💡Орозону кармабоого уруксат берген үзүрлөр.
🌹1. Сапар: “Силерден кимиңер оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (кармап берет)” (Бакара: 184), бул аят мусаапырга оозун ачууга ачык айтып турат, бирок кармабаган күндөрүн казасын кармап берет.
🌹2. Өмүрү өткөнгө чейин кармай албаган жана айыгууга үмүтү жок киши: «Аллахтан колуңардан келишинче корккула» (Ниса: 29).
🌹3. Убактылуу оорулуу болсо ага шариат ооз ачууга уруксат берет бирок казасын кармап берет.
Буга тиешелүү үч акыбыл бар:
Биринчи түрү: Ага орозо кыйын эмес жана зыяны тийбейт. Ошондой учурда орозо милдет болот.
Экинчи түрү: Ага орозо кармаш кыйын бирок зыяны тийбейт. Ал орозо тутпайт жана тутпашы абзелирээк, анткени бул Аллах Тааланын уруксатынан чыгуу жана өзүнө азап келтирүү.
Үчунчү түрү: Ага орозонун зыяны бар. Бул учурда ооз ачуу керек, орозо кармоого болбойт. Аллах Таала айткан “Өзүнөрдү өлтүрбөгүлө чындыгында Аллах силерге ырайымдуу.” Ниса:29.
🌹4. Айыз жана нифас учурда : «Айыз жана нифастарга орозо кармоо болбойт, эгерде алар орозо кармаса дагы орозосу туура эмес, аларга оозу ачык болгон күндөрдүн казасын кармап берет».
🌹5. Кош бойлуу, эмчек эмизгендер: алардын үч түрү бар.
Биринчи түрү : Эгерде алар өзүлөрү жана балдары үчүн корксо ооздорун ачып, кийин казасын кармап беришет, буга далил Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) айтты: "Аллах мусаапырдан намаздын жарымын, орозону жана кош бойлуу, эмчек эмизгенден орозону алып койду"(Абу Давуд).
Экинчи түрү : Эгерде алар балдары үчүн гана корксо уламалардын сөздөрүнө караганда туурасы аларга каза менен каффарат (штраф, 30 кишиге тамак берүү) милдет болот.
Үчүнчү түрү: Өздөрү үчүн гана корксо аларга каза гана милдет болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев