Бөйрөктө кан айлануу бузулуп, заара бөлүп чыгаруу начарлайт да организмде уулуу заттар көбөйүп, кислота-жегич, суу-электролит балансы өзгөрүүгө дуушар болот.
Түрлөрү:
Бөйрөк оорусунун эки түрү бар. Катуу кармаган жана өнөкөт түрү. Катуу кармоочу түрү көбүнчө 20-40 жаш куракталарда көп кездешет. Бөйрөк ишинин начарлашына канды көп жоготуп, кан басымынын кескин төмөндөшү, шок, бөйрөк же аорта кан тамырларында кан уюп калуу, узак убакытка ич өтүп же тынымсыз кусуу, дененин катуу күйүшү, заара айдама дарыларды узакка ичүү алып келет. Ошондой эле ар түрдүү уу заттар менен уулануудан, бөйрөк ткандары өтө сезгич келип, чөйчөк сымал капсулалары, заара каналчалары сезгенип, шишип, жараланып, чирий баштайт, бөйрөктүн ириңдүү сезгенүү ооруларынан, бөйрөк түтүгүн таш тосуп же заара жолдорун шишик басып кокусунан бөйрөк түтүгүнүн бүтөлүп калышынан болот. Катуу кармаган түрү өтүшү боюнча төрт бөлүккө бөлүнөт:

1- оорунун башталышы
2- зааранын азайышы же бөлүнүп чыкпай калышы (анурия),
3- зааранын кайрадан (бир суткада 1,5-2,0 л) калыбына келиши
4- оорулуунун айыгуусу
Анын белгилери оорунун себебине жараша болот. Мисалы, аборт, бөйрөктүн ириңдүү оорусу, жылан, кара курт жана башка уусу менен жапа чеккенде дене ысып, чыйрыгуу, кубаруу, тырмактын учтары, ээк көгөрүп, арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин деле саргайып, кандын басымы төмөндөйт. Ал эми оорулуу эс-учун жоготушу да мүмкүн. Оорулуунун абалы оңоло баштаганда зааранын бөлүнүп чыгуусу акырындык менен көбөйө баштайт (бир күндө 500-600 мл), 2-3 күн өткөндөн кийин 1800-2000 литрден ашык заара бөлүп чыгат.

Оорунун себептери
Бөйрөк ишинин начарлашынын өнөкөт түрүн бөйрөктүн узакка созулган (3-10 жылга чейинки) оорулары (гломерулонефрит, пиелонефрит, бөйрөктүн таш жана кургак учук оорулары, гидронефроз жана башка) дуушар кылат. Өнөкөт оорулар акырындык менен бөйрөктүн иштешин бузат. Эки бөйрөктүн тең ишинин начарлашы өнөкөт оорудан кийин акырындык менен канда уу заттар көбөйүп уремияга алып келет. Бардык органдарда, нерв, угуу, көрүү системасында, өпкө-жүрөк, ичеги-карын, боордо өтө оор өзгөрүүлөр пайда болот.
Өз учурунда диспансердик учётко алынып, дарыланып жүргөн оорулууларда бир нече жылга чейин бөйрөк иши начарласа да, ал 3-4 жогорку көрсөткүчүнө өтүп кетпейт. Бирок, оор жумуш жасоо, диетаны сактабоо, ичкилик ичүү, ар түрдүү жугуштуу оорулар бөйрөккө күч келтирип, уремияны чакырышы мүмкүн. Оорулуу алсырап, бат чарчайт, ишке жөндөмдүүлүк жоголот, баш ооруйт, окшуп, кусат, тамак ичүү начарлайт, арыктайт, бет, көздүн алды агыш тартып тери кургап, түлөйт. Колу-буттун күчү кетип, кол калтырап, сөөк, муун сыздап ооруйт. Кан менен зааранын курамы өзгөрөт. Канда шлактар - уу заттар 2-3 эсе көбөйүшү мүмкүн.

Бөйрөктөгү таштардын пайда болушу
Бөйрөк организмде эң негизги бөлүп чыгаруу, организмдеги керексиз заттардан тазалоо функциясын аткарат.
Бөйрөк – канды чыпкалай турган орган. Организмдеги керексиз уулуу заттарды чыпкалап, керексизин сыртка чыгарып турат.
Бөйрөктөгү таштардын пайда болушун эң негизги себептери:
1- Бөйрөктө зат алмашуунун бузулушу
2- Ички бездердин иштөөсүнүн бузулушу
3- Бөйрөктүн сезгениши
4- Бөйрөктүн тубаса кемчиликтери
5- Зааранын толук агып чыкпай бөйрөктө кармалып калышы
6- Заара бөлүп чыгаруу жолдорунун тубаса кемтиги
7- Зааранын химиялык курамынын бузулушу
8- Ашказан, ичеги-карын, боор жана өт баштыкчаларынын оорулары
9- Сырткы чөйрөнүн организмге тийгизген терс таасирлери

Зааранын курамындагы көп түрдүү туздар бөйрөк аркылуу толук эритилип, тазаланып, анан бөлүнүп заара менен сыртка чыгарылат. Жогоруда аталган түрдүү себептер заараны химиялык курамынын өзгөрүшүнө, минералдардын жана туздардын толук эрибей кристалл түрүнө өтүшүнө түрткү болот. Кристаллдар болсо чокмороктошуп ташты пайда кылат. Таш көбүнчө бөйрөк каналында пайда болуп, бөйрөк көңдөйүнө түшүп кармалат. Андан соң акырындык менен чоңоёт же заара түтүкчөлөрү аркылуу табарсыкка жетет. Андан заара чыгаруучу канал менен сыртка чыгат. Таштын көлөмүнө, формасына, жайгашкан жерине байланыштуу оорутуу катуу, жумшак, такай жана кыска мөөнөттө болушу мүмкүн.
Бөйрөктүн жана заара чыгаруучу түтүкчөнүн таштарынын негизги белгиси болуп түйүлтүп оорутуу эсептелет. Ал күтүүсүз жерден кармайт. Белдин тушу катуу сайгылашып оорутат. Оору бөйрөк туштан башталып, төмөн ич көңдөй жакка, жука чурайга чейин жетет. Адамды кара тер басып чыйрыктырат, окшутуп, кустурат. Зааранын түсү өзгөрүлүп, адам бат-бат заараны ушатат.
Эгерде адамда жогорудагыдай оору белгилери байкалса, дарыгерге тезинен кайрылуусу керек.
Оору узакка созулса, ар кандай кабылдоолорго алып келет. Маселен, адегенде бөйрөк сезгенип, анын ич көңдөйлөрү кеңейип, чоңоё баштайт. Бөйрөк ткандарына күч келип, бөйрөктүн эти жукарып, көлөмү чоңоюп, суу баштыкчасына айланат. Бул бөйрөктүн кан басымынын жогорулашына алып келет. Өз учурунда жардам көрсөтүлбөсө, ириңдүү дартка айланып, бактериялык вируска, кала берсе кандын бузулушуна алып келет.

Табарсыктын ташы анын ички былжыр челин сезгентип, бат-бат заара ушатууга жеткирет. Күч келгенде табарсыктын былжыр чели жараланат, канайт жана зааранын түсү өзгөрөт. Заара түтүкчөлөрүнө таш туруп, тыгылып калса, заара чыкпай токтоп калат. Мындай учурда заарадагы уулуу эритиндилер канга сиңип, уремияга алып келет.
Алдын алуу
Бөйрөк оорусун алдын алуу үчүн балдарды күйүүчү майлардан алыс кармап, жугуштуу ооруларга кабылса аны убагында дарылаш керек. Андан тышкары убагында келип бөйрөктүн ишин текшерип туруу маанилүү. Себеби кандай гана оору болбосун бөйрөккө таасир берет.
Дарылоо жолдору
Дарылоо дарыгердин көрсөтмөсү боюнча оорунун түрүнө, стадиясына жараша жүргүзүлөт: диетаны сактоо, калориялуу, витаминдүү тамак сунуш кылынат. Катуу кармоочу түрүн дарылоодо, эгерде заара жолдорун таш тосуп калса жана башка учурда тезинен операция жасап, зааранын чыгышын калыбына келтирүү керек +79265798855
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев