бири тамак-чайын сатса. Бири суусундук менен ичимдик сатат. Учунчусу китеп-гезит которуп сатып журот. Ирик соодагерлер Бишкектен Москвага таашыйт экен. Акчасы коптор эртен жонойт деген поездге тун ичи менен Бишкекте эле,акчасы аздары Чуга чейин машинеде келип,Чудан поездге чыгып алышып,Казакстан ичи бекитишип отот экен. Анча-мынчасын жургунчулорго да беришип,белекке деп алып кетип жатам дейсин деп,товарын чачышат экен. Казакстандын чолдорундо бир жарым сутка журушту. Кыздар кызыккан нерселерин Адыл алып берип жатты. Россия менен чектешкен жерине келгенде Адыл казактар дагы сураса эми бербейм,алып калсан алып кал деп айтам деп жатты эле,жок эч кимиси сураган жок. Алданып алдырып койгонун эми тушунду Адыл. Ал жерден отуп орусия кирип келишти. Ал жерден да текшеруудон отуп,документтерге печать басылып буткондон кийин ал жерден да жоношту. Ирик соодагерлер чачкан,бекиткен товарларын эми чогултуша байтайт экен. Россияда анча мынча шаар,айыл корунуп калбаса калганы бут эле токой экен. Оскон карагайларды,ак кайынды коруп суктанасын. Жолдо келе жатканда Адыл ар кайсы балдар менен таанышып,алардан ижарага уйду кайдан табышты,жумушту кантип издешти сурап олтуруп,улуу кишилерге отту. Жакшы элууго жакындап калган Бектур деген киши менен таанышып калды:
-Бектур аке бизге бир квартира керек,биз уч адамбыз. Эки карындашым менен бара жатам-деди.
-Адыл менде квартира жок,мен балдарды ишке алып кетип жатам,жатакана,тамак-аш берилет ишкандан. Ал жерге кыз баланын кереги жок,жок токто. Такыр унутуп калган экенмин,кыздар керек,тамак-аш жасаганга,идиш-аяк жууганга.
Экоо ошентип жакындан таанышканча Москвага чейин чогуу кетишти. Эки сутка ичинде Москвага да кирип келишти. Бишкектен 3,5-4сурткада келет экенсин Москвага. Уч вокзал жакын-жакын жайгашыптыр адам коп. Учоо Бектурдун артынан жоношту. Аларга кошулуп ар жакта он бештен коп балдар келе жатышты. Ушул жерде тургула деп Бектур бироого телефон чалды,тез эле келди ал микроавтобус экен. Баары чыкты,унаа жоноп кетти. Москва кандай гана кооз шаар. Метро Рижская деген жердеги темир жол станциясы бар экен,ошол жерден электричкага чыгышты. Москвадан узап,областтын кайсы бир станциясынан тушушту да, ал жерде да микро автобус кутуп турган экен чыгып жоношту. Адылдар учоо менен биригип жыйырма бир адам иштегени бара жатышты.станциядан уч саттай жургондо Кировский деген айылга келип токтоду. Бектур балдарга:
-Керектуу нерселеринер болсо дукондон алгыла. Мисалы сакал алгыч,лезвия. Самын-шампунь ж.б.-деди.
Балдар тушо калышып эле дуконго чуркашты. Алчу нерселерин алышкандан кийин токой аралап кирип кетишти. Бир сааттан ашып ашпай журуп бир жерге токтоду. Баары тушушту унаадан. Айлана токой,салкын,кеч кирип тун да жакындап келе жатат, унаадан алыс турган жерде айланасы тосулган эки кабаттуу контейнерлер турат. Дарбаза ачылып ичине киришсе уй деген нерсенин аты жок,жалан гана контейнерге окшогон вагондор экен. Ичкериде торт-беш эле балдар журот,бизди коруп суйунгону да,кайгырганы да корунуп турду.
-Всем приветствую! -деп биро кыйкырып калды.
-Меня зовут Владимир Григориевич,бул жердин кожоюну. Кош келипсиздер эми сиз учун мен жоопкермин эми. Ошого озунордун коопсуздугунар учун ото кылдааттык менен иштешинерди суранат элем,ушул жерде жашап,иштеп,жеп дегендей баары ушул жерде болот. Иш огой эле,Аны кийин жигиттер корсотот. Азыр силер менен биз контракт тузобуз. Жумуш келишимин толук бир жылга тузобуз. Тузулгон моонотко чейин иштейсинер,моонотунор буткучо эле кетем дей албайсынар. Анткени мен силердин баардык каражатынарды мен толоп келдим. Ошого ордунарга адам табуу кыйын болгондуктан моонотунор бутконго чейин кете албайсынар,буткондон кийин кааласанар узартып дагы калып кетсенер болот. Айлык акчасына кайрылсам ар бир айга он беш миш рубль толойм,аз дебегиле,анткени тамак-ашынар,жатаканар,даже кийим-кеченер да менден болуп жатпайбы? Акчанарды моонотунор буркондо берем,ага чейин мен топтоп да берем,мекенинерге милионер болуп кайтасынар. Ыраазымын дегенинер мени менен жургуло,ичкери кирип келишим тузолу-деп кирип кетти.
Адыл бул жакка бекер келгенин тушунуп кыздарга:
-Бул жерден кетиш керек,Бектур аке кайда журот экен?
-Адыл эмне болду? Ушунча жол журуп келдик,эмнеге кетели деп жатасын?
-Иштетиши иштетет,топтолгон акчаны кийин беришине козум жетпейт. Бир адамга жыл этеги 180000 бериш ал оор келет.
-Адыл орустарда ыйман жок,ынсап бар деп койушканын укканмын. Онуккон мамлекет,анын устунон карачы ушунча балага билетинен бери алып берип, Кыргызстандан бери чыгымын толоп келиптир ага канча акча кетти билбейсин,ошончо кыргызга муктаж экен толосо керек мээнет акысын?
-Макул,калсак калалы.артка кеткенге да акча жок.
-Кандайча? Кантип жок? -Нуркыз Адылдан сурады.
-Поезде уурдатып жиберипмин же тушуруп койдумбу озум да билбейм-деп койду.
Ошентип учоо ошол жерде калышмакчы болду,бирок аларды Бектур сатып жибергенин жыйырма бир баланын бироосу да билишпеди. Уландысы кийинки санда.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3