9-10 жаштар чамасындагы жетим бала базарда араба айдап күн өтөт. Бирде ал арабасын айдап арын акчага айырбаштай турган аялдар үйүнүн жанынан өтүп бара жатат да алдынан жолуккан бир адамдан: «Байке, мына бул жерде адамдар не кылат?» – деп сураптыр.
Ал киши: «Бул жер аял адамдарды акча менен сатып ала турган жер» – деп жооп бериптир. Бала: «Ааа, ошондойбу, аял адамды канча акчага сатып алууга болот, билбейсизби?» – деп қайталап сураганда алиги адам шашкалактап:
«Билбеймин, өтө көп акча керек болушу керек, анткени бул жерде көбүнчө байлар жүрөт го» – дептир да тез-тез басып узап кетиптир.
Сол күндөн баштап бала өзү канча ач-жылаңач жүрсө да, көп акча табуу үчүн баарын салат. Айлар боюу арабамен жүк ташып, көлүк жууп, отура калып элдин бутун майлап, сагыз сатып, ал түгүл суукта талаада туруп ырдап дегендейин тапкан акчасын жыйнай бериптир.
Анан аянбай эмгек кылып, маңдай тери менен тапкан қаражаты өзү үчүн аябай қымбат эле. Ушундайча бала бир нече акча жыйнагап алган соң баягы аялдар сатыла турган жерге барыптыр. Ошондо «Эң сулуусун тандап сатып аламын» деп ойлоп туруптур да көзгө жылуу көрүнө турган, саргыч чачтуу сулуу аялга жакындап келип, көзү жашылдантыап мындай деген экен: «Эже, мен көп акча жыйнап, сизди сатып алууга келдим. Мени менен теңдердин бардыгынын энеси бар. Ал менде эне жок. Мен энемдин кебетесин эч качан көрбөпмүн!
«Апакем!» деп эч качан эч кимди атап көрбөдүм. Бирок мен энемди ааламдагы эң сулуу аял болгон деп ойлоймун. Сиз да өтө сулуусуз. Бир нече айдын алдында мен ушул жерден өтүп бара жатып бул жерден аял адамды акчага сатып алууга болот деп уктум. Ошондо кубанганым ошондой, мен өз энемдин болгонун ошондой тилеймин. Ошол үчүн ай бойу уйку-күлкүсүз жумуш кылып акча жыйнадым. Өзүмө Эне таап алсам башкасы түк да эмес деп өзүмдү жубатып келдим. Сиз мага эне болуңузчу. Мен башка балдарга окшоп аны-муну алып бер деп тынчыңызды албаймын. Сизди таарынтпаймын, ачууландырбаймын, жакшы бала боло аламын. Өтүнөмүн, мага бир гана Эне керек, эгер бул акчамды аз десеңиз мен дагы да жумуш иштеп көп акча таап Сизге алып келейин» – дептир.
Баланын сөзүн ыйлап туруп уккан баягы жаш аял жетимдин маңдайынан сылап, ыйлаганын баса албай: «Балам, ааламда сатып алууга болбой турган нерселер да болот. Ошонун ичинде биз акчага Эне сатып ала албайбыз… Сен мага өтө көп нерсе түшүндүрдүң, рахмат, балам! Менин сен сыяктуу балам бар, ал үйдө күтүп отурган чыгар, мен энемин, үйүмө кайтайын, бул жерге эми эч качан қайта айланып келбеймин. Эч ким да Эне деген адамды эч жерден акчага сатып ала албай турганын түшүндүм. Сен мага өз кадырымды түшүндүрдүң, рахмат сага» – деп баланы кучактап бетинен өөптү да бетин басып ыйлаган боюнча үйүн карай жөнөптүр…
http://m.odnoklassniki.ru/dk?st.cmd=altGroupMain&st.groupId=54464291602434&_prevCmd=userAltGroups&tkn=9073Обондуу ырлар группасы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев