ВЫСШЕЙ КАТЕГОРИИ ,
ЗАРЫЛ МЕДЕТБЕКОВНА
8929674364
ТОРОТТУН ТУРЛОРУ!
Аялдын азабын азайта турчу азыр төрөттүн түрлөрү арбын. Болочоктогу эненин каалосуна жана эркине жараша доктурлар ар бирине ар кандай түрүн ылайыктайт. Бизде кеңири колдонуучу төрөттүн түрлөрү төмөнкүлөр.
Стационардык төрөт
Кеңири тараган энелердин көбү көнүп бүткөн төрөттүн түрү. Эненин дени сак экенине, баланын дем алуусу жайында болгонуна ынангандан кийин гана доктурлар бул төрөткө уруксаат беришет.
Артыкчылыгы: Медициналык көзөмөл дайын жаныңызда, түйүлдүк ар бир секунд сайын кылдат көзөмөлдө болуп турат. Педиатр жаныўызда, санитардын-гигиеналык норма сакталат.
Кемчилдиги: Төрөттөн кийин ден-соолук жайында болбосо ар кандай дарыларды ичүүгө туура келет. Толгоо учурунда жанында адамдардын көптүгүнөн кысынуу пайда болот.
Капталынан жатып төрөө
Атайын даярдалган кроватка энени капталынан жаткырып төрөтүү ыкмасы.
Артыкчылыгы: Ыйынуу аз да болсо жеңилирээк, оору азаят, төрөт учурунда ымыркай кандайдыр бир жарат алып же башы кысылып калат деген коркунуч азыраак.
Кемчилдиги: Эне ымыркайынны чыгып келе жатканын көрө албайт. Чалкасынан жатып төрөгөнгө караганда капталынан жатып төрөө жатындын айрылышына алып келет. Бул ыкманы колдонуш үчүн атайын медициналык жабдык табуу керек.
Суудагы төрөттөр
Бизде бул төрөттүн түрү кеңири тарай элек. Толгоо башталганда аял медиктердин көрсөтмөсү менен сууга отуруп турушу керек. Суунун температурасы 36,5- 37 градус жылуулукта болушу зарыл. Эне маал-маалы менен гана сууга түшөт, көз жарган учурда креслого келип отурат.
Артыкчылыгы: Төрөт маалында ооруксунуу дээрлик жокко эсе. Сууга деңиз тузун кошуп койсо ден-соолука да пайдалуу.
Кемчилдиги: Төрөт учурунда кандайдыр бир оорчулуктар жаралса көзөмөлгө алуу кыйынга турат. Анткени аял кыймылда болуп тургандыктан доктур аны менен кошо сууга түшүп чыгып тура албайт. Мындай төрөткө ар бир эле эненин ден-соолугу туруштук бере албайт.
Үй шартындагы төрөттөр
Дени кардым соо, эч жерим оорубайт өзүнө бекем ишенген аял да төрөт учурунда жанына мыкты адистерди чакырганы оң.
Артыкчылыгы: Үйдөгү жылуу-жумшак аба ырайы.
Кемчилдиги: Эненин, баланын жүрөгүнүн кагышын көзөмөлгө алуу мүмкүн эмес. Бир күндө 20 төрөт кабыл алган жана бир айда үй шартында эки төрөт кабыл алган адистерди салыштырып болбойт. Бул шартта төрөө өзүңдүн же ымыркайдын өмүрүнөн ажыратуу коркунучу көбүрөөк.
Өнөктөш менен төрөт
Жаштардын көбү бул төрөттүн түрүн кеңири колдонушууда. Доктурлар деле чочулап "бар нерсе болсо балээсине калбайлы" деген мааниде жакындарынын бирөөсүн сөзсүз жанына алышат.
Артыкчылыгы: Чынында жаныүда жакын адамыүдын турганы жакшы дем-күч берет. Эгер жөндөмү болсо массаж жасаганга да жардам берет. Аялынын төрөтүнө катышкан эркек башкаларга салыштырмалуу алда канча мээримдүү камкор болушат.
Кемчилдиги: Шашмалыка алдырып, ого бетер өзүнүн да башкалардын да шаштысын кетирет. Айрым нерви жукалар , психологиясы туруктуу эместер колдоо көрсөткөндүн ордуна эки эсе оорчулук жаратышат.
Кесерево жолу менен төрөтүү
Кесерево - эненин же болбосо ымыркайдын ден соолугуна коркунуч туудурган убакта жазалат.
Кемчилдиктери: Операция учурунда аял кадимки төрөткө караганда эки эсе кан жоготот. Операция маалындагы наркоздун көп берилип койгондугунан улам, негизи нерв системасынын иштөөсүндө бузулуулар пайда болушу мүмкүн. Ымыркай убакыт-саатынан эрте төрөлөт. Кийин бала диабет жана астма менен ооруп калуу коркунучу көп болот.
Кулагыңа күмүш сырга
Төрөттөн кийин калган тактын мындай жол менен кетирүүгө болот. Ашкабактын чийки уругун (куурулбаганын) кабыгынан ажыратып майдалап алыңыз. Данек канча көлөмдө болсо ошончо суу кошуңуз. Кечке аралаштыра берсеңиз сүттөй суюктук келип чыгат. Эми суюктуктун жарымынан келе тургандай өлчөмдө бал кошуп аралаштырыңыз. Масканы күнүгө 30 мүнөттөн коюу керек. Дагы бир ыкма, петрушканын 100 грамм уругун 0,5 литр аракка салып, 2 аптага караңгы жерге тыныктырып алуу керек. Анан даяр тундурманы беттеги тактарга сүйкөй берсе болот.
Эмчектин сүтүн таза сакта
Баласын эмизген энелер кылдаттык менен тамактануусу керек. Эне кандай тамак жесе сүттүн дамы да ошого жараша болот. Сыр, быштак, йогурт, сухарик эң пайдалуу азыктар. Нанды көп жесе баланын ичи көбөт. Эмчек эмизген энелерге жыты кескин азыктарды жегенге болбойт, аларга пияз, сарымсак, туздалган капуста кирет. Жогоруда аталган азыктар сүттүн жытын бузат.
Бал муздак, шоколад, кофе, какаолорду канчалык жегиңиз келип турса да наристеңиздин ден соолугу үчүн азгырылбаўыз. Сүт көбүрөөк чыгыш үчүн бир күндө 2 литрге жакын суюктук ичүү керек.
Кара өрүктүн курсакка жардамы чоң
Төрөттөн кийинки айымдардын негизги көйгөйү ичти чыгарбай мурдакы калыбында сактап калуу. Кээ бири спорт менен машыгып дене-мүчөсүн оңдоп түзөсө, көбүнүн ага убактысы да шарты да жок. Ичтин чыгып кетпешин көзөмөлгө алуу үчүн үй шартында төмөнкү маскаларды жасоого болот.
Кара өрүктөн масканы даярдоо үчүн 20 грамм кургак ачыткы (дрожжи), жылуу кара өрүктөр, 2 аш кашык бал керектелет. Аларды жакшылап аралаштырып ичке сүйкөп жыйырма мүнөт коюп коюш керек жана андан кийин жылуу суу менен жуулат.
***
Курсак үчүн кара баткак таасирлүү. Ал үчүн жарым килограмм баткак аласыз. Аны жылуу суу менен аралаштырып алып калың катмар кылып курсакка сүйкөш керек. Андан кийин аны баштык менен жаап кездеме менен ороп коёсуз. Масканы 30 мүнөткө коюп коюш керек. Маскага эфир майын же кофе күкүмдөрүн кошуп койсо болот.
***
Чалкандан жасалган маска арыктоого да жардам берет. Кургатылган эки аш кашык чалканга бир стакан кайнак сууга кошуп он мүнөт жай отко кармап турабыз. Чүпүрөктү суулап, кайнатылган чөптү ага ороп курсакка коюп коюш керек. Жыйырма мүнөттөн кийин алып салууга болот. Бул масканы бир аптада эки ирет коюууга болот.
УРМАТТУУ МОСКВА ШААРЫНДА ЖАШАГАН АЙЫМДАР!!!
БАРДЫК АКУШЕРСТВО - ГИНЕКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАР БОЮНЧА ЖАРДАМ БЕРИЛЕТ:
- КОШБОЙЛУУЛАРДЫ КОЗОМОЛГО АЛУУ
- ОБМЕННЫЙ КАРТА ЖАНА АВИАУЧУУГА СПРАВКА БЕРИЛЕТ
- УЗИ -СКРИНИНГ ПЛОДА +ДОПЛЕРОМЕТРИЯ
- ГИНЕКОЛОГИЯЛЫК УЗИ
- СПИРАЛЬ САЛУУ ЖАНА АЛУУ
-ГИНЕКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАРДЫ ДААРЫЛОО кызматын ТАЖРЫЙБАЛУУ ГИНЕКОЛОГ 31 жыл СТАЖЫСЫ МЕНЕН-ЗАРЫЛ МЕДЕТБЕКОВНА корсотот!!!
Байланыш телефон: 89265424653
Эгер сиз Москва шаарында жашап,иштесениз бул эжеге кайрылыныздар!!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев