2133(7510). Анас бин Маликтин (Алла ага ыраазы болсун) мындай дегени рабаят этилет:
- Мухаммад алейхиссалам бизге мына буларды айтып берди: «Кыямат Күнү башгалганда адамдар дүрбөлөңгө түшүп, бири-бирине (жардам сурап кайрылышат,) анан Адам (атанын) алдына барышып: «Раббиңдин алдында бизге шапаат кыла көр!» деп жалбарышат. ал болсо: «Мен (шапаат кылууга татыксызмын,) силер Ибрахимге барышыңар керек, себеби ал Алланын жакшы көргөнү!»[11] - дейт. Ошондо алар Ибрахимге барышат, ал: «Мен (шапаат кылууга татыксызмын,) силер Мусага барышыңар керек, себеби, Алла аны менен сүйлөшкөн!»-дейт. Ошондо алар Мусага барышат, ал: «Мен (шапаат кылууга татыксызмын,) силер Исага барышыңар керек, себеби ал - Алланын руху жана Анын сөзү!»-дейт. Ошондо алар Исага барышат, ал: «Мен (шапаат кылууга татыксызмын,) силер Мухаммад алейхиссаламга барышыңар керек!»- дейт. Ошондо алар мага келишет жана мен: «Мен (силерге шапаат кыламын)!»-деймин да, Раббиме уруксат сурап[12] кайрыламын жана мага уруксат берилет,. анан Ал мага ага мен айтып кайрыла турган жана азыр мен билбеген мактоо сөздөрүн үйрөтөт. Мен Ага бул мактоону айтып жерге (башымды тийгизип) сажда кыламын, ошондон кийин мага: «Эй Мухаммад, башыңды көтөр, сүйлө - сага кулак салынат, сура - сага атаа кылынат, шапаат менен кайрыл - аның да кабыл алынат!» - делет. Ошондо мен: «Я Раббим, менин үммөттөрүм, менин үммөттөрүм!»-деймин, (мага болсо:) «Баргын да, (тозок отунан) жүрөгүндө (эң кур дегендс) арпа данынын (салмагынчалык) ыйманы болгондорду чыгарып кел!»- делет жана мен барып чыгарамын. Анан мен кайтып келип, (кайрадан) Ага ошол мактоону айгамын да, Анын алдындажерге (башымды тийгизип) сажда кыламын, жана (мага:) Эй Мухаммад, башыңды көтөр, сүйлө - сага кулак салынат, сура - сага атаа кылынат, шапаат менен кайрыл - аның да кабыл алынат!» - делет. Ошондо мен: «Я Раббим, менин үммөттөрүм, менин үммөттөрүм!» - деймин, (мага болсо:) «Баргын да, (тозоктон) жүрөгүндө (эч болбоду дегенде) кымындай же калемпир данынын (салмагынчалык) ыйманы болгондорду чыгарып кел!» - делет жана мен барып чыгарамын. Анан мен кайтып келип, (кайрадан) Ага ошол мактоону айтамын да, Анын алдында жерге (башымды тийгизип) сажда кыламын, жана (мага:) «Эй Мухаммад, башыңды көтөр, сүйлө - сага кулак салынат, сура - сага атаа кылынат, шапаат менен кайрыл - аның да кабыл алынат!» - делет. Ошондо мен: «Я Раббим, менин үммөгтөрүм, менин үммөттөрүм!» - деймин, Ал болсо (мага): «Баргын да, жүрөгүндө (эч болбоду дегенде) калемпир уругунун эң майда бөлүгүнүн (салмагынчалык) ыйманы болгондорду чыгар, аларды оттон чыгар!» - дейт, жана мен барып ошондой кыламын».
(Анастан (Алла ага ыраазы болсун) рабаят этилген бул хадистин) башка версиясында (пайгамбар алейхиссалам буларды да) айткан:
- Анан мен гөртүнчү жолу кайгып келип (кайрадан) Ал а ошол мак- тоону айтамын да, Анын алдында жерге (башымды тийгизип) сажда кы- ламын, жана (мага:) «Эй Мухаммад, башыңды көтөр, сүйлө - сага кулак салынаг, сура - сага атаа кылынат, шапаат менан кайрыл-аның да кабыл алынат!» - делет. Ошондо мен % Раббим, мага «Алладан башка кудай жок» дегендер үчүн (шапаат кылып Сага кайрылууга) уруксат эт!» - деймин, жана Ал айтат: «Өз даңазама, улуктугума жана улуулугума ант болсун, Мен ал жердсн «Алладан башка кудай жок» дегендерди сөзсүз чыгарамын!» (Сахих Бухари)
11 №286-хадисти кара.
12 Башкача айтканда, адамдарга шапаат сурап кайрылуу үчүн уруксат сурап.
1670(4712). Абу Хурайранын (Алла ага ыраазы болсун) бул айткандары рабаят этилет:
- (Бир жолу) Алланын элчиси алейхиссаламга эт (тартуу кьпып) алып келишти. Ага (койдун) далысын тартышты, анткени ал аны жакшы көрө турган. Ал андан бир тиштем үзүп алып (жеди да), анан мындай деди: «Мен Кыямат Күнүндө (бардык) адамдардын башчысы боломун. Силер анын себебин билесиңерби? Алла биринчилерди жана акыркыларды жарчы алардын баарына кайрыла ала турган жана алардын баарын көз жетип көрө ала турган кеңири түздүккө топтойт. Анан күн аларга жакындап келет жана аларды ушундай бир кайгы менен капалык каптап, аны (жеңүүгө) алардын күчү да, сабыры да жетпейт, ошондо адамдар (бири-бирине): «Кандай караңгүндө калганыңарды көрбөй жатасыңарбы? Раббиңердин апдында силерге болуша турган (бирөөнү) издеп көрбөйсүңөрбү?» - деп башташат жана бирөөлөрү башкаларына: «Силер Адамга (барышыңар) керек!»-дешет. (Андан соң) алар Адам алейхиссаламга келип, ага: «Сен - адамдардын атасысың; Алла сени Өз колу менен жаратп, сага Өз деминен үйлөгөн жана Анын буйругу менен периштелер сенин алдыңда жерге чейин таазим кылышкан
Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл: биздин кандай абалда экенибизди көрбөй турасыңбы, биздин кандай абалга жеткенибизди көрбөй турасыңбы?!» - дешет. (Буга жооп кылып) Адам мындай дейт: «Акыйкат, бүгүн Раббим ушунчальж каардуу, Ал мурда эч качан мындай каарданган эмес жана кийин да эч качан мындай каарданбайт, Ал мага (бейиш) дарагынын (жемишин жешке) тыюу салган эле, мен болсо Анын тилин албай койгонмун! Мен өзүм, мен өзүм, мен өзүм (коргоого муктажмын), силер башкага баргыла, Нукка баргыла!» (Андан соң) алар Нухка барып: «Эй Нух, акыйкат, сен - жерде жашагандарга жиберилген элчилердин биринчисисиң, Алла сени шүгүр кылуучу пенде деп атаган, Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл: биздин кандай абалда экенибизди көрбөй турасыңбы?!» - дешет. (Буга) ал: «Акыйкат, Кудуреттүү жана Улуу Эгем бүгүн ушунчалык каардуу, Ал мурда эч качан мындай каарданган эмес жана кийин да эч качан мындай каарданбайт, (тирүүлүктө мага бир гана) дуба (менен Аллага кайрылуу мүмкүндүгү берилген эле)[97], мен болсо Ага өз элимди (кырып жок кылышын сурап) дуба менен кайрылдым; мен өзүм, мен өзүм, мен өзүм (шапаатка муктажмын), силер болсо башкасына баргыла, Ибрахимге баргыла!» - дейт. (Андан соң, алар Ибрахимге барышат да, (ага): «Эй Ибрахим, сен - Алланын пайгамбарысың жана жерде жашагандардын ичинен Анын сүймөнчүгүсүң /халил/, Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл: биздин кандай абалда экенибизди көрбөй турасыңбы?!» - дешет. Ал аларга: «Акыйкат, Раббим бүгүн ушунчалык каардуу, Ал мурда эч качан мындай каарданган эмес жана кийин да эч качан мындай каарданбайт; өзүм жөнүндө айтсам, мен үч жолу жалган айтканмын[98]! Мен өзүм, мен өзүм, мен өзүм (шапаатка муктажмын), силер башкасына баргыла, Мусага баргыла!» - дейт. (Андан соң) алар Мусага барып, ага: «Эй Муса, сен - Алланын элчисисиң, Алла сени башка адамдардан абзел көргөн (жана сага) Өз кабарын жиберип, сени менен оозмо-ооз сүйлөшкөн, Раббин алдында бизге шапаат кыл: биздин кандай абалда экенибизди көрбөй турасыңбы?!» - дешет. (Буга) ал: «Акыйкат,Раббим бүгүн ушунчалык каардуу, Ал мурда эч качан мындай каарданган эмес жана кийин да эч качан мындай каарданбайт; өзүм жөнүндө айтсам, мен өлтүрүү мага буйрулбаган адамды өлтүрүп койгонмун! Мен өзүм, мен өзүм, мен өзүм (шапаагка муктажмын), силер башкасына баргыла, Исага баргыла!» - дейт. (Андан соң) алар Исага барып: «Эй Иса, сен - Алланын элчисисиң, Анын Мариямга атаа кылган Сөзүсүң жана Андан болгон рухсуң, сен адамдар менен тээ бешикте жатканыңда эле сүйлөшкөнсүң, бизге шапаат кыл: биздин кандай абалда экенибизди көрбөй жатасыңбы?!» - дешет. (Буга) Иса: «Акыйкат, Раббим бүгүн каардуу, Ал мурда эч качан мындай каарданган эмес жана кийин да эч качан мындай каарданбайт!»-деп, бирок өз күнөөлөрү жөнүндө айтпайт. «Мен өзүм, мен өзүм, мен өзүм (шапаатка муктажмын), силер башкага баргыла, Мухаммад алейхиссаламга баргыла» - дейт. (Андан соң) алар Мухаммадга келип: «Эй Мухаммад, сен - Алланын элчисисиң жана пайгамбарлардын акыркысысың, Алла болсо сенин (бардык) мурунку жана кийинки күнөөлөрүндү кечирген, Раббиңдин алдында бизге шапаат кыл: биздин кандай абалда экенибизди көрбөй турасыңбы?!» - дешет. Ошондо мен арштын алдына барып Кудуреттүү жана Улуу Эгемдин алдында (башымды) жерге тийгизип сажда кыламын, андан соң Ал мага Аны мактоонун жана даңазалоонун мага чейин эч кимге ачпаган сөздөрүн ачат, анан: «Эй Мухаммад, башыңды көтөр! Сура, сага атаа кылынат, шапаат кыл, шапаатың кабыл этилет!» - дейт. Ошондо мен башымды көтөрүп: «Менин үммөтүм, Я Раббим, менин үммөтүм, Я Раббим!» - деймин. Ошондо: «Эй Мухаммад, бейиш дарбазаларынын бири болгон) оң (жактагы) дарбазадан өз үммөгүндөн эсеп-кысап бербей тургандарын[99] киргиз, алар адам- дар менен башка дарбазалардан да кире алышат», - деп айтылат».
Анан пайгамбар алейхиссалам мындай деди: «Жаным колунда болгон Затка ант ичем, бейиш дарбазасынын эки түркүгүнүн ортосундагы аралык Мекке менен Химйардын[100] (же: Мекке менен Бусранын) ор- госундагы аралыкка барабар!». (Сахих Бухари)
97 №1975-хадисти жана анын түшүндүрмөсүн кара.
98 № 1349-хадисти кара.
99 Башка хадистерде пайгамбар алейхиссаламдын аны ээрчигендерден жетимиш (миң)
же жети жүз миң адам бейишке эсеп-кысапсыз кирээри айтылат.
100 Химйар - Йемендеги аймактын аты.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев