Биринчи, төртүнчү күнү орозо кармоо, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): "Биринчи жана төртүнчү күнү амалдар көрсөтүлөт, мен амалымды орозо болгонумда көрсөтүлүсүн жакшы көрөм" деди (Тирмизи).
6. Шаъбан, Мухаррам айларында орозону көбөйтүү, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун): "Рамазандан кийин абзел орозо Аллахтын мухаррам айы" деди (Муслим).
Аиша (Аллах андан ыраазы болсун): "Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) Шаъбан айында көп орозо кармачу" деди (Бухарий).
Наафил орозонун таасирлери
1- Орозо менен пенде Роббисине жакындайт, орозону рамазандан кийин адат кылуу амалдын кабыл алынгандыгын белгиси.
2- Рамазандан кийин орозо кармоо пенденин Роббисине шүгүр кылуунун белгиси, анткени Рамазандагы орозого ыйман келтирүү, соопту үмүт этүү мурунку күнөөлөрдү жойууну ваажиб кылат, ошондуктан Рамазандан кийин орозо мустахаб, Аллахка кечирилген күнөөлөрдүн неъматына шүгүр кылуу.
3- Наафил орозо мусулмандын Роббиси менен болгон келишим, анткени ибадат мезгили бүткөн жок, үзгүлтүксүз, чындыгында жашоо бардыгы ибадат.
4- Наафил орозо Аллах пендесин сүйүп калуунун себеби, дуалары кабыл алынат, күнөөлөрү кечирилет.
Аллах Тааладан бизге соопторду көбөйтүп берүүсүн, бизди рахматына алуусун сурайм, анткени ал Угуучу, жакын, жооп берүүчү.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев