Мунушкор - алгыр куштарды (буркут, ителги, карчыга, кыргый, турумтай) таптап, ундокко келтирип, илбээсин менен андарга сала турган киши. Куштарды таптоодо алгыр куштардын кичине-чонуна, алгырлыгына карата бири биринен бир аз айырмаланат. Алардын озулоруно жараша мунушкор билгичтик менен мамиле жасайт. Буркут таптоо. Мунушкордун эн жетиги жана барктуусу - буркутчу. Уядан алынган бала буркутту таптоо, колго уйротуу, ундокко келтируу негизинен торт баскычта жургузулот.
1-баскыч. Буркут оз ээсинин чакырыгына жана ундоосуно келгенге уйротулот. Буркутту турдуу кырдаалда чакырып, чакырыкка келген сайын бир кесимден эт сугунтуу керек.
2-баскыч. Тулкунун узун жипке байланып, жерге суйротулгон куйругу чырга деп аталат. Буркут учуп барып аны басып калууга тийиш. Баскан сайын, буркутко эт сугунтуу керек. Ушул баскычта томогого кондурулот.
3-баскыч. Талаага мунушкордун шакирти чырга суйротуп чыгат да, журушун улам тездетет. Томогосу алынган буркут тез учуп барып аны басып калууга уйронот.
4-баскыч. Мунушкордун шакирти тулкунун же суурдун мурда союлуп, саман шыкалып даярдалган терисин узун жипке байлап, ат менен суйротуп жонойт. Мунушкор колунда конуп турган буркуттун томогосун алганда буркут учуп барып чырганы басып калат. Болтурук, тулкунун бачикиси, божок сыяктуу андарды тируулой чокутуп оозандырат, бул бала буркутту анга оозантуу деп аталат.
Кармалган буркутко адегенде томого салып, аны кермеге кондурат, уйкусун алып, ач кармайт. Бир нече кундон кийин эпке келип, жем тартат, чакырганга келет. Бул процесстер бир нече жолу кайталанат. Алгыр куштар тапка жакшы киргенде майда илбээсин, андарга салынат. Мунушкор андын жатагын, орушун, изин билген баамчыл да болот. Анга чыкканда мунушкор керектуу куралдарды ала журот. Мунушкордун коп киши менен куш салууга чыгышы соного чыгуу деп аталат.
http://m.odnoklassniki.ru/dk?st.cmd=altGroupMain&st.groupId=54464291602434&_prevCmd=userAltGroups&tkn=9073Обондуу ырлар группасы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3