Бул «Адашкан бакыт» повестинде жаш жубайлар
балалуу боло албай кыйналышканы, адашып
башка динде жүрүп, акыры намазга жыгылып,
уулдуу болуп, бакытка жеткендери жөнүндө
жазылган.
Жаз быйыл демейдегиден эрте чыкты. Көчөлөр
жылт-жулт этип жылжып аккан ылай сууларга
толуп, эзилген баткактан басыш кыйын. Көпкөк
асманда каалгып учкан ак булуттар түйдөктөшүп,
чөөт — көлчүктөрдөн чагылышып жатты.
Үйлөрдүн чатырынан тамчылар шорголоп,
тынымсыз жыбыттап агат. Чымчыктардын тили
чыгып, эрте жаздын келишин кубаттап ырдап
жатышкандай. Көчөдө элдер да көп. Көлөкөдө
эрибей калган карлар да борпоң тартып,
жылуулуктан жыбылжый эрип баштаган.
Жол жээгинен жылуу буу көтөрүлүп, аба жер
жыттанып турду. Куушкан, байлоодогу иттердин
үргөнү да көбөйгөн маал. Матай жазгы
жумуштардын кайсынысынан баштаарын
ойлонуп, күнөстөп эшик алдындагы тактайда
олтурган. Анын жалгыз олтурганын терезеден
көргөн эне, айнекти черткилеп өзүнө чакырып
алды.
Матайдын энеси акыры ыңгайы келип турганда
көңүлүн көптөн бери өйүп жүргөн сөздөрүн
айтайын деп чечти. Уулуна астейдил карап,
келини Адаштан орой бөлүп, көңүлүн
калтырбайын дегендей аяр сөз баштады:
— Кагылайын уулум, сен деп атаң экөөбүз
көзүңдү карап жүрсөк, сенин кылганың бул.
Адашты жаман адам дебейм, бирок ушинтип
төрдөн көрүбүз жакын турганда небере жытын
искебей, өзүң артыңа туяк таштабай өтмөк белең?
Ушуну жакшылап ойлонсоң. Көрүнбөгөн
доктуруңар калган жок. Адаштын төркүндөрүн
чакырып, көңүлүн калтырбай узатып коюп,
башкага үйлөнүп, балалуу болсоңчу.
Баласы кыртышы сүйбөй, чорт кесе сүйлөндү.
— Апа, менин жашоомо киришпегиле дебедим
беле. Башка аял менен балалуу болсом да мен
бактылуу боло албайм. Ошол, сиз айткан
доктурлардын баары менин үмүтүмдү үздүрбөй
«болот, балаңар болот» дегенин угуп туруп,
жанымдан жакшы көргөн жарым менен ажыраша
албайм.
Мындай жооптон энеси кагынып, итиреңдеп
кетти.
— Жаныңдан жакшы көрсөң анда менден да
кеч. Мен сага жаман айтып жатамбы?
— Башка неберелериңер бар го, мага
тийишпегиле— уулу амалы куруй аста жооп
кайтарды.
— Сен кандай олуя болуп кеттиң эле, сага
сүйлөбөгөндөй эмне болуптур, мен сүйлөбөгөндө
ким сүйлөйт, тапкан экенсиң. Сен кетире албасаң,
мен кетирем. «Баламдын башын куу баш өткөрбөй
жолуңа түш» дейм. Бүгүн айта албасам...
Сырттан кирген ак жоолук, кызыл халатчан,
бакыракай, бото көз, кырдач мурун оймок ооз,
акжуумал сулуу Адаш апасы менен Матайды
ыйлуу көзү менен тиктеп:
— Апа, далай жолу Матайга айтып келем,
Сиздин айтканыңыз туура. Буга чейинкиңизге
ыраазымын, мен кетем, кетем...
Энеси минтип оңдой берди болгонуна кым дей
түшүп:
— Кете турган болсоң Матайдын башын
айлантпай эле изиңди суутуп кете бербейт белең.
— деди кектүү.
— Апа, апа токточу, ал кетсе мен да кетем.
— уулу сөзгө кыпчылды.
Баласынын мындай кескиндигинен энеси
адатынча албууттанып кетти. Анын ушундайы
бар эле, бирөө каршы чыкты дегиче бүттү, өзүн
кармай албай ачууга алдырып жиберет.
— Кетмектен кет, катынсыз жашай албасаң
жогол. Сенин да башыңды айлантып бүткөн го.
Бизди таштап кетсең атаң экөөбүз эки дүйнөдө
ыраазы болбойбуз.
Матай айтылган сөзгө кулак кагып койбой
коңшу бөлмөгө чыгып, кийимдерин шашыла
чогултуп, сумкаларга бурдай салыштыра кетти.
Артынан кирип көзүнүн жашын көлдөтүп турган
Адашты кучактап:
— Жаным, болдучу. Биз балалуу болобуз.
Сөзсүз. Кичине кыйынчылыкка чыдайлы.— деди
муңкана.
— Мурда эле сезгем, ушундай сөздү бир күнү
угаарымды билгем,— деди Адаш солуктап.
— Апамдын мага жини келип кетти окшойт,
жай эле сүйлөшүп отурганбыз...
— Чындыктын эмнесине чычалайын, апам
туура айтты. Эми токтой албайм.
— Экөөбүз чогуу кетебиз. Сен төрөбөй
жатканыңа мен да күнөөлүмүн.
— Жаманаттыга калба, аялынын аркасынан
кетти дедирбе.
— Дешсе дешсин.
Кийимдерин салыштырып бүткөн Адаш сабыры
суз чыгып баратып кайненесине:
— Апа, жакшы туруңуз,— деп шашыла чыгып
кетти.
Эт жүрөгү ансыз да эзилип, «келин кирбей
турса эмне, жиним менен ачуу сөздөр айтылып
кетти, келиниме өзүнчө айтсам болмок экен. Эми
биротоло ийигис кылып алдым окшойт, ыйбалуу,
жакшы келин эле, ачуу-таттууга бирге чыдап бүлө
да болуп калган...»деп, кемпирдин көздөрүнө жаш
тегеренди. Келининин жалгыз кеткенин көрүп,
баласынын үйүндө калганына кубангандай тура
калып терезеден сыртка карады. Ийинине
асынган сумкасынын оозунан балбалактап
чубалган көйнөктөрүн бурдай салып,
келинчегинин артынан шашыла курткасын
кийип, бараткан баласын көргөндө жүрөгү болк
этип, «неберелүү болом деп, уулуман айрылдым
окшойт, аттиң, балама караганда келиним
«жакшы тур» деди. Ушунчалык кайрымсыз
баланы тарбияладым беле, анын жарасын терең
сыйрып салдымбы” деген сыяктуу жообу жок
суроолор менен баласынын караанын тиктеген
эне бир кылчаяр деген үмүттө карааны үзүлгөнчө
күттү. Жок, уулу келинчегинин артынан жете
берип кучактап өөп, көзүнүн жашын алаканы
менен сүртүп, кете берди. Армандуу эне
калыбынан жазбай көпкө отурду. Эми канчага
чейин ушу, үмүтү үзүлгөн терезеден кетпей,
кылчайбай кетишкен кош караандын кайтып
келээрин карап отурат, ким билсин.
Бишкектин батыш тарабындагы бир сааттык
алыс айылдан Ош базарына келип, кире бергенде
эле “үч миң сомдон жаш үй-бүлөгө, эки айын
алдын-ала төлөө менен батир берилет” деген
радио жаңырыкты угуп, Матай дароо ал жакка
жөнөдү. Оңдой берди болгонуна кубана Адашты
колунан жетелеп алды. Кудум бала бакчага
уйкусу канбай, энеси күч менен алып бараткан
баладай шишип чыккан көздөрүн колу менен
далдаалай Адаштын эч нерсеге көңүлү жок,
баскысы келбейт. “Баламдын башын куу баш
өткөрбөй, жолуңа түш” деген кайненесинин
сөздөрү кулагына жаңыра берди. Матайдын колун
силкип жиберип, калың элдин арасына качып
кирип, адаштырып кетсемби. Ошол, ачуу сөздөрдү
уккучакты мурдатан эле кетип калбай ал жерде
эмне жүрдүм?! Эмне, мен өтө өзүмчүлмүнбү?
Балким булар менден кантип кутулаарын
билишпей энеси экөө калп эле урушкан болуп
жүрбөсүн? Матай кантип эле мен үчүн ата-энесин
биротоло кыйып, таштап кетсин? Ар күнү бир
маал кайненем: “ата-эне, бир тууган табылбайт,
аял жолдо, бала белде деп кулагына куюп олтурчу
эмес беле” деген санаасын бөлүп:
— Адаш, жүрү,— деп, Матай күнөөлүү кишидей
колунан акырын кармай кайдадыр ээрчитип
баратты. Алар батир берээр аялды ээрчип Жаш
гвардия бульварында жайгашкан үйгө келишти.
Ошондо гана Адаш эсин жыйып чакан үйгө
кожойкеси дарбазасын ачканча көз чаптырды.
Короосу таза, оңго бурула бергенде катар
жайгашкан төрт эшиктин четкисин ачып ээси
көргөзө баштады:
— Мына, силердин бөлмөңөр. Матай, мага
нааразы болбойсуңар. Керебет койгом. Эки
кишилик столу да бар.
— Болот эжеке. Ырахмат. Мына акчаңыз.
— Матай, эгер жаман көрбөсөңөр эртең экөөң
тең паспортторуңардын көчүрмөлөрүн мага
бергиле. Ар кандай адам келет. Көңүлүм көп
калды. Акчаларын таштабай, мен эки саатка жок
болсом көчүп кеткендер көп, ошондуктан
алдынала акчасын алып, документтеринин
көчүрмөлөрүн алып коем, туура түшүнгүлө. Качан
оокаттарыңарды көчүрүп келесиңер?
— Мм... биздин болгон оокатыбыз азырынча
ушул эле, ата-энеге таарынган кишиде оокат жок
болот экен, эже. Биз эртең базардан сатып алабыз.
— Матай күнөөлүү унчукту.
— Келинчегиң капа болуп турганынан бир
нерсе болгонун билгем. Базардан сатып албай эле
тигине, эшикте бир палас илинип турат, эски,
бирок жуугам, ошону апкелип жерге салып
алгыла.
— Ырахмат эже.
Матай, жаңы эле таанышкан Акак эженин
артынан кошо чыгып, бажырайган гүлдөрү
өңүнөн али кетпеген паласты апкелип бөлмөгө
салды. Бул, алардын алгачкы оокаты эле.
Адаш дагы эле баягы ойлорунан чыга албай
жер карап суз телмирет. Жаман түш көрүп
жаткандай. Матай анын көңүлүн жубатып бир
нерсе айтайын деп, батынбайт. Кагып жибереби
же дагы ыйлап кирбесин деп жазганды. Не
кыларын билбей бөлмөнүн ичине көз жүгүрткөн
болду. Аңгыча сырткы эшик такылдаганынан
ачса, Акак эже экен.
— Эртең акчаңарды кетирбей эле мына,
жапжаңы жууркан, асты-үстү менен, тиги
керебетим деле жакшы, жылуу-жумшак, өзүм
жатчумун, балам жаңы керебет алып берип
чыгарганыма эки күн болду. Силерге буйруганын
кара. Бул төшөк алдыңарга, жукарааак капталган.
Мына шейшептер. Булар да жаңы. Азыр
салынгыла да кийин акчалуу болгондо ордун
тургузуп койгула. Айылдан жаңы келсеңер...
кыйналып каласыңар. Андан көрө урушпай,
талашпай жашагыла,— деп, шакылыктап акыры
чыгып кетти. Бул, толугунан келген, бою пас, кара
тору, көгүш көз, кырктардагы ачык-айрым аял ак
көңүл көрүнөт. Жугумдуу экен, экөөнө тең жагып
калды. Бирок, негедир Адаш андан Матайды
кызгана түштү.
УЛАНДЫСЫ БАР....
Автор: Зульфира Болотбековна АСЫЛБЕКОВА
АДАШКАН БАКЫТ
Бул «Адашкан бакыт» повестинде жаш жубайлар
балалуу боло албай кыйналышканы, адашып
башка динде жүрүп, акыры намазга жыгылып,
уулдуу болуп, бакытка жеткендери жөнүндө
жазылган.
Зульфира Асылбекова. “Адашкан бакыт” адабий
көркөм китеп. – Б.: Кут Бер, 2012. – 224 б.
китебинен алынды.
Булак: "Новая литература Кыргызстана" сайты
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев