*_Үлгү алчуу окуя_*
Бир күнү чымын бал аарыга ачууланып мындай деди:
– Сен ушундай бир акмаксың, бал чогултамын деп бактарды, талааларды кезип оокат топтойсуң. Ошончо кылган мээнетиң үчүн чогулткан балыңдын жарымын өзүң жегенде да мейли эле. Мына мен ар дайым чоң аш-тойлордо, ал гана эмес падышанын сарайларында боломун, таттуу тамактарды жеймин, эң сонун шербеттерди ичемин, жыргап жашаймын, өзүмө караймын.
Бал аары ага мындай деп жооп берди:
– Мына эмесе! Чындыгында акмак сенсиң, бирок акыл жүгүртүп аңдай албайсың. Барган жериңде адамдар сенден жийиркенип колуна эмне кирсе ошону менен салышат, айдашат, сенден жийиркенишет. Сенин баамың жетпейт. Өзүңө окшогон миңдеген чымындардын өлтүрүлүп жатканын көрөсүң да, бирок мени да бир күнү ушинтип өлтүрүп коюулары мүмкүн деген пикир оюңа келбейт, үлгү албайсың. Мен бактарды, талааларды кезип чогулткан балымды өзүм жебеймин, бирок жегендерден сүйүү, урмат-сый көрөмүн. Мындан ыраазы болуп кубанамын.
Жыйынтык жана үлгү
Инсан үчүн өз өнөрү, мээнетинин натыйжасынан кубануудан, сыймыктануудан артык нерсе жок. Инсан өз мээнети менен укмуштуудай нерселерди жасайт. Иштебеген жалкоо адам ыймансыздык менен башкаларга жүк болот. Кылган ишинин башкаларга пайдасы жок. Ага бир иш дайындагандар да ыраазы болбойт...
📚📖 *_Даанышмандык казынасы китебинен. ________________*
_Даярдаган Абдырахманова Р._
🍃🍃🍃 *_Эскертүү группанын атын жана макаланы өзгөртбөстөн башкаларга жеткириңиз._* 🍃🍃🍃
*_Группага катталуу үчүн_*
✅ https://instagram.com/ar.raiyan.kg .
*_Ватсап._*
+7 926 702 94 74🇷🇺
🇰🇬 *АР РАЯН группасы.* 🇰🇬
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев