53(59). Абу Хурайра розияллоху анхунун мындай дегени рабаят этилет: «Бир жолу Алланын элчиси алайхиссалам чогулган адамдар менен сүйлөшүп жаткан чакта ага бир бедуин келип: «Ошол Саат (Кыямат) качан болот?» - деп сурады. Алланын элчиси алайхиссалам (ага жооп бербестен) сөзүн уланта берди. Айрым адамдар: «Ал эмне дегенин угуп, бирок жактырбады» - дешсе, айрымдары: «Жок, укпай калды», -- дешти. Сүйлөшүп бүтүп, пайгамбар алайхиссалам: «Жанагы ошол Саат жөнүндө сураган кана?» - деп сурады. «Мен мындамын, эй Росулуллох», - деп үн берди. Ошондо ал (пайгамбар) айтты: «Аманатка берилген нерсеге кыянаттык кылынганда ал Сааттын башталышын күтө бер». «Ал кантип кыянатка дуушар кылынат?» - деп сурады (бедуин).
Бийлик-мансапка татыксыз, колунан иш келбегендерге тапшырылса ошондой болот. Ошондо ал Сааттын (Кыяматтын) башталышын күтүү керек!» - деп жооп берди пайгамбар алайхиссалам». (Сахих ал-Бухари)
15-БАП. Илимдин жоголушу жана наадандыктын пайда болушу.
70(80). Анас розияллоху анхудан
Алланын элчиси алайхиссаламдын бул айткандары рабаят этилет: «Илимдин жоголушу. наадандыктын тамыр жайышы, адамдардын ичкиликти (көп) ичиши жана зы наакордуктун таралышы ошол Сааттын (жакындыгынын) белгиси». (Сахих ал-Бухари)
71(81). Анас розияллоху анхудан
мындай дегени рабаят этилет: «Мен силерге бир хадис айтып берейин, менден кийин аны эч ким айтып бербейт. Мен Алланын элчисинин бул айткандарын уккан элем: «Ошол Сааттын жакындаганынын белгиси - илимдин азайышы, наадандык менен зынаакордуктун жайылышы жана аялдардын саны көбөйүп, эркектердин саны элүү аялга аларды башкарган (ээлик кылган) бир эркек кала турган даражада азайышы болот». (Сахих ал-Бухари)
2087(7017). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) мындай дегени рабаят эгилет: «Алланын элчиси алейхиссалам айткан: «Ошол убакыттын[5] жакындашы менен момундун түштөрү дээрлик дайым оңунан чыга баштайт, себеби момундун түштөрү-пайгамбарлыктын кырк алты бөлүгүнүн бири, ал эми пайгамбарлыкка тиешелүү нерселердин баары жалган эмес» - дегени рабаят этилет.
5 Сөз Кыямат Күнүнүн жакындашы жөнүндө болуп жатат. (Сахих ал-Бухари)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2