КР президенти Алмазбек Атамбаевдин кичүү кызы Алия Шагиева кыргыз тилинде эмне үчүн сүйлөй албай тургандыгы тууралуу ойлору менен соц.тармактардагы өздүк баракчасында бөлүштү.
— Көп учурда элдер менин кыргызча билбегенимди угуп алып жаман көрө башташат. Кээ бири, мени: «өзүнүн тегин, салтын сыйлабайт»,- деп ойлоп, «кыргызча сүйлөбөйсүңбү, президенттин кызысың го»,- деген сыяктуу одоно түрдө айтылган кенештерин бере башташат.
-Жалпы жонунан агрессиялуу адамдардын көз карашын түшүнүп турам. Кыргызча жада калса кыргыздар өздөрү эркин сүйлөбөйт. Ал орус тилиндей кеңири колдонулбагандыгы абдан өкүндүрөт. Биз адабий кыргыз тилинде өз оюбузду жеткирип, чечендик менен сүйлөмөк турсун, жалпак тилде оюубузду эркин билдире албай калдык. Албетте, көбү көз жумуп коё албайт жана өзгөртүүгө аракет жасайт. Бирок агрессия менен максатка жетүү мүмкүн эмес.
Андан сырткары Алия өзү эмне үчүн кыргыз тилин билбегенин төмөндөгүчө түшүндүрдү:
— Менин тил билбегеним — менин адепсиздигим же кыргыз тилине көңүл кош мамиле кылганымдын кабар бербейт. Болгону биз аралаш үй-бүлөдө өсүп чоңойдук. Апабыз — татар кызы, атабыз — кыргыз. Үйдө, мектепте бардыгы орусча болду. Кыргыз тилине үйрөнүүгө көп саат бөлүнчү эмес. Кийин болсо өзүмдүк акцентимден өзүм уялып сүйлөй албай жүрдүм. Азыр тил курстарына барууга убактым жок, бирок бул көйгөйдү чечүүнүн абдан пайдалуу жолун таптым. Эми менин соц.тармактардагы текстерим 3 тилде: англис, орус, кыргыз чыгат.
«Азыркы учурда мага тексттеримди кыргызчага которуп берип турган адам керек»,- деп жаш эне жана сүрөтчү соц.тармак колдонуучуларына кайрылды.
sakal.kg бул таланттуу жаштар менен баарлашып, Instagram’да кандай бизнес жасаса болот жана «вайнерлер канча табат?
...Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев