🌱🌙 Бүгүнкү ибадат 📥«Кадыр Түн» сүрөсү жана анын мааниси
🌱 «Кадыр Түн» сүрөсү жана анын мааниси
🍃 аль-Кадр («Кадыр Түн») суросу, кыргызча жазылышы жана мааниси (тафсири)
🌙Бисмилляяхи-ррохмаани-ррохиим
1. Иннаа аңзальнаа-hу фии лейлети-ль-кодр
2. Ва маа адроока маа лейлету-ль-кодр
3. Лейлету-ль-кодри хойруммм-мин альфи шаhр
4. Таназзалу-ль-малаааа’икату ва-ррууху фииhаа би-изни роббиhиммм-миң кулли амр
5. Салаамун hия хатаа матлаъи-ль-фажр.
 Боорукер жана Ырайым кылуучу Аллахтын ысымы менен!
1. Чындыгында, Биз аны (Куранды) Кадыр Түнүндө түшүрдүк.
2. Кадыр түн эмне экенин сен кайдан билмек элең?!
3. Кадыр түн – миң айдан жакшыраак.
4. Бул түнү периштелер жана Рух (Жебрейил) Раббисинин уруксаты боюнча, ар түрдүү иштер менен (жер бетине ) түшүшөт.
5. Тынчтык менен ал таңга чейин (созулат)!
 Аль-Кадр (Кадыр Түн) сүрөсүнүн кыска түшүндүрмөсү (тафсири).
 «Биз аны – Куранды – Кадыр Түнүндө түшүрдүк»
Кадыр Түнү бул Рамазан айынын бир түнү. Адамдарга Туура Жол көрсөтүүчү – Куран – ушул түнү түшө баштаган. Эң алгач аяттар (Аляк: 1-5) Кадыр Түнү түшкөн. Себеби Аллахтын Кураны жер бетине бир китеп болуп түшкөн эмес. Жок. Бирок 23 жыл бою, адамдардын кажетине жараша – бөлүк бөлүк – болуп түшүп турган.
 «Кадыр Түн» деген сөздүн мааниси:
“Кадыр” деген сөз урматтуу, кадырлуу дегенди билдирет. Чындыгында эле бул – улуу жана шарапаттуу түн. Ошондой эле Кадыр – бул тагдыр дегенди да билдирет. Себеби бул түнү бир жылдык тагдыр чечилет: ким төрөлөт, ким өлөт, ким кандай ырыскыга жетет ж.б. Аллах Таала айткандай: “Биз аны (Куранды) берекелүү (Кадыр) түнү түшүрдүк, жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз. Ал түндө ар бир өкүм кылынган иштер белгиленет” (44:3-4)
🌱 «Кадыр түн миң айдан жакшыраак»
Ал түнү жасалган ибадаттын сообу жана беркеси – башка 1000 айда жасалган сооптон жакшыраак. Хадисте келет: “Ким ыйман жана сооп үмүт этүү менен Кадыр Түнүн намаз менен өткөрсө – буга чейинки бардык күнөөлөрү кечирилет”
🍃 «Периштелер түшүшөт»
Себеби периштелер – асман жашоочулары. Алар бул түнү Жерге улам түшүп-түшүп отурушуп, жер бетин толтуруп салышат. Периштелер түшкөнү – Аллахтын мээриминин, жакшылыгынын, берекесинин белгиси. Ошондуктан периштелер жаман, ыплас, Аллахтын рахматынан алыс жерлерге кире алышпайт. М: сүрөт бар үйлөргө.
🍃 «Таңга чейин»
Бул түн – шамдан (күн баткандан) баштап, таң аткыча (багымдат башталгыча) болот.
🌙Кадыр Түнү качан болот?
Кадыр Түнү Рамазан айынын акыркы он түнүнүн бирөөсү. Так датасы жок.
📥Он түндүн кайсынысы?
Аллаху аълам. Хадисте “Акыркы он түнүнөн издегиле” деп, жана “Акыркы он түнүнүн так түндөрүнөн издегиле…” деп келет. Алардын ичинен 27-түнү болуп калышы мүмкүн деген чоң ыктымал бар. Бирок, Кадыр Түндүн алдын ала белгилүү бир так числосу жок. М: бул жылы жыйырма жетинчи түн болушу мүмкүн, кийинки жылы жыйырма биринчи, андан кийинки жылы дагы башка түнү ж.б.
🌙Кадыр Түнүнүн датасы алдын ала так белгилүү эмес болгонунда эки чоң сыр бар:
1) Чынчыл менен жалкоону айырмалоо. Бул түндүн сообуна чын ыкласы менен умтулган адам он түндүн бардыгын ибадат менен өткөзөт. Ал эми жалкоо адам – бир түн үчүн – бардык он түн туруп отурбайт.
2) Көп ибадат жасоо. Себеби мусулман канча көп амал жасаса – сообу ошончо көп болот.
🍃Ушул жерден эскерте кетчү бир нерсе!
Кадыр Түнүн тособуз деп көп адамдар 27-Рамазанда мечиттерге толуп алышат. Бирок башка түндөрдү бейкапарчылык менен өткөзүшөт. Кадыр Түн алдын ала 27-числодо деп белгилеп, ошол эле түндү тосуу, башка түндөрдү тоспоо – жакшы эмес. Акыркы он түндүн бирөөсү делгендиктен – адам бардык он түндү ибадат кылуусу лазым. Адамдар кылып жатат деп эле кыла берүү болбойт. Ибадат илимге, далилге негизделүүсү шарт: Аллахтын Китебине, Анын Элчисинин (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) сүннөттүнө же төрт улуу сахабанын кылган иштерине негизделиши керек.
🌙🌙 Кадыр Түн тууралуу хадис
Абу Хурайра риваят кылат Аллахтын Элчиси (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты дейт:
«Ким Кадыр Түнүн ыйман жана үмүт этүү менен намаз окуп өткөрсө – буга чейинки бардык күнөөлөрү кечирилет» (Бухари, Муслим).
“Ыйман” – Аллахка ыйман келтирип, ушул түнү Аллахтын берем деген соопторуна ишенип; “үмүт этүү” – соопту үмүт этүү, ушул түнү кылынган ибадатка сыйлык күтүү; “бардык күнөөлөрү кечирилет” – сөз кичине күнөөлөр тууралуу болуп жатат, себеби чоң күнөөлөр тооба менен, тообанын шарттарын толук аткаруу менен гана кечирилет.
Бул түндү билген же билбей калган адамга – ал түндө ибадат кылган болсо – хадисте айтылган сооп жазыла берет. Себеби Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) бул соопту алыш үчүн Кадыр Түнүн так датасын билишти шарт кылган жок.
🌙🌙Ислам Жолу🌙🌙
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев