Махдинин чыгышы – Кыяматтын чоң белгилеринин бири. Ал акыр заманда чыгат жана бул үммөттү башкарып, Ислам динин жандандырат. Ал, адамдар зулумдукка батып жер бетине бузукулук жайылганда келет жана Ислам менен өкүм кылып, адилеттүүлүктү орнотот. Махдинин учурунда адамдар эң жакшы жашоодо жашап, өмүрүндө көрбөгөн жакшылыктарды көрүшөт.
Хафиз ибну Касир, рахимахуллах, айтат: «Махдинин заманында мөмө жемиш түшүмдүү, эгиндер мол, ушунчалык көп акча, Ислам өкүмү, жеңилбес башчы, кор болгон душман жана токтобостон уланып турган жакшылыктар болот».
*МАХДИ ДЕГЕН КИМ?*
Махди жөнүндө Пайгамбар ﷺ мындай деп кабар берген: Ал акыр заманда келип, бул үммөттүн динин жандандырып, адилеттүүлүктү орнотот. Махди чыкканда аны бардык мусулмандар ээрчийт жана ал бардык мусулман мамлекеттерине бийлик кылат.
Махди Пайгамбардын ﷺ урпагынан, Фатима, радыяллаху анханын, балдарынан болот. Анын жүзүндө жылдыздай жаркыраган калы бар болот. Ал эми анын аты Мухаммад, атасынын аты болсо, Абдуллах болот. Ошондой эле Махдинин заманында Иса пайгамбар жана Дажжал чыгат.
Махдинин кадырын баяндаган жана адамдардын арасынан чыгышынан кабар берген көптөгөн хадистер келген. Пайгамбар ﷺ айтты:
*«Ысымы менин ысымымдай, ал эми атасынын ысымы менин атамдын ысымындай болгон бир адам арабдарга башчы болмоюнча бул дүйнө жок болбойт».* (Абу Дауд, 4282)
Ал эми Махдинин ата-теги: Пайгамбарыбыздын кызы Фатиманын балдарынан экенин тастыктап келген риваяттар көп. Умму Салама, радыяллаху анха, айтат: *«Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деп айтып жатканын уктум: «Махди менин урпагымдан, Фатиманын балдарынан».* (Ибну Мажа, 4086)
Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: *«Махди биздин урпактан, ага Аллах таала бир түндө ийгилик берет».* (Муснад Ахмад, 2/58)
Жогоруда айтылган хадистердин баарысы Махди Пайгамбардын ﷺ урпагынан, тагыраак айтканда кызы Фатиманын балдарынан таркаган урпактардан чыгарын тастыктайт. Ошондой эле Ислам аалымдарынын көпчүлүгү ушул ойду туура деп айтышкан. Ал эми бул сахих хадистер менен тастыкталган ойду, башка заиф, токулган хадистерге карап четке кагуу болбойт.
*МАХДИНИН КЕЛБЕТИ*
Махдинин келбети туурасында келген сүннөттөгү далилдерден: Абу Саид аль-Худри, радыяллаху анху, айтты: «Аллахтын Элчиси ﷺ мындай деп айтып жатканын уктум: *«Махди менден болот. Ал жазы маңдай, коңкогой мурун. Зулумдукка баткан жер бетине, адилеттүүлүктү орнотот. Жана ал жети жыл башкарат».* (Абу Дауд, 4285)
Аллах таала Махди себептүү бул үммөткө көптөгөн жакшылыктарга берет. Ал Аллахтан жамгыр тилеп дуба кылганда, асманда бир тамчы калбай нөшөрлөп жамгыр жаайт. Ал эми жер болсо, эч нерсени алып калбастан, өз түшүмүн толук берет. Ошол жакшылыктар себептүү мал-жандыктар аябай көбөйөт. Ошондой эле акчалар дагы көбөйүп, ал акчалар элге тең бөлүнөт.
*МАХДИ КАЧАН ЧЫГАТ ЖАНА КАНЧА УБАКЫТ БОЛОТ?*
Махдинин качан жана кайсы жерден чыгышына ишарат кылган сахих хадис келген эмес. Бирок, кээ бир аалымдар бул маселени баяндаш үчүн, кескин далилдер жок болсо да башка риваятардын маанисине карап, төмөнкүчө баяндашкан.
Ибну Касир, рахимахуллах, айтты: «Махди акыр заманда, чыгыш тараптан чыгат, шиялар ойлогондой Самарадагы үңкүрдөн эмес. Шиялар «Махди азыр ушул үңкүрдө, ал акыр заманда чыгат» – деп, азырга чейин анын чыгышын күтүшүүдө. Чындыгында мындай кылуу – бул акылдан адашкандык жана чоң жоготууга учурагандык. Шиялардын бул кылгандарына Курандан да, хадистен да жана аалымдардын сөздөрүнөн да эч кандай далил жок…»
«Махдини чыгыш тараптын эли колдоп жана жардам берип аны мусулмандардын башчысы кылат жана бийлигин бекемдейт. Ошондой эле алардын дагы желеги кара түстө болот. Кара түс бул урматтуулуктун жана кадыр барктуулуктун белгиси. Анткени Аллахтын Элчисинин ﷺ желеги дагы кара түстө болгон, ал “Икооб” деп аталган».
Жогорудагы айтылган сөздөрдү кыскача жыйынтыктай турган болсок, Махди – ал саалих, такыбаа адам. Акыр заманда чыгып, Мадина шаарынан Меккеге баш калкалаш үчүн качып барат. Анан ыйык Каабанын алдында, Рукун менен Макоомдун ортосунда ага мусулмандар ант беришет. Махдини өлтүрүш үчүн чоң аскер жөнөтүлөт, бирок аларды жер жутуп кетет. Аллах тааланын колдоосу жана жардамы менен Ислам менен башкарып, адилеттүүлүктү орнотот. Махдинин учурунда жакшылыктар жана чексиз нээматтар аябай көбөйөт. Ошондой эле Махди Иса пайгамбар менен жолугат. Махди үммөткө имам болуп намаз окуйт, ал эми Иса пайгамбар, анын артында уюп намаз окуйт. Махди Иса пайгамбар, менен бирге чыгып, Дажжалдын өлтүргөнгө жардам берет. Махди жети же сегиз жыл жашайт, андан кийин көз жумат, мусулмандар анын жаназасын окушат.
Курсант Абдыманап уулу
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1
МАХДИ И ЕСТЬ ИСА - ОДНО !
О ГУСТОЙ БОРОДЕ ОШИБЛИСЬ ! – НАПИСАНО: У МАХДИ БУДЕТ ПРИЯТНЫЙ ПРИЗНАК НА ЩЕКАХ... И НА БОРОДЕ... ----- ПРИЗНАК, А НЕ ГУСТАЯ БОРОДА ! --- https://www.youtube.com/watch?v=SNEKSXRG6vE --- НЕОБЫЧНАЯ ВНЕШНОСТЬ... - ДА. И МОЛЧАЛИВ - ДА. –
Подробнее здесь: https://www.vtoroe-prishestvie-khrista.ru/news/o-makhdi-dopolnil/