8- бөлүм
Ал күнү да, кийинки күнү да Ислам менин билдирүүмө жооп жазбады. Чындап көңүлү карарган экен демек. Мен болсо чалпоолонгон мүнөзүмдү өлгөндө өзүм менен кошо ала кетет окшойм. Бир нерсеге кыйшайсам болду, көгөрүп, көшөрүп тырышып калам. Балалыгымдан ушундаймын, эч өзгөрө албадым. Кудай берген мүнөз оңдолбойт да, өзгөрбөйт да экен. Шабдан экөөбүз деле чарпылыша түшчүбүз. Бирок ал баарын унутуп кайра эле кечирим сурап алдыма келе берчү. А Ислам экөөбүз болсо "эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт" дегендерден болуп жатабыз.
Күркүрөгөн күз да келди. Окуучулар менен студенттер шаарды көркүнө чыгара койгонсуду. Айрыкча ак бантик байланган окуучу кыздар жол боюна өскөн апакай ромашкалардай бажырайышат. Бүгүн жумуштан чыгып чоң көчөдө жөө баскым келди. Мектептин тушуна келгенде китеп баштыктарын четке коюп, чуркап ойноп жүргөн кыздарга карап токтоп калдым. 1-класстар экени көрүнүп турат.
- Апам, апам келди! - ойноп жүргөн кыздардын бири жалт бурулуп чуркап жөнөдү. Көпөлөктөй кызын жерден көтөрүп бетинен өпкөн аял классташым Перизат экен. Бири-бирибизди көрүп кучакташып калдык.
- Кандайсың, Айкыз? Сени да көрөөр күн бар экен,- Перизат мени бекем кучактап көздөрү күлүңдөп турду.
- Мен жакшы. Өзүң кандай? Кызың чоңоюп калган тура.
- Ооба, 1-класска кирди. Убакыт өтө берет экен. 3-курста окуп жүргөндө төрөп, бала менен окууну тең алып кете албай көп эле ыйлаган күндөрүм болду. Кайненеме рахмат, ошол кишинин күчү менен Дариям ушунча кыз болду.
- Азаматсың, акылдуулук кылган экенсиң эрте турмушка чыгып.
- Бирок абдан кыйналгам, Айкыз. Бардык нерсенин оош-кыйышы болот да. А сен качан бизди тойго чакырасың? Эртелетсең боло.
- Эртелетейин десем эч ким жок болуп жатпайбы. Жашың өйдөлөгөндө биринин мурду, биринин сүйлөгөнү, биринин басканы жакпай эле ит болуп бүтөт экенсиң.
- Антпе, сүйүү үйлөнгөндөн кийин деле келет экен. Мен эмне күйүп-сүйүп турмушка чыктым беле. Эми болсо мурду барбайган капкара күйөөм көзүмө Бред Питт көрүнүп калган,- Перизаттын сөзүнө жыргап күлдүк.
- Менин номеримди сактап ал, арада сүйлөшүп туралы.
- Мурунку номериңе кээде эстегенде чалып калам. Тейленбейт дейт. Алмаштырган турбайсыңбы.
- Ооба, Түркияда жүргөндө эле ал номер иштебей калган,- кичинекей кагазга номеримди жазып классташыма карматтым. Кызы экөө жетелешип узап баратышты. Бактылуу эне, бал ширин кыз. Кандай керемет көрүнүш.
Үйгө келсем эшикке кыстарылган бир бүктөм кагаз туруптур. Шашылып ачтым. "Сизди кечки саат 6да " Алтын доор" ресторанында күтөбүз". Бул кат кимге? Ким калтырды? Же чакырылган, же чакырган адамдын аты-жөнү жок. Бирөө-жарым ойноп же тамашалап кыстарып кеткен го. Кагазды алып Анипа эженин эшигине кыстарып койдум да кирип кеттим. Эже окуса сөзсүз мага кирет, анан аны бир тамашага салайын. Саат 6га 15 мүнөт калыптыр. Эшикке кыстарылган катты ойлоп коём. Бул эмнеси... же чыны, же төгүнү билинбеген сыр болуп. Чай ичкенче телевизор тиктеп отургам. Эшиктин коңгуроосу басылды. Анипа эже экен. Колунда кат.
- Ай, Айкыз, бул эмне?- эже чындап таң калып алыптыр.
- Эмне экен, кана бериңизчи. Сизди ресторанга чакырышкан тура,- күлкүмдү араң тыйдым.
- Ээ кокуй, мени ким чакырмак эле? Мүмкүн сени издеген неме адашып менин эшигиме кыстарып кеткендир.
- Эже, бул жерде менин атым жазылбаптыр.
- Анан менин атым жазылган дейсиңби,- Анипа эже кагазды колумдан кайра алып үңүлө карады. Тобоо, ушундай кантип болсун, бирөө эле мени тамашалап жаткан го. 50дөн ашкан чопчоң эле аялды шылдың кылгандарын кара. Акылым айран. Кой, сенин да башыңды ооруттум. Жакшы эс ал,- эже коштошуп үйүнө кирип кетти.
Каап, тамашам бир аз одоно болуп калды окшойт. Эми мен кыстардым дегеним да туура болбойт. Эжени шылдыңдаган болуп калам, андан көрө унчукпай эле калайын. Аңгыча телефонум шыңгырады. Бейтааныш номерден экен.
- Угуп жатам!
- Саламатсызбы, Айкыз сизби?
- Ооба менмин. Мен ким менен сүйлөшүп жатам,- акырын сылык сурадым.
- Сизге саат 6га "Алтын доор" ресторанына чакыруу жөнөткөнбүз. Атайын даярдалган стол сизди күтүп жатат. Сураныч, жарым саатка калбай келип калсаңыз абдан жакшы болмок.
- Силер кимсиңер? Тааныбаган адамды эмнеге тамакка чакырып жатасыңар?
- Ашыкча маалымат бере албайбыз. Биз сизди 2 кабаттагы 12-столдо күтөбүз. Көрүшкөнчө,- сүйлөшүү үзүлдү.
Бул эмне деген табышмак? Мени ким чакырды? Же шылдыңдагысы келген бирөөбү? Чуркап бара калат деп жатышабы мени. Бекер ойлопсуңар, Айкыз анчалык жеңил кыз эмес. Телевизор көрүп отуруп алдым. 5 мүнөт өтпөй телефонго билдирүү келди. Дагы башка номерден. "Айкыз, 7ден кечикпей ресторанга келиңиз". Окуп алып коркуп да баштадым. Эмне эле болуп жатат? Мени алдап чакырып жаткандар болсочу? Ким болсо ошо болсун, эч кайда барбайм. Телефонумду өчүрүп таштадым. Улам шыңгырап кетчүдөй болуп кооптонуп карап коём. Чыдап 2 саат жандырбай койдум. Болду, башка чыдабайм. Апам же агамдар чалып калышса кабатыр болушат. Жандыраарым менен билдирүүлөр келди. Бейтааныш номерден 2 жолу коңгуроо кылышыптыр.
Саат 9дан өтүп эшигим акырын кагылды. Коңгуроо турса эшикти каккан ким? Көзөнөктөн шыкааладым, эч ким көрүнбөйт. Корксом да акырын ачтым. Эшиктин алдында гүл менен мен жактырган шоколад туруптур. Муну ким калтырды экен? 3- кабаттан эңкейип төмөндү карадым. Эч ким көрүнбөдү. Жердеги гүл менен шоколадды же алаарымды же албасымды билбей эки анжы болуп туруп калдым. Ошол учурда 4-кабаттан түшүп келаткан бирөөнүн басканы угулду. Иий, өлдүм, кошуналар көрсө уят эле. Шашылып гүл менен шоколадды алдым да эшикти жаап энтигип туруп калдым. Байкап калыштыбы же жокпу? Кайсы кошунабыз болду экен? Көрүп эле калгандай болду. Же бул белекти таштаган адам өзүбү?
Ошол учурда эшик кайрадан акырын кагылды.
Бутумдун учу менен басып колумдагы гүл менен шоколадды ашканага алып кирип столдун үстүнө койдум. Ошол учурда эшик дагы акырын кагылды. Эми ачышым керек. Ачпасам ууру, коркок болуп калчудаймын. Эшикти ачып маанайы жок, сумсайып турган Исламды көрдүм.
- Кандайсың?
- Жакшы.
- Бош элесиңби? Жарым саат убактыңды бөлсөң жакшы болмок. 2-кабатка түшүп сүйлөшөлү.
- Эмнеге 2-кабатка?- чындап таң калдым.
- Ушул бойдон түшөсүңбү же кийимиңди которосуңбу?- Ислам суроомо суроо менен жооп берди.
- Мен эч нерсе түшүнбөй жатам, Ислам. Ооба, жакындан бери түшүнүксүз эле нерселер болуп жатат. Ээси белгисиз сырдуу букеттер, ресторанга туңгуюк чакыруу, эшиктин алдындагы гүл менен шоколад, алар аз келгенсип 2-кабаттагы сүйлөшүү. Мунун баарын жасаган бир эле адам да, ээ?
- Мүмкүн.
- Эмне үчүн мүмкүн?
- Айкыз, убакыт кетип жатат. Сүйлөшүү 2-кабатта болушу керек,- сөөмөйү менен колундагы саатты көрсөттү.
- Түшүндүрүңүзчү, эмнеге ушул жерде же эшикте эмес 2-кабатта сүйлөшүүбүз керек?
- Башка жерде сүйлөшсөк уруша кетет экенбиз. 2-кабатта урушпайбыз.
- Кудай урсун түшүнсөм. Бул эмне деген тамаша?- чындап ачуум келе баштады.
- Чүшш! Кошуналар көрсө уят. Өзүң ушинтчү элең го. Эми эмне жинденип жатасың?
- Мени жинди кылып бүттүң, Ислам. Чын айтам мээм иштебей калды,- "сен" деп сүйлөп алганыма уяла түштүм.
- Ушинтип тартышып тура беребизби?
- Үйгө кириңиз, 2-кабатта сүйлөшчү сөздү менин үйүмдөн да айтсаңыз болот,- эшикти чоң ачып күтүп калдым.
- Жок, бүгүн 2-кабатта сүйлөшөбүз. Ошол жерден сенин үйүңө кирээрим же кирбесим чечилет.
Айлам кетти. Бул эмне деген адам өзү? Эшикти жаап 2-кабатка түштүк.
- Мына түштүк, кулагым сизде?- бурулуп карап күтүп калдым.
- Бул жерде эмес,үйдө сүйлөшөбүз, - Ислам Жамал эженин эшигин ачты. Кана, кир.
- Сиз эмне кылып жатасыз? Эмнеге эжеңиздин үйүнө кирем?
Биздин шоокумубузду угуп Жамал эле конок бөлмөдөн чыгып келди.
- Келгиле, конокторум!- күлүп келаткан эже мени көрүп чочуп кетти. Айкыз!
- Эже, мен сизге көптөн бери тааныштырам деп айтып жүргөн кыз ушул. Аты Айкыз, сиздин кошунаңыз болот,- Ислам мени далымдан кучактап эжесине тааныштыра кетти. Жамал эже дагы деле эч нерсе түшүнбөй бизди алмак-салмак карайт.
- Бизди киргизесизби же?... Исламдын сөзүнө Жамал эже уяла түштү.
- Мени кудай урсун, эмне турам эсим ооп. Киргиле, кагылайындар, киргиле.
Конок бөлмөдөгү столго коомай отурдум. Уялганымдан бетим чымырап, жер тиктейм. Кир десе кирип алганымды кара. Уят өлүмдөн катуу деп ушундай учурда айтышат да. Аңгыча чайын көтөрүп эже кирди.
- Ай, Ислам, Айкызды жогору өткөрсөң. Эмне экөөң эки жээкке отуруп алгансыңар, кана жанаша отургула.
- Эже, ушундай эле отуралы, - менден бешбетер Ислам ыңгайсызданды.
- Болбойт, тур дегенде тур. Бул жерге мен отурам.
Ислам экөөбүз жанаша отурабыз. Колго түшкөн кылмышкерлерден бетер башыбыз шылкыят. Кудайым ай, бул эмне деген сыноо болду?
- Ислам, кулагым сенде,- Жамал эже өзү сөз баштады.
- Эже, сизге айткан, тааныштырам деп, неме... Ислам эки сөздүн башын кошо албай мукактанып калды.
- Ай, ушул сенчи. Канча убакыттан бери сыр кылып келген сүйлөшкөн кызың Айкыз экенин мурда эле айтпай белең. Өзүм эле жетелеп түшүп башына жоолук салып алмакмын. Азыр деле даяр жоолугум.
- Жок, жок,- безге сайгандай ордумдан секирип турдум. Ислам колумдан кармай калды.
- Токто, Айкыз! Эжеме баарын өзүм айтам. Эже, мен Айкызды көптөн бери жактырып жүрөм, бирок муну ачык айталбадым. Ал ортодо Түркияга кетип арабыз дагы алыстай түштү. Өткөндө айтмакчы болуп атайы жолукканы келдим, бирок мени билесиз да сөзгө чоркокмун. Айтайын деген нерсемди жеткире албай туура эмес сүйлөп алып, Айкыз экөөбүз бир аз таарынышып кеттик. Ошондон бери таарынычын кантип жазам деп кыжаалатмын. Ишине гүл жөнөттүм, бүгүн ресторанга кечки тамакка чакырдым. Бирок Айкыз барбай койду. Бул иш жалгыз колумдан келбей жатат. Мага сиздин жардамыңыз керек, эже. Кокус жок деп койсо эмне кылам билбейм.
- Ислам, демек Айкыз сенин сезимдериңден кабары жок экен да? Ушунча убакыт өзүнө эч нерсе дей албай сыртынан багып жүрөсүңбү?- эже бизден бетер ыңгайсызданды. Айкыз, иним ушундай бир сырдуу жигит. Бирок, абдан камкор, мүнөзү жумшак. Сен да мага жат эмессиң. Ушунча жылдан бери коңшу жашап бир тууганымдай эле болуп калдың. Сендей кыз бизге бүлө болуп келсе төбөбүз көккө жетпей беле. Ойлонуп көр, кагылайын. Исламдын шагын сындырба. Сени шаштырган эч ким жок. Жакшылап ойлон, бардык нерсе сенин гана чечимиңден көз каранды. Менин да сөзүмдү жерге таштаба.
Оозума талкан салып алгансып бир сөз айталбадым. Мелтиреп жер тиктеп отурам. Анан эмне дешим керек... Ооба сизге келин болом дейинби, же Исламды жактырбайм демек белем. Акыркы күндөрү жүрөгүмдөгү Шабданды акырындан сүрүп чыгарып, Ислам ээлик кылып баштагандай.
- Чайдан ич, Айкыз,- Жамал эже акырын сүйлөдү.
- Рахмат, эже. Уруксат берсеңиз мен үйгө бара берейин,- кысынып сүйлөдүм.
- Бир аз отура тур, тамак даяр болуп калды. Мен салып келейин,- бизди сүйлөшүп алсын дедиби эже эшикти жаап чыгып кетти.
- Бул эмне кылганыңыз? Ушул нерсени өзүмө эле айтсаңыз болбой беле? Уят кылдыңыз мени,- ыйлагым келип кетти.
- Бүгүн ресторанга барганыңда айтмакмын. Өзүң барбай койбодуңбу.
- Белгисиз чакырууга сиз бара белеңиз?- Исламдын көзүнө тик карадым.
- Мен сени өзү сезип, түшүнөөр дегем.
- Уфф!
- Үшкүрбө, үшкүрө турган деле нерсе болгон жок.
- Болду, Ислам, мен үчүн болду. Баарынан да Жамал эжеге жетелеп келгениңиз уят болду. Мен дагы сиздин жетегиңизге көнүп кирип алганымды карасаң. Экөөбүз деги качан чоңоёбуз...
- Кечирип кой, сүйүп калсаң ушинтип түшүнүксүз нерселерди жасап жиберет экенсиң. Сени башка бирөөгө алдырып жиберемби деп акыркы күндөрү тынч уктай албай калдым,- Ислам акырын колума колун койду.
- Кызык адамсыз. Түшүнүүгө канча аракет кылсам да түшүнө албай келатам. Негизи менин кыялым да сиздики сыяктуу түшүнүксүз. Өзүмдүкүн туура десем болду, моюнума бычак такаса да көшөрүп тура берем. Анан ушул мүнөзү татаал эки адам кантип үй-бүлө курушат экен?...
- Мен сен үчүн өзгөрөм, Айкыз. А сен өзгөрбө, сенин ушул чалпоо, таарынчаак мүнөзүңдү сүйдүм. Мен үчүн өзгөрбө. Сенден мени бактылуу кылган жоопту күтөм, бирок шаштырбайм. Күтөм, Айкыз, канча десең күтөм.
Жамал эженин үйүнөн түнкү саат 11лерде чыктым. Үйгө келип ары-бери басып, бүгүнкү күтүүсүз болгон окуяларды кайра баштан эстедим. Ресторанга эле бара берсем болмок экен. Эми жолуккан жерден Жамал эженин жүзүнө кантип карайм?
Уйкум качты, оюм онго, санаам санга кетет. Адамдар кызыкпыз, кыялыбызда тоону томкоруп, бүтүндөй шаар да куруп коёбуз. Бирок чындап башыбызга келгенде эмне кылаарыбызды билбей алдастап калабыз. Ошол учурда телефонума билдирүү келди:
"Уктадыңбы? Мен али уктай элекмин. Жүрөгүм бир башкача согуп жатат. Кокус жарылып кетсе өлүп калам го. Сен үчүн жарылса мейли. Ислам".
Таң агарып калганда ойгонуп кеттим. Сырттан чымчыктардын чырылдаганы бир башкача угулат. Туруп барып терезени ачтым. Күз да ортолоп баратат. Дарактын бутагында конгон таранчылар үрпөйүп калышыптыр, түн ичинде үшүшкөн окшойт. Түндөгү болуп өткөн окуяны эстедим. Исламдын кылганына таң калып бүтпөй эле жатам. Эжесине жетелеп түшкөнүн кара, оюнчугун тарттырып жиберип апасынан жардам сураган жаш балага окшоп. Ошол сөзүн өзүмө айтса деле болот эле да. Кээ бир адамдар оңой эле турмуш куруп бактылуу жашап калгандай туюлат. Менин тагдырыма окшоп эле кайдан калсын. Кай тарапка кадам таштасам эле бир нерсеге чалынам, туура жасадым деген нерсем да убакыт өткөндө оркоюп катасы көрүнүп чыга келет. Же өтө эле өзүмчүлмүнбү... ооба өзүмчүл экенмин, болгондо да жеткен өзүмчүлмүн. Канча жолу оңолом дедим, мына оңолдум дейм. Балакеткеби, карасам эле баягыдаймын. Өзүмдүкүн гана туура деп көгөрүп турган болом. Анан ушул кыздын эмнесин жактырып жатат байкуш Ислам...
Жумушка эрте келдим. Кароолчудан башка эч ким жок экен.
- Кызым, эмне мынча эрте келдиң?
- Жасай турган иштерим бар эле, ава. Эл келе элек тынч мезгилде бүтүрүп алайын,- айла жок калп сүйлөдүм кароолчуга.
- Жүр анда, эшикти ачып берейин.
Компьютеримди жандырып коюп тиктеп отурам. Көзүм экранда, оюм болсо чабыттап алыстарда. Бүгүн дагы эмне болуп кетээр экен. Ислам эми агама келип айтсачы. Тфу-тфу, кудай сактасын. Өз оюмдан өзүм коркуп кеттим.
Жумуштан кайтып үйгө жакындап калганда тынчсызданып баштадым. Үйгө аман-эсен кирип кетсем экен, Жамал эже алдыман чыга көрбөсүн, кудайым өзүң жардам бер. Подъездге кирип акырын жогору карадым. Тыптынч. Бутумдун дабышын чыгарбай бат-бат басып жогору көтөрүлдүм. Жеттим 3-кабатка. Эми дагы канчага чейин ушинтип өзүмдөн өзүм коркуп, качып жашайм десең. Үйгө кирип тамак жасадым. Кээде ушинтип казанымды кубантып чочутуп турам. Аба ырайы салкындап кыш жакындаган сайын үйгө келгенде ысык чай коюп, тамак жасай баштадым. Жайында кез-кез эле жеңил бирдеме чыз кылбасам, такай эле сырттан бирдеме көтөрө кирчүмүн. Идиш жууп шкафтарга жайгаштырып жатып Анипа эженин чынысын көрүп калдым. Бир топ күн башта бешбармак жасап мага көтөрүп чыккан эле. Кайтарам деп унутуп калган турбайымбы. Бүгүн тамак салып берип коёюн. Эшигин Анипа эже өзү ачты.
- Кандайсыз, эже? Чыныңызды алып келдим.
- Жөн эле берсең болмок. Дайым ушинтесиң.
- Куурдакты жакшы көрөсүз го. Аракет кылып жасадым.
- Рахмат, кагылайын. Кудайым багыңды ачсын, - эже ыраазы боло алкады.
Менин бактымды ата-энем эле эмес, жат кишилер деле тилейт тура. Мурда маани берчү эмес окшойм, бирок жакындан бери ушул сөздү көп угуп жүрөм. Батасы кабыл болсун деп ичимден дуба кылдым.
2 күндөн бери Исламдан кабар жок. Өзүм коңгуроо кылсамбы деп колума телефонду алам да, жок өзү кылсын дейм, кайра эле баягы менмин. Оңолом деп оңоло албаган Айкызмын. Акыры чымырканып телефондон Исламдын номерин тердим. Чакыруу узакка кетти. Бирок жооп болбоду. Ичимден таарындым. Бул эмне деген адам?Эжесинин үйүнө жетелеп түшкөн да өзү, эми минтип 2 күндөн бери кабарсыз жоголуп, телефонду көтөрбөгөн да өзү. Же менден өч алып жатабы? Жок, жок, Ислам андай кылбайт...
Эрте менен денем талыкшып араң турдум. Табитим да жок, кофе да ичпедим. Бир аз суу жутуп, оозума 1 конфетти салдым да жумушка жөнөдүм. Подъездден чыкканда машинасы менен мени күтүп турган Исламды көрүп чочуганымдан оозумдагы конфетти байкабай жутуп алдым. Тамагым кырылып, көзүмөн жаш чыга түштү.
- Кутман таң!- күлүп астыман тосту.
- Сизге да кутман таң!
- Кайда жөнөдүк ошондо?
- Жумушка.
- Кана отур,- арткы эшикти ачты. Машина ордунан козголгондо сырттагы бирөөгө кол булгап баш ийкеди. 2-кабаттан Жамал эже бизди карап турган экен.
- Ий, Жамал эже көрүп калды, уят эле.
- Эмнеси уят, сен эжемдин үйүнө чейин кирип чыктың го,- Ислам күлкүсү келип сүйлөдү.
- Мен өзүм кирген жокмун. Иниси алдап алып кирди.
- Ай-аай, жаман экен ээ иниси,- Исламдын сөзүнө аргасыз күлдүм.
- Айкыз, кечинде бир жерден тамактаналы. Бүгүн шылтоо издебе. Болбосо мени билесиң дагы бирөөнүкүнө жетелеп кирем. Бул жолу сенин агаңдын өзүнөн жардам сурайм.
- Макул, тамактаналы,- шашып жооп бердим. Өткөнкү менин оюм туура чыкты. Кокус агамдын алдына барып Айкызды жакшы көрөм деп айтса өлбөгөн 4 шыйрагым калбайбы.
- Сүйлөштүк, сени 6да жумушуңдун алдынан күтөм.
- Бул жерде болбойт. Аялдамада болом.
- Макул. Көрүшкөнчө.
Заматта Исламдын машинасы шаардагы кыйма-чийме агымга сиңип көрүнбөй калды. Акырын жумушка кирдим. Агам келе элек экен. Үстүмдөгү пальтомду чечип, чайнекке суу койдум. Кофе ичип алып ишимди баштайын.
Жумуштан 5 мүнөт эрте чыктым. 6да аялдамага Ислам келет. Кечиксем жумушка издеп кирип келбесин. Ишкананын темир дарбазасынан чыгып баратып агам менен сүйлөшүп турган Исламды көрдүм. Буттарым тушалып калды. Бул эмне бул жерге келди?
- Айкыз, бери кел,- агам чакырды. Бул биздин өнөктөш Ислам Маманович.
- Биз таанышпыз, Самар Султанович, келишимди орун басарыңыз жана Айкыз менен түзгөнбүз. Эсиңиздеби сиз иш сапарында болуп калгансыз,- Ислам токтоо сүйлөдү.
- Эстедим, ооба баса ошондой болбоду беле. Айкыз, бир аз күтө тур. Өзүм үйүңө жеткирем. Биз сүйлөшүп бүтүп калдык,- агам Исламга бурулуп карады. Макул, Ислам Маманович, дагы көрүшөбүз.
- Айкыз, кайсы тарапка барасың, мен таштай өтөйүн,- Ислам шашылып кетти.
- Жок, убара болбоңуз, өзүм жеткирем карындашымы.
- Эмненин убарасы, Самар Султанович, багытыбыз бир болсо мен деле ала кетейин. Анын эмнеси бар экен.
- Мейли анда, карындашым сизге аманат,- агам кыйылып туруп макул болду.
Машина ордунан козголду. Агам кирип кетпей бизди узатып карап калды.
- Эмнеге жумуштун алдына келдиңиз? Аялдамада жолугабыз дебедик беле?
- Кабатыр болбо, Айкыз. Самар Султановичке жумуштар менен келдим.
- Эмне жумуш? Ага мен тууралуу бирдеме дедиңизби?
- Жок азырынча дей элекмин. Эми сен анчалыкка жеткирбейсиң деп ойлойм. Башка сөзүбүз уланбады.
Шаарды аралап машина зымырап баратты. Күн кыскарып калганга бат эле караңгы түшүп, шаардагы жарыктар түнкү жылдыздардай жымыңдашат. Көчөдө эл көп. Баары мага окшоп жумуштан кайткандар. Айрыкча кыштын күнү үйгө жетүү кыйын. Быйыл жаз чыкса агам машина алып берейин деп жүрөт. Өзүмдүн унаам болсо кандай жакшы. Ар күнү акыйып жолдо автобус күтпөй "зуу" деп үйгө жетип алам. Ошол күндөрдү элестетип азыр эле өзүмчө бактылуу боло берем.
- Айкыз, маанайың жакшы го,- Исламдын сөзүнө уялып кеттим. Машинама түшүп алып сүйүнүп келатат деп ойлоп жатабы...
- Ооба, маанайым абдан жакшы. Жумушта көптөн бери бүтпөй жаткан ишимди бүгүн так бүтүрдүм.
- Аа, ошол элеби?
- Ал эмне дегениңиз? Андан башка деле кубана турган нерселерим бар. Буйруса жаз чыкса агам машина алып берет. Ошону да ойлоп кубанып келатам.
- Айкыз, чоңойчу кагылайын, кичине чоңойчу. Мен эмнени ойлоп баратам, а сен эмнени сүйлөп жатасың.
Исламдын сөзүнө таарына түштүм. Бул эмне мени урушуп жатат. Жаман эч нерсе айткан жокмун го. Эмнени ойлоп баратканын өзү билет да.
Ресторанда эл көп экен. 2-кабатына көтөрүлдүк. Өзү табиятымдан ызы-чууну көп жактырбайм. Азыр да көпчүлүк бар жерде өзүмдү ыңгайсыз сезип отурдум.
- Айкыз, кандай тамак жейли, - Ислам аш түзүмүнөн башын көтөрбөй менден сурады.
- Мен салат эле жейм.
- Болчу беле, анда сен үчүн да мен тандайм. Көрөлүчү экөөбүздүн табитибиз шайкеш келээр бекен.
- Көрөлү,- башымды ийкедим.
Тамак үстүндө көп ачылып сүйлөшө албадык. Экөөбүз тең сөзгө чоркок экенбиз. Сүйлөп баратып эле сөзүбүз үзүлүп отуруп калабыз. Жүдөп кеттик чынында.
- Ислам, чыгалыбы?
- Чыкса чыгалы, - өзү да араң отурган окшойт кубанып кетти. Калган сөздү жолдон сүйлөшөлү, ээ.
Машинаны жол жээгине токтотуп, бир аз жөө бастык. Бут алдыбызда саргайып түшкөн жалбырактар. Өмүр чиркин көз илээшпей өтүп жатат. Көз ачып жумганча кыш келет, анан кайра жаз. Биздин жашообуз да ошол 4 мезгилге окшоп айланкөчөк болуп өтүп жатат.
- Бул менин жыйырма жетинчи күзүм,- эңкейип жерден жалбыракты алдым.
- А менин болсо отуз бешинчи күзүм.
- Отуз бешинчи?- көзүм тостоё түштү.
- Эмне мынча чочудуң?- Ислам күлүмсүрөп токтой калды. Карып калыптырмынбы?
- Антип ойлогон жокмун. Мен сизди ашып кетсе 30 жашта го деп жүргөм,- чынында ушунча мезгилден бери бири-бирибиздин жашыбызды сурабаптырбыз.
- Тамаша, Айкыз. 32демин.
Бир топ жерге жөө басып барып кайра кайттык. Унчукпай басып келатабыз. Бир убакта жерден топ жалбыракты алып жогору чачтым. Самандай сапырылган жалбырактар каалгып жерге түшө баштады.
- Дагы деле бала бойдонсуң, Айкыз,- Ислам чачына токтоп калган жалбыракты түшүрүп жатып сүйлөндү.
- Аздык кылдыбы, мына анда,- кайра жалбыракты топтоп Исламды көздөй чачтым да чуркап жөнөдүм. Ислам артымдан жете келди. Энтигип калыптыр.
- Тентек десе, эл көрсө эмне дейт.
- Караңгыда ким көрмөк эле. Үйгө кайталы, Ислам. Мен үшүп кеттим.
Машинаны көздөй жөнөдүк. Билинбегени менен бир топ алыска басып кетип калган экенбиз.
- Айкыз, мен көптөн бери ооруп жүрөм,- Ислам акырын сүйлөдү.
- Эмне дедиңиз жакшы укпай калдым? Ооруп жүрөм дейсизби?
- Ооба, ооруп жатам, Айкыз. Бул оорума дары табылабы же жокпу билбейм. Табылбаса өлүп калам го...
- Кандайча ооруйсуз? Жакшынакай эле жүрөсүз го. Эмне буга чейин айтпадыңыз?
- Бул ооруга жолукканыма көп болду. Дарысы бар экен, бирок өтө кымбат дешти.
- Кымбаттыгы курусун. Ден соолуктан да дары кымбат болчу беле,- чый-пыйым чыгып кетти. Жамал эже билеби ооруңуз тууралуу?
- Билет. Айттым.
- Анан?
- Ошо, эжем байкуш деле колунан келишинче аракет кылып жүрөт.
- Эмне каражат жетпей жатабы?- тамагыма томуктай бирдеме келип тыгылып калды.
- Айкыз, сен эмне ыйлап жатасыңбы? Айкыз, мен жөн эле... кулагым чуулдап эч нерсе укпай калдым. Ислам бекем кучактай калды.
- Сен менин эмне оору менен ооруп жатканымды сурабайсыңбы биринчи. Мен сүйүү деген оору менен ооруп жүрөм. Ал оорумдун дарысы сенсиң. Суранам жок дебе, мен сени сөзсүз бактылуу кылам. Алдыма тизелеп отура калды.
- Туруңуз, ары-бери өткөндөр көрсө эмне дейт. Туруңуз дейм.
- Сенин макулмун деген сөзүңдү укмайынча турбайм. Таң атса да, эл көрсө да, суукка тоңсом да мейли.
- Ислам, бул эмне кылганыңыз? Турбасаңыз мен да жаныңызда отуруп аламын. Таң атса да, эл көрсө да, суукка тоңсом да мейли. Тиктеше түшүп күлүп жибердик.
- Айкыз, мындан ары менин Айкызым болчу. Көрөсүң экөөбүз бактылуу болобуз. Сенин бир тамчы көз жашыңды да агызбайм. Болгону сен жок дей көрбө, суранам менин сунушумду четке какпа. Кечигип таптым сени, эми эч жакка коё бербейм. Өмүр бою издеп жүргөн адамым сен экениңди биринчи көргөндө эле сезгем. Мен сени бактылуу кылам, сөзсүз бактылуу кылам.
- Ислам, мен ойлоноюн.
Ислам турган жеринде тегеренип кетти.
- Биз ойлонуп отурчу курактагы адамдар эмеспиз, Айкыз. Сен 27ге, мен 32ге чыктык. Бул курагыбызда ойлоно турган дагы эмнебиз калды? Же мен эмне сенин сүйүүңө татыксыз адаммынбы? Ачыгын айта бер жүрөгүм жарылып кетмек беле,- Ислам кармана албай кетти.
- Жүрөгүмдө эч ким жок. Болсо алда качан айтмакмын.
- Анан эмне сени кетенчиктетип жатат? Айкыз, азыр жообуңду бер. Үмүткөр болуп жүргөндөн чарчап кеттим, башка күтө албайм. Сүйсөң сүйөм де, сүйбөсөң аныңды ачык айт,- каруумдан кош колдоп кармап жүзүмө карады. Көзүмдөн аккан жашым бетимден ылдый кулап кетти. Бул эмненин көз жашы? Мүмкүн кечигип келген, күттүрүп келген бакыттын көз жашыдыр...
- Айкыз, кечир мени. Катуу сүйлөп койдум окшойт. Мага таарындыңбы?
-Эч нерсе эмес,- акырын башымды чайкадым.
- Эмнеге ыйлап жатасың? Бирдеме дечи.
- Ислам, мен... Ислам жообумду күтүп калды. Мен...
- Айкыз, угуп жатам сени.
Ичимден канча ирет сени сүйөм десем да, Исламга угуза айталбай койдум. Болгону көзүмдүн жашы токтобой куюлат.
- Кана, оюңду окуюнчу, сулуу кыз,- Ислам жүзүмө тигиле карап турду. Болгону башыңды гана ийкеп кой.
Араң ийкедим башымды. Ислам жерден так көтөрүп айландырды.
- Рахмат, жаным. Өмүрүм өткүчө сүйөм сени. Сен менин бакытымсың, көпкө күттүргөн бакытымсың! Жүрү, кеттик.
Бул жолу чарчаган жокпуз, тамагыбыз да ачышпады.
Биз бакытка карай кол кармашып чуркап бараттык...
Аягы
Реакция жасап, ой пикир калтырып окуган окурмандарга терең ыраазычылык 🙏🏻🙏🏻🙏🏻🌹🌹🌹
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 88