Кээде биздин организмде ички башаламандык жаралат. Анткени ар бир орган жана клеткалар системасы улам жаңырып турат. Бул үчүн резервдеги клеткалар дамамат бөлүнүп турууга аргасыз. Андыктан дал ушул бөлүнүү учурунда жаңы клетканы атайын клеткалар тааныбай, кармап алышат. Мындай катачылыкты сырткы чөйрөнүн терс таасирлери (мисалы, күнгө көп күйүү) көбөйтүп жибериши мүмкүн.
Катачылыктын айынан клетка өлүшү же залалдуу клеткага айлана баштоосу мүмкүн. Кезектеги «текшерүүдө» залалдуу шишикке айланган клетка жок кылынат. Ал эми катачылыктан кармалган клетка өлө элек болсо, азаттыкка чыгат. Кээде атайын клеткалар ким өз, ким жат экенин ажырата албай калышат. Мындай болгондо нормалдуу клеткалар да жат деп эсептелинип, жок кылынат.
Бул процесс «аутоиммундук патология» деп аталат. Аутоиммундук ооруларга ревматоиддүү артрит, бөрү жатыш, псориаз жана кээ бир нерв, кан оорулары кирет. Атайын клеткалардын иши бузулганда, организмге кирген кадимки үйдүн чаңы же ит-мышыктын жүнү, тамак-аш азыктары же жөнөкөй эле дары-дармектер күтүлбөгөн жерден чоочун зат болуп эсептелинип калат да аллергия жаралып, өнөкөткө айланат.
Кээде организмге кирген инфекция менен күрөшүүдө биздин иммундук система аларды убагында жок кылууга жетишпей калат. Мындай болгондо сезгенүү очогу жок болбой, ал жерде «аскер-клеткалар» менен «душмандардын кагылышы» жүрөт. Ушул учурда «согуш» болуп кетиши мүмкүн. Мисалы, бронхиалдык астманын байкоосуз, курч кармаган белгиси (пристубу) ушунун айынан кармайт. Коргоочуга кам көрүңүз!
Иммунитет дайыма бир калыпта иштесе, анда организмге коркунуч туулбайт. Башкача айтканда, инфекциялык, аллергиялык, аутоиммундук ооруларга чалдыкпайсыз. Жогоруда айткандай, адам вирус жана башкалардан иммунитети аркылуу коргоно алат. Ошондой эле иммунитет адамдын суукка, ысыкка, радиацияга жана кислотага туруштук берүүсүн камсыз кылат.
Эгер иммунитет төмөндөп кетсе, анда организмге кирген микробдор, вирустар, мителер жашап кетет да көбөйө баштайт. Адам бат-баттан жана катуу ооруйт. Мындай абалды дарыгерлер «иммундук жетишпестик», «иммунитеттин кемчилиги» деп аташат. Буга СПИД (синдром приобретённого иммунодефицита) мисал боло алат. Кенен маалымат алыш учун вотсап номериме жазыныздар +79265798855
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев